Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:03

БШК: Ленин округундагы кайра шайлоого 26 адам арыз берди


БШК.
БШК.

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) 9-августтагы маалыматына ылайык, Бишкектеги бир мандаттуу Ленин округундагы кайра шайлоого катышууга 26 адам арыз берди.

Боршайком өткөн аптанын аягынан тартып тиешелүү документтеринин баарын тапшырып, күрөөгө 100 миң сом төлөгөндөрдү каттай баштаган.

Буга чейин беш адамдын арызы катталган, алардын арасында мурунку шайлоого да катышкан Эртай Искаков дагы бар. Ал июлдун башында Бишкектеги таза сууга байланыштуу акцияда кармалып, сентябрга чейин камакка алынган. Шайлоо өнөктүгү маалында анын бөгөт чарасы өзгөрөр-өзгөрбөсү азырынча белгисиз.

Кайра шайлоого арыздарды кабыл алуу 10-августта, ал эми талапкерлерди каттоо 20-августта аяктайт.

Боршайкомдун жумушчу тобу 2-августта ушул округдан депутат болгон, мандатын мөөнөтүнөн мурда тапшырган Жаныбек Абировдун кайра шайлоого катышуу арызын четке каккан.

Анда Абиров мандатын тапшырганы үчүн шайлоо өнөктүгү башталганын, ал башкалардын шайлануусу үчүн орун бошотуп бергени үчүн кайра шайлоого катышпашы керектиги айтылган.

Абиров быйыл март айында өзү катышкан мушташтан улам мандатын тапшырган.

БШК Ленин округунда кайра шайлоону 10-сентябрга белгилеген. Бул кайра шайлоо болуп жаткандыктан, талапкерлерди көрсөтүү, каттоо жана үгүт өнөктүгүнүн мөөнөтү кыскарганын айткан.

Боршайком 28-майдагы шайлоонун жыйынтыгын 16-июнда жараксыз деп тапкан. Буга мыйзам бузууларга байланыштуу шайлоодо 35,86% добуш менен биринчи орунду алган Дамира Ниязалиеванын жана экинчи болуп келген Улан Сариевдин каттоосу жокко чыгарылганы негиз болгон.

Эки талапкерге тең “шайлоочулардын добушун сатып алган” деген доомат айтылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG