Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:54

Собянин Москва тарапка учурулган эки дрон жок кылынганын билдирди


Өткөн аптада  “Москва-сити” бизнес борборуна эки күн катары менен дрондон чабуул жасалганы маалымдалган.
Өткөн аптада  “Москва-сити” бизнес борборуна эки күн катары менен дрондон чабуул жасалганы маалымдалган.

Москванын мэри Сергей Собянин шаарды көздөй келаткан эки дрон абадан коргонуу каражаттары аркылуу атып түшүрүлгөнүн билдирди. Ал бул тууралуу Телеграм-каналына жазды.

“Шаарды көздөй эки согуштук дронду учуруу аракети болду. Экөө тең атып түшүрүлдү. Бирөө Домодедово, экинчиси Минск шоссеси тарапта жок кылынды”, - деп билдирди Собянин.

Анын сөзүнө караганда, жараат алгандар, жабыркагандар болгон жок. Жеринде чукул кызматтар иштеп жатат.

Өткөн аптада шаардагы “Москва-сити” бизнес борборуна эки күн катары менен дрондон чабуул жасалганы маалымдалган. Анда имараттын терезелери, эки мунарасы жабыркаганы айтылган. Бийлик өкүлдөрү чабуулда бир киши жараат алганын билдирген.

Украинанын жетекчилиги бул чабуулдарга комментарий берген эмес. Киев Орусиянын ичиндеги чабуулдарга жоопкерчиликти албастыгын айткан.

Орусиянын бийлиги баш калаа буга чейин да дрон чабуулуна кабылганын маалымдап турган. Мисалы, май, июнь айларында жана июль айларынын башында да ушундай окуялар катталган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG