Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:46

Кыргызстанда тоютту сыртка сатууга убактылуу чектөө киргизилет


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Айыл чарба министрлиги Министрлер кабинетинин "Айрым айыл чарба товарларын сыртка ташууга убактылуу тыюу салуу тууралуу" токтомунун долбоорун даярдады.

Документте азык-түлүк коопсуздугун эске алуу менен 2023-жылдын аягына чейин тоютту экспорттоого чектөө киргизүү каралган.

"Кар аз жаап, жаздын кеч келиши жана күн өтө ысык болуп, жаан-чачындын аз жаашы айрым жерлерде жазгы талаа иштерин үзгүлтүккө учуратты. Бул жагдай тоют өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгүнүн төмөндөшүнө таасир этти. Аймактардан алынган ыкчам маалыматтарды талдоого алганда, быйыл былтыркыга салыштырмалуу тоют аз болору аныкталды. Мындай абал кышкыга жем-чөп камдоого терс таасирин тийгизет. Айыл-чарба өнүмдөрүнүн айрым түрлөрүн экспорттоого тыюу салуу ички азык-түлүк базарындагы абалды кайсы бир деңгээлде турукташтырат", - деп жазылган маалыматта.

Өткөн айда өкмөттүн жыйында айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков быйыл дагы тоют экспортуна убактылуу чектөө киргизилерин билдирген. Ошол эле маалда Кыргызстанга импорттолгон тоюттун бардык түрүнө жеңилдик берилерин айткан.

Жыйында быйыл жем-чөп быйыл былтыркыга салыштырмалуу 30% аз камдалары тууралуу божомол айтылган.

Айыл чарба продукциясынын айрым түрлөрүн сыртка алып чыгууга убактылуу чектөө чараларын өкмөт 2020-жылдан тартып киргизип келет. Чектөө тизмесинде чөп, саман, аралаш тоют, кебек жана дан тоют бар.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG