Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:49

Покровскиде Орусиянын соккусунан мүрт кеткендердин саны тогузга жетти


Украинанын Куралдуу күчтөрү бул соккуда бир ракета шаардын борборундагы беш кабаттуу үйгө тийгенин билдирген.
Украинанын Куралдуу күчтөрү бул соккуда бир ракета шаардын борборундагы беш кабаттуу үйгө тийгенин билдирген.

Орусиянын армиясынын 7-августтагы Донецк облусуна караштуу Покровск шаарын ракета менен аткылаганда мүрт кеткендердин саны тогузга жетти. Дагы 80ден ашуун адам жараат алды.

Бул тууралуу украин президенти Владимир Зеленский 8-августтагы кечки кайрылуусунда билдирди.

“Тогуз адам курман болду. Мен алардын жакындарына жана туугандарына көңүл айтам. Дагы 82 киши жарадар болду. Арасында эки бала бар жана бирөө оор абалда. Анын аты Никита, ал 11 гана жашта эле”, - деди Зеленский.

Украинанын Куралдуу күчтөрү бул соккуда бир ракета шаардын борборундагы беш кабаттуу үйгө тийгенин билдирген.

Дүйшөмбүгө караган түнү орус армиясы Херсонго бир нече жолу чабуул жасады. Анда дагы ракета көп кабаттуу үйгө тийип, бир киши мүрт кетип, дагы бир нечеси жараат алган.

Харьковдогу Купянск району дагы аткылоого кабылган. Анда бомба түшүп, эки адам өлүп, дагы төрт киши жараат алган.

Украина тараптын билдиришинче, бул аймакта "кош сокку" тактикасы колдонулган. Анда жарылуу болгон жерге куткаруучулар келгенде экинчи сокку урулган. Натыйжада эки куткаруучу менен бир полиция кызматкери жараат алып, жер тамдар жабыркап, өрт тутанган.

Орусия Украинанын аймагына күн сайын чабуул жасап жатат. Москва жарандык объектилерге жана турак жайларга сокку урганы тууралуу маалыматтарды четке кагып келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG