Чукул кабар: тоо этектериндеги аймактарда сел жүрүшү мүмкүн

Өткөн айда Алай районунун Белеков айыл өкмөтүндө селдин айынан өзгөчө кырдаал жарыяланган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайыга байланыштуу чукул кабар таратты.

Анда 20-22-июль күндөрү нөшөрлөп жааган жаандан улам тоолуу жана тоо этектериндеги аймактарда сел жүрүшү мүмкүн экенин эскертти.

Өткөн айда нөшөрлөп жааган жаандан улам Баткен районунун Суу-Башы жана Кыштут айыл өкмөттөрүнүн аймагын сел каптаган жана өзгөчө кырдаал жарыяланган.

Көп өтпөй Жалал-Абаддын Тогуз-Торо районунда дарыядагы суунун деңгээли жогорулап, коркунуч жаралганынан улам өзгөчө кырдаал киргизилген.

Андан кийин сел каптаган Алай районунун Белекбаев айыл өкмөтүндө өзгөчө кырдаал жарыяланган.

Дагы караңыз

Түркстан: секелектин өлүмүнөн улам райондук соттун төрагасы иштен кетти Ош: "Эмаком" үйдү түрттүрүү тууралуу шаардык соттун чечимине даттанды Түндүк-түштүк кошумча жолунун 159-183-чакырымы курулуп бүттү Акылбек Жапаров коңшу өлкөнүн чек аралаш аймак башчылары менен жолукту Өзбекстанда соңку үч жылда абакка кесилген адамдардын саны үч эсе өстү