Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:37

Өзбекстанда соңку үч жылда абакка кесилген адамдардын саны үч эсе өстү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Өзбекстанда 2019-2022-жылдар аралыгында эркинен ажыратылып, түрмөгө кесилген адамдардын саны үч эсе көбөйдү. Бул маалымат Жогорку Сот жарыялаган баяндамада айтылды.

Документке ылайык, 2019-жылы 6955 адам абакка кесилсе, 2022-жылы 17 610 киши соттолгон. Бул жылдар аралыгында 11 адам өмүрүнүн акырына чейин эркинен ажыратылган.

Ошондой эле соңку төрт жылда атайлап адам өлтүрүү жана зордуктоо өңдүү оор кылмыштардын саны көбөйдү.

Өзбекстандын курамындагы Каракалпакстан Автономиялуу Республикасында 2019-жылы жаман атагы чыккан "Жаслык" түрмөсү жабылган. Шарты катаал бул абак 1999-жылы Советтер Союзунун тушунда химиялык курал сыналган жайдын ордуна ачылган болчу. Анда негизинен диний экстремизм боюнча соттолгон адамдар кармалып келген.

Түрмө ириде аёосуз кыйноого, адам өлүмү менен аяктаган кейиштүү окуяларга байланыштуу атагы чыгып, эл арасында "барса келбес" деген атка да конгон.

Бир катар эл аралык укук коргоо уюмдары наалатка калган "Жаслыктын" жабылышын кубаттады.

XS
SM
MD
LG