Ырыс Жекшеналиев президент Садыр Жапаровго кайрылды

Ырыс Жекшеналиев.

Фейсбуктагы “Полит Узник” баракчасынын администратору, “бийликти басып алууга, жапырт башаламандык кылууга үндөгөн” деп шек саналып жаткан Ырыс Жекшеналиев президент Садыр Жапаровго кайрылды.

Активист өлкө башчыга жазган ачык кайрылуусунда студент экенин, буга чейин энергетика багытын бүтүрүп, ушул тапта юриспруденция адистигин окуп жатканын, соттон акталып чыгып, окуусун улантуу ниети бар экенин белгиледи.

“Камакта отуруп жакындарыма “Кайрылуу кылбагыла, митинг, ар кандай азгырык болгон акцияларга чыкпагыла, колдонуп кетет”, - деп санаа тартып жазып жаттым. Алар аткарышты, жан дүйнөсү өрттөнүп турса да көчөгө чыгышкан жок. Бул менин бийликти басып алууга максатым жок экендигине далил”, - деп айтылат кайрылууда.

20 жаштагы Ырыс Жекшеналиев былтыр августта кармалган. Буга ал Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин Жетим-Тоо тууралуу айткандары тартылган эски видеону “Полит Узник” баракчасына чыгарганы негиз болгон. Бишкектеги тергөө абагында эки ай отурган активистти Бишкек шаардык соту былтыр 26-октябрда үй камагына чыгарган.

Активистке Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин (“Калайман башаламандык”) 3-бөлүмү (“Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар”) менен кылмыш иши козголгон.

Буга байланыштуу Жекшеналиев Юридика академиясынан чыгарылган. Кийин окуусун кайра улантууга мүмкүнчүлүк алган. Ал коюлган айыптарды четке кагып келет.

3-апрелде Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Ырыс Жекшеналиевдин ишин кароо уланып, прокурор активистти күнөөлүү деп таап, алты жылга эркинен ажыратууну сураган. Кийинки жараян 11-апрелде болот. (BTo)

Дагы караңыз

Ингушетияда кайрадан ок атышуу болдуПарламент Бишкектин мэрин түз шайлоо боюнча мыйзам долбоорун четке какты“Түндүк электр” ишканасынын мурдагы директору кармалдыТокмок шаардык кеңешинин депутаты Чокеев үй камагына чыктыИран менен Сауд Арабиянын тышкы иштер министрлери Кытайда жолуктуФранция өкмөтү Кыргызстанга Pfizer вакцинасын бердиПарламентте кыздарга жасалган зомбулук боюнча маселе көтөрүлдү