Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:33

Ингушетияда кайрадан ок атышуу болду


Аткылоого кабылган жол кайгуул кызматынын посту. 27-март, 2023-жыл.
Аткылоого кабылган жол кайгуул кызматынын посту. 27-март, 2023-жыл.

Ингушетияда буга чейин контртеррористтик режим жарыяланган райондо атышуу болуп, бир нече киши окко учту. Жарадарлар да бар.

"Азаттыктын" орус кызматы акыркы бир жумада бул өңдүү окуя үчүнчү жолу болуп жатканын жазды.

ТАСС агенттиги Коопсуздук кызматына (ФСБ) шилтеме берип жазгандай, белгисиз адамдар Зязиков-Юрт деген айылдагы имараттардын бирине жашырынып, тосмолонуп алган. Колго түшүрүү аракети көрүлгөндө тартип коргоочуларга ок чыгарган.

"Интерфакс" өз булактарына таянып, полиция 27-мартта жол кайгуул кызматынын постун , кийин Малгобек деген жерде тартип коргоочуларды аткылоого тиешеси бар адамдарды кармай турган болгондо атышуу тутанганын кабарлады.

Mash Телеграм-каналы атышууда эки полиция кызматкери мерт кеткенин, алтоо жарадар болгонун жазды. Дагы бир булактардын айтымында, каза тапкандардын саны үч кишиге жетти. Расмий билдирүүдө канча киши набыт болгону айтылган жок.

XS
SM
MD
LG