Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:20

Франция өкмөтү Кыргызстанга Pfizer вакцинасын берди


Франция өкмөтү берген вакциналар.
Франция өкмөтү берген вакциналар.

6-апрелде Франция өкмөтү Кыргызстанга COVID-19га каршы 20 миң 160 доза Pfizer вакцинасын берди.

Бул тууралуу Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги билдирди. Вакцина эл аралык COVAX тутумунун алкагында буга чейин эмделгендер үчүн бустердик доза катары берилди.

Министрлик Pfizer вакцинасын сактоо үчүн ЮНИСЕФтин жардамы менен керектүү жабдыктар сатып алынып, орнотулганын билдирди. ЮНИСЕФ мындан тышкары вакциналар келгенге чейин Республикалык иммунопрофилактика борборунун 40 кызматкерин Pfizer Comirnaty вакцинасын колдонууну үйрөтүүгө колдоо көрсөткөн. Алар вакцинанын жаңы түрүн сактоо, иштетүү жана башкаруу боюнча тажрыйба алышкан.

“Франция 115 миң 200 доза Moderna вакцинасын бергенден 16 айдан кийин кайра 20 миң 160 доза вакцинаны берүү аркылуу Кыргызстан менен чыныгы достукту жана тилектештикти көрсөтүп жатканына кубанычтамын”, - деди Франциянын Кыргызстандагы элчиси Франсуа Делаус.

Кыргызстанда коронавируска каршы 1 миллион 376 миң 413 киши толугу менен эмдөөдөн өткөн. Учурда 1 миллион 402 миң 813 доза вакцина бар.

Кыргызстанда 2020-жылдын март айында тараган COVID-19 вирусу 206 миңден ашуун адамга жугуп, 3 миңдей киши кайтыш болду.

Өлкөдө өзгөчө абал режими 2020-жылдын 22-мартында киргизилип, 2022-жылы 1-ноябрда алынган. (TAb)

XS
SM
MD
LG