Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:31

Иран менен Сауд Арабиянын тышкы иштер министрлери Кытайда жолукту


Ирандын тышкы иштер министри Хосейин Амир-Абдолахиян (оңдо) Сауд Араиянын башкы дипломаты ханзада Файзал бин Фархан менен. Бээжин, 6-апрель, 2023-жыл.
Ирандын тышкы иштер министри Хосейин Амир-Абдолахиян (оңдо) Сауд Араиянын башкы дипломаты ханзада Файзал бин Фархан менен. Бээжин, 6-апрель, 2023-жыл.

Иран менен Сауд Арабиянын тышкы иштер министрлери Хосейин Амир-Абдолахиян жана ханзада Файзал бин Фархан 6-апрелде Кытайда жолукту.

Саудиялык Al Ekhbariya мамлекеттик телеканалы кабарлагандай, жети жылдан бери эки өлкөнүн жогорку өкүлдөрү расмий кездеше элек болчу.

Аймактык эки ири держава узак жылдарга созулган жаңжалдан кийин өткөн айда Бээжиндин арачылыгы менен дипломатиялык тирешине чекит коюп, элчиликтерин кайра ачуу тууралуу макулдашкан.

2016-жылы Эр-Риядда шийи диниятчы өлүм жазасына тартылгандан кийин Сауд Арабиянын Тегерандагы элчилигине чабуул коюлган. Падышалык мындан кийин Иран менен байланыштарын үзүп, Тегеранга дипломаттарын 48 сааттын ичинде алып кетүү шарты коюлган.

Ортодогу мамилелер ага чейин эле, Сауд Арабия менен Бириккен Араб Эмираттары Йемендеги согушка аралаша баштаганда начарлаган. Ал жакта Иран менен байланыштагы Хуси кыймылы Эр-Рияд колдогон өкмөттү төңкөрүп, борбор шаарды алган.

Талдоочулар Жакынкы Чыгыштагы негизги ортомчунун ролун ондогон жылдан бери АКШ аткарып келгенин, Бээжиндин арачылыгы региондогу динамиканы өзгөрткөнүн белгилешет.

XS
SM
MD
LG