Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:23

“Түндүк электр” ишканасынын мурдагы директору кармалды


“Түндүк электр” ишканасы.
“Түндүк электр” ишканасы.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы “Түндүк электр” ишканасынын мурдагы директору (К.А.Т.) кармалып, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына камалганын билдирди.

Мекеменин маалыматына ылайык, ишкананын кызматкерлери 107 трансформаторду сатып алууда мамлекетке 3 млн. 949 миң 500 сом зыян келтиргени аныкталган.

Жыйынтыгында “Түндүк электрдин” мурдагы жетекчисине Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” жана “Билип туруп пайдасыз контракт түзүү” беренелери менен кылмыш иши козголду. Ишти Бишкек шаардык прокуратурасы иликтеген.

Бул кылмыш ишине тиешеси бар башка да кызмат адамдарын аныктоо жана келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча иштер жүрүүдө.

Башкы прокуратура ишкананын мурдагы жетекчисинин аты-жөнүн толук жарыялаган жок. Бир катар жалпыга маалымдоо каражаттары кармалган адам Азамат Кожомкулов экенин жазышты. Ал “Түндүк электр” ишканасынын башкы директору кызматынан 2021-жылы кеткен. (BTo)

XS
SM
MD
LG