Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:04

Токмок шаардык кеңешинин депутаты Чокеев үй камагына чыкты


Кайрат Чокеев.
Кайрат Чокеев.

“Бейбаштыкка” шек саналып кармалган Токмок шаардык кеңешинин депутаты Кайрат Чокеев үй камагына чыкты. Мындай чечимди 5-апрелде Аламүдүн райондук соту чыгарганын Чүй облустук сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Чүй облустук милициясы 9-мартта Кайрат Чокеев кармалганын, анын үйүн тинтүү учурунда травматикалык тапанчанын октору табылганын билдирген. Анын кармалышына 26-февралда өзүн шаардык администрациянын өкүлү деп тааныштырган адамдар Токмоктогу “Салтанат Кейджи” ишканасынын кеңсесине барып, “Яндекс GO” такси кызматынын шаардан чыгып кетүүсүн талап кылып, коркутушканы себеп болгону айтылган.

10-мартта Кайрат Чокеевге Токмок шаардык ички иштер бөлүмү Кылмыш-жаза кодексинин “Бейбаштык” беренеси менен кылмыш ишин козгогон.

Кайрат Чокеев 2021-жылы Токмок шаардык кеңешине “Вместе-Бирге” партиясы менен депутат болуп келип, көпчүлүк коалицияны жетектеп калган. Ал шаардын мэри Урмат Самаев менен “көп жылдан бери бир командада экенин” 2021-жылы ырастаган. Ага чейин, ошол эле жылы 1-декабрда анын ысымы “Ата Мекен” партиясынын ошол кездеги төрагасы Өмүрбек Текебаевге болгон кол салууда да айтылган. (BTo)

XS
SM
MD
LG