Түркмөнстан Түркиядан өз жарандарына виза режимин киргизүүнү суранды

Түркмөнстандын тышкы иштер министри Рашид Мередов менен Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу. Архивдик сүрөт.

Түркмөнстандын бийлиги Түркиядан түркмөн жарандары үчүн виза режимин киргизүүнү суранганы белгилүү болду. Бул тууралуу Түркмөнстандын Тышкы иштер министрлиги ишемби күнү билдирди. Буга чейин Түркиянын бийлиги түркмөн жарандарынан виза талап кыла баштаганы кабарланган.

Тышкы иштер министрлигинин сайтына чыккан маалыматта “Түркмөнстандын жарандарынын Түркияда жүрүү эрежелерин жакшыртуу жана колдоо үчүн түркмөн тарап Түркияга убактылуу виза режимин киргизүү өтүнүчү менен кайрылганы” жазылат.

“Азаттыктын” түркмөн кызматы бул Түркияда акча табуу үчүн иштеп жүргөн миңдеген түркмөн жарандарына кедергисин тийгизерин жазды.

Буга чейин Түркмөнстандын жарандары Түркияга визасыз эле кирип, өлкөдө 30 күнгө чейин жүрө алчу. Ушундан улам Түркия түркмөн эмгек мигранттары үчүн иштөөгө ыңгайлуу мамлекеттердин бири болчу. Алардын саны канча экени так эмес. Маалымат боюнча Түркияда 20 миңге жакын түркмөнстандык студент окуйт.

Дагы караңыз

Талас: келиндин өлүмүнө байланыштуу жол коопсуздук кызматкерлерине да кылмыш иши козголду Украина Европага электр энергиясын экспорттоону көбөйтүшү мүмкүнЖурналист Темиров сотто өзүнө карата кылмыш иши атайын уюштурулганын билдирди Next TV телеканалынын жетекчиси Дүйшөмбиевге жети жыл жаза суралдыУлуу Британиянын жаңы премьер-министри Лиз Трасс болотПакистан Манчхар көлүнүн нугун бурдуЖурналист Базаркуловдун доо арызын кароо 21-сентябрга жылды Украиналыктар Чехияда ыраазычылык жөө жүрүшүн өткөрүштү