Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:15

Next TV телеканалынын жетекчиси Дүйшөмбиевге жети жыл жаза суралды


Таалайбек Дүйшөмбиев.
Таалайбек Дүйшөмбиев.

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда бүгүн, 5-сентябрда Next TV телеканалынын директору Таалайбек Дүйшөмбиевдин ишин кароо уланды. Мамлекеттик айыптоочу аны жети жылга эркинен ажыратууну сурады. Бул тууралуу саясатчы Равшан Жээнбеков "Азаттыкка" ырастады. Сотто тараптардын жарыш сөзү болуп, кийинки отурум 9-сентябрга белгиленип, соттук өкүм чыгары күтүлүүдө.

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) март айында аталган телеканалга каршы "улут аралык кастыкты козуткан" деген айып менен иш козгоп, директорун камакка алган, телеканалдын эфири үзгүлтүккө учураган.

Тергөө материалдарында "Next TV Кыргызстан Орусияга Украина боюнча жардам бере турганы жөнүндө такталбаган маалымат жарыялаган" деп жазылган.

Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев маалымат таратууда этияттыкты сактоо жана стандарттарды кармануу керектигин билдирген.

Соттун алгачкы отуруму 21-июлда өткөн. Анда Дүйшөмбиев коюлуп жаткан айыпты моюнуна албай турганын айткан. Телеканалдын күбө катары көрсөтмө берген эфирдик оператору соттук териштирүүгө себеп болгон маалыматтын жарыяланышына Дүйшөмбиевдин тиешеси бар деп айта албай турганын билдирген.

Next TV каналына ээлик кылган оппозициялык саясатчы Равшан Жээнбеков чет өлкөлөрдүн элчиликтерине жана эл аралык гуманитардык уюмдарга кайрылуу жолдоп, Кыргызстанда сөз эркиндигине болуп көрбөгөндөй басым жасалып жатканын, буга Дүйшөмбиевдин абакта отурганы мисал экенин айткан. (КЕ)

XS
SM
MD
LG