Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:31

Пакистан Манчхар көлүнүн нугун бурду


Пакистандагы селдин кесепети.
Пакистандагы селдин кесепети.

4-сентябрда Пакистандын бийлиги нөшөрлөгөн жамгырдан улам толуп-ташканы турганы Манчхар көлүнүн нугун атайылап бурду. Ал үчүн өлкө түштүгүндөгү көлдүн дамбасынын бир тарабы жырылды. Мындай чара көлдүн ташып кетишин жана чоң селди алдын алуу үчүн кабыл алынды.

Синд провинциясынын ирригация министри Жам Хан Шоро көлдөн агып чыккан суу 100 миңдей адам жашаган аймакка таасирин тийгизерин айтып, эгер “көл өзү толуп ташый турган болсо, андан көп аймакты суу каптамак” деп билдирди.

Расмий маалыматка ылайык, июнь айынан бери утур-утур жаап жаткан жамгырдан кийинки суу ташкынынан каза болгондордун саны 1300дөн ашты.

Манчхар - Пакистандагы таза суудан топтолгон эч чоң табигый көл.

Пакистанда быйылкы суу ташкыны баш-аягы 33 миллион кишинин турмуш-тиричилигине кедергисин тийгизди. Адистер селге тынымсыз жааган жамгырдан тышкары түндүк тараптагы мөңгүлөрдүн эриши себеп болгонун билдиришүүдө.

Ушул айдын башында Пакистан менен Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) селден жапа чеккендерге жардам көрсөтүү үчүн 160 миллион долларлык чукул каражат бөлүү тууралуу биргелешкен кайрылуу жасашкан.

Өлкө бийлиги апааттан кийинки калыбына келтирүү иштерине кеминде 10 миллиард доллар жана көп жыл талап кылынарын маалымдады.

XS
SM
MD
LG