Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:31

Улуу Британиянын жаңы премьер-министри Лиз Трасс болот


Лиз Трасс.
Лиз Трасс.

Улуу Британиянын тышкы иштер министри Лиз Трасс башкаруучу Консервативдик партиянын жаңы лидери болуп шайланды. Ал жакын арада Борис Жонсондун ордуна премьер-министр болуп калат.

Консервативдик партиянын жаңы лидерин шайлоо боюнча партия мүчөлөрүнүн добуш берүүсүнүн жыйынтыгы дүйшөмбү күнү жарыяланды. Ага ылайык, Лиз Трасс атаандашы, мурдагы каржы министри Риши Сунакты жеңип чыккан.

Шайлоо алдындагы үгүт иштеринде Трасс Британияны каптаган энергетикалык кризис менен күрөшүү үчүн кескин чараларды кабыл аларын убада кылды. Ошол эле учурда ал премьер-министр катары Украинаны колдой турганын, Орусияга каршы турарын билдирди.

Борис Жонсон 2019-жылы премьер-министр Тереза Мэй отставкага кеткенден кийин Консервативдик партияны, аны менен бирге британ өкмөтүн жетектеп калган. Ал партияны парламенттик шайлоодо азыркы тарыхындагы эң жакшы жыйынтык менен жеңишке жеткирди.

Борис Жонсон Киевге биринчи жолу 9-апрелде барган. “Чоң жети” (G7) тобуна кирген өлкөлөрдүн ичинен ал Украинадагы кыйроолорду көргөн алгачкы лидер болуп калган. Экинчи жолу июнда да украин борбор калаасына барып, Зеленскийге колдоосун билдирип кеткен. Жонсон 24-август – Украинанын Эгемендик күнүндө да Киевге барып, украин президенти менен жолуккан.

Жонсон жакынкы күндөрү премьер-министрлик кызматты биротоло өткөрүп берет. Ал саясий жаңжалдардын фонунда кызматтан кетерин июлда жарыялаган.

4-сентябрда Украинанын президенти Владимир Зеленский Борис Жонсонду "Украинанын чыныгы досу” деп баалады.

XS
SM
MD
LG