Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:14

Журналист Базаркуловдун доо арызын кароо 21-сентябрга жылды


Журналист Куттумидин Базаркулов
Журналист Куттумидин Базаркулов

Жалал-Абад облустук сотунда журналист Куттумидин Базаркуловдун арызы карала баштады. 5-сентябрда өткөн экинчи отурумда прокуратура иш менен толук таанышуу үчүн убакыт сураганын, кийинки жараян 21-сентябрга жылганын журналист өзү "Азаттыкка" билдирди.

Буга чейин Базаркулов өзүн актоо өтүнүчү менен Жалал-Абад облустук сотуна кайрылган.

Базаркуловду УКМК “Кызматынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси менен айыптап, 2021-жылдын 27-ноябрда үйүнөн кармап кеткен.

Атайын кызмат ал 2015-жылы Жалал-Абад облустук телерадиокомпаниясын башкарып турганда тендер өткөрүүдө эреже бузуп, сапатсыз техника сатып алганын жана мамлекетке 3 миллион сомдон ашуун зыян келтиргенин маалымдаган.

Жети ай камакта жаткан журналист быйыл июнда тергөө абагынан бошотулган. Сот аны айыптуу деп таап, кылмыш ишинин мөөнөтү өтүп кеткендиктен бошотулганы кабарланган. Ал соттуулугун жоюу максатында облустук сотко кайрылган.

Куттумидин Базаркулов Жалал-Абад облустук телерадио компаниясын 2010-2016-жылдары жетектеген. 2021-жылдагы президенттик шайлоого талапкерлигин коюп, кайра баш тарткан. Соңку жылдары коомдук-саясий иштерге активдүү аралашып, 2020-жылы Октябрь окуясынан кийин бийликке келгендерди кескин сындап, интернетте ар кандай темада видео талкууларды уюштуруп жүргөн.

Мартта анын кан басымы көтөрүлүп, тергөө абагына “Тез жардам” чакыртылган. Жакындары сотто ага Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети басым жасап жатканын айтып чыккан. Базаркулов бийликтин куугунтугуна кабылганын, өзүнө тагылган айыпты саясий куугунтук деп эсептей турганын айткан. (TB)

XS
SM
MD
LG