Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:51

Талас: келиндин өлүмүнө байланыштуу жол коопсуздук кызматкерлерине да кылмыш иши козголду


Талас шаары.
Талас шаары.

Талас шаарында өткөн жылдын 29-декабрында күйөөсүнүн ур-токмогунан каза тапкан келиндин өлүмүнө байланыштуу облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн үч кызматкерине жана алардын биринин жубайына кылмыш иши козголду.

Облустук милициянын басма сөз катчысы Динара Сарногоева "Азаттыкка" билдиргендей, ишти Кылмыш-жаза кодексинин 145-беренеси ("Жардам корсөтпөй коюу") менен Талас шаардык прокуратурасы 10-августта козгогон.

15-августта ишти шаардык милицияга өткөрүп берген. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

2021-жылы 29-декабрда 30 жаштагы келин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүндө иштеген күйөөсүнөн токмок жегенден кийин каза болгону кабарланган. Ата-энеси анын жети кабыргасы сынганын билдиришкен.

Окуя болгон түнү аталган мекеменин үч кызматкери жана биринин жубайы алардын үйүнө барганы, сыртта турганы видео тасмага түшүп калган. Келинди сабаган учур тартылган видео да социалдык тармактарга тараган. Анда маркум сабалып, жерде жатып калганда башка-көзгө аеосуз тепкиленгени, андан кийин акырын басып үйүнө кирип кеткенин көрүүгө болот.

Келиндин өлүмүнө шектүү катары кармалган күйөөсү сотто 122-берене ("Адам өлтүрүү") менен күнөөлүү деп табылып, 12 жыл алты айга эркинен ажыратылган.

Анын апасы коомчулукка кайрылып, баласы кызганычтан аффект абалында келинин сабап койгонун айткан. (MKt)

XS
SM
MD
LG