Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:16

Скрипалдар чуусундагы тыңчылардын изи


Британия шек санап жаткан эки киши - Александр Петров жана Руслан Боширов
Британия шек санап жаткан эки киши - Александр Петров жана Руслан Боширов

Британия Солсберидеги ууланууну уюштурду деп эки орусиялыктын атын атап, сүрөтүн жарыялады. Өкмөт башчы алар Орусиянын чалгын кызматкерлери болушкан деп жарыялады. Москва болсо жаңы маалыматтар эч нерсени билдирбейт деп четке кагууда.

Келгенден кеткенге чейин

Британ полициясы 5-сентябрда шектүү делген эки орусиялыктын аты-жөнүн, сүрөттөрүн жарыялап, Лондонго кантип келип кеткенин чечмеледи.

Жума, 2-мартта Александр Петров жана Руслан Боширов Москвадан Лондонго келет. Шаардын чыгыш ыптасындагы City Stay мейманканасына жайгашат.

Ишемби, 3-мартта экөө Солсбериге барып, эки сааттай жүрүшөт. “Бул сапар Солсбериде чалгын жүргүзүү максатында болгон” дейт Британиянын антитеррористтик бөлүмүнүн башчысы Нил Басу.

Солсберинин көчөсүндөгү видеокамерага тартылып калган шектүүлөр
Солсберинин көчөсүндөгү видеокамерага тартылып калган шектүүлөр

Жекшемби, 4-мартта шектүүлөр таңкы сегизде мейманканадан чыгып, Солсбериге барышат. Алар мурдагы орус тыңчысы Сергей Скрипалдын үйүнүн тегерегинде жүрүшкөнү видеокамерага түшүп калган. Үйдүн кире бериш эшигине уу сепкен болушу ыктымал дейт полиция.

Экөө Солсбериден күндүз кетишкен. Ушул эле күнү Скрипалдар Солсберинин борборундагы отургучта, 16.15те эс-учун жоготкон абалда табылган. Аларды тапкан жергиликтүү полиция кызматкери Ник Бэйли ууланган. Шектүүлөр ошол эле 4-мартта түнкү 11:30да Москвага учуп кетишкен.

Солсбериден Лондонго кайтаар учурда темир жол станциясында турушат
Солсбериден Лондонго кайтаар учурда темир жол станциясында турушат

Чалгын кызматына доомат

​Британ прокуратурасы жана антитеррористтик бөлүмү бул маалыматтарга мурда эле ээ болгон. Иликтөө сентябрга карай жыйынтыкталды.

- Орусиянын жарандары Александр Петров менен Руслан Бошировго айып тагууга далилд жетиштүү. Алар төмөнкү кылмыштарга барышкан: Сергей Скрипалды өлтүрүү үчүн кутум; Сергей Скрипалдын, Юлия Скрипалдын жана Ник Бейлинин өмүрүнө кол салуу; Химиялык куралга каршы мыйзамга карабай “Новичокту” алып жүрүү жана колдонуу; Юлия Скрипаль менен Ник Бэйлиге атайын оор жараат келтирүү, – деди британ прокуратурасынын өкүлү Сью Хэмминг.

Шектүүлөрдү Интерполго берип издөөнү көздөп жатышат. Бирок алар Орусияда болсо Британияга кайтарылышы күмөн.

Анткени кылмыштын артында орус бийлигинин жогорку катмары турат деген оюн британ премьер-министри Тереза Мэй бул ирет баса айтты. Ал шектүүлөр Мамлекеттик чалгын кызматынын (ГРУ) кызматкерлери деп белгиледи:

Тереза Мэй парламентте сүйлөп жаткан учур
Тереза Мэй парламентте сүйлөп жаткан учур

- Бул Орусиялык чалгын кызматынын өзгөчө мүнөздөгү коркунучу. ГРУ акыркы жылдары Орусиянын кооптуу иштеринде чечүүчү ролду ээлеп келгенин билебиз. Бүгүн биз Солсберидеги уятсыз химиялык чабуулдагы алардын ролун ашкере кылдык. ГРУнун аракеттери бардык жарандарыбызга жана өнөктөштөрүбүзгө коркунуч туудурат.

Ошондой эле премьер Мэй “Орусия бийлиги жалган жоопторду узатып, күнөөнү бирде террорчуларга, бирде Юлия Скрипалдын болочок кайненесине оодарууда. Бул алардын күнөөсүн гана тереңдетет” деп кошумчалады.

Мария Захарова
Мария Захарова

Орусия жаңыланган айыптоолорго дароо реакция жасады. Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова орус "Биринчи каналына" комментарийинде:

- Жарыяланган ысымдар жана сүрөттөр бизге эч нерсени билдирбейт. Ушуга байланыштуу британ тарапты ачык айыптоо жана маалыматтык манипуляциядан баш тартып, укук коргоо органдарынын алкагындагы иштиктүү жана кадимкидей кызматташууга кайрадан чакырабыз, – деп жооп узатты.

Скрипалдардан тышкары июнь айында Эймсбери шаарында дагы эки британ жараны ууланып, бири каза болгон. “Химиялык куралга тыюу уюмунун” (ОЗХО) эксперттери экөөндө тең аларды “Новичок” буттан чалганын 4-сентябрда ырасташты.

Сергей Скрипаль жана Юлия Скрипаль
Сергей Скрипаль жана Юлия Скрипаль

Скрипалдардын окуясына байланыштуу Кошмо Штаттары өз карамагындагыларды Орусияга азык-түлүк, айыл чарба товарларын, курал-жарак сатууга, насыя берүүгө тыюу салган. Вашингтон санкциялардын экинчи бөлүгүн ноябрда жарыяларын билдирген.

Британ бийлиги ушуну эске салып, Европадагы өнөктөштөрүн Москвага каршы санкция киргизүүгө чакырууда. Солсберидеги уулануудан кийинки жаңжал учурунда ансыз да Батыштагы отуздай өлкө ондогон орус дипломаттарын аймагынан чыгарган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG