Мурдагы орус тыңчысы Сергей Скрипаль менен анын кызы Юлиянын Британияда "Новичок" химиялык заты менен ууландырылышынан келип чыккан дипломатиялык араздашуунун жаңы толкуну башталды. АКШнын Мамлекеттик департаменти март айында болгон бул окуяга байланыштуу Москвага жаңы санкциялар киргизилерин 8-августта жарыялады.
22-августта күчүнө кире турган жаңы чараларга ылайык, электроника, газ турбиналарынын кыймылдаткычтары сыяктуу АКШда чыгарылган технологиялык жана өндүрүштүк жабдыктарды Орусияга экспорттоого тыюу салынат. Алардын арасында авиация тармагында колдонулган электрондук жабдыктар да бар. Американын расмий өкүлдөрүнүн баамында, мындай санкциялар келечекте миллиондогон доллардык товарлардын Орусияга экспорттолушуна бөгөт коймокчу.
Эгер Москва үч ай ичинде химиялык куралдарды колдонбоо тууралуу кепилдик бербесе жана эл аралык инспекторлорду өлкөгө киргизбесе, анда санкциялардын экинчи бөлүгү жарыяланат. Анда орусиялык "Аэрофлот" аба компаниясынын АКШга барган каттамдарын токтотуу сыяктуу чаралар каралган.
Эки жумадан кийин күчүнө кире турган жаңы санкциялар АКШдагы химиялык жана биологиялык куралдар тууралуу 1991-жылы кабыл алынган мыйзамдын алкагында киргизилип жатат.
- Орусия Федерациясынын өкмөтү эл аралык нормаларды бузуу менен химиялык же биологиялык курал колдонгонун АКШ аныктады, - деп айтылат Мамлекеттик департаменттин басма сөз катчысы Хизер Нойерттин билдирүүсүндө.
Орусия Вашингтондун кадамын сындады
Буга чейин АКШ Британия жана Европадагы өнөктөштөрү менен бирге Скрипалдардын окуясына байланыштуу Москвага дипломатиялык чара көрүп, ондогон орус дипломаттарын өлкөдөн чыгарган.
Британиянын Тышкы иштер министрлиги Кошмо Штаттардын жаңы санкциялар тууралуу билдирүүсүн кубаттап, муну Орусиянын "чагымчыл жана кенебеген кадамына" карата "түз эскертүү" деп мүнөздөдү.
Март айында ууландырылган Сергей Скрипаль жана анын кызы Юлия жумалап созулган дарылануу курсунан кийин кайра эсине келип, жакында ооруканадан чыгышкан.
Расмий Лондон бул кол салуунун артында Орусия турат деп ишенет. Соңку бир канча жумадан бери британ медиасы коопсуздук кызматтарындагы өз булактарына таянып, мурдагы орус тыңчысы менен анын кызынын ууландырылышына эки орусиялык тартылганын жазып жатышат. Орусия мындай дооматтарды бир нече жолу четке каккан.
Вашингтондогу орус элчилиги АКШнын жаңы чараларын "өтө катаал" деп мүнөздөп, "Скрипалдарды ууландыруунун артында Москва турат" деген дооматтар негизсиз экенин билдирди. Элчилик 8-августта жарыяланган билдирүүсүндө Вашингтон да, Лондон да бул дооматтарды бышыктаган бир да далил көрсөтө албаганын сынга алган.
- Кандайдыр бир фактылар же далилдер айтылган жок. Биздин тактоочу суроолорубузга АКШ тарап купуялыкты жүйө тутуп, түшүндүрмө берүүдөн баш тартты, - деп айтылат элчиликтин сайтына жарыяланган билдирүүдө.
Рублдин куну түштү
Кантсе да Вашингтондун жаңы кадамы рублдин курсунун жана орус биржаларындагы акциялардын баасынын төмөндөшүнө себепчи болду. Санкциялар тууралуу кабардан кийин Орусиянын улуттук валютасы 3,1 пайызга наркын жоготуп, учурда бир доллар 65,55 рублди түзүп жатат. Бул орус валютасынын 2016-жылдын ноябрь айынан берки эң төмөнкү көрсөткүчү. Буга кошумча Москвадагы РТС биржасындагы акциялардын баасы үч пайызга арзандады.
Буга чейин "америкалык бир катар конгрессмендер Орусиянын АКШнын шайлоосундагы болжолдуу ролуна байланыштуу Москвага жаңы санкцияларды салышы мүмкүн" деген кабардан бери орус биржасында ансыз да олку-солку абал өкүм сүрүп жаткан.
Вашингтон буга чейин Орусиянын 2014-жылы Крымды аннексиялашына, Украинанын чыгышындагы аракеттерине, 2016-жылы өткөн шайлоого болжолдуу кийлигишүүсүнө байланыштуу Москвага бир нече жолу санкция салган. Апрель айында АКШ орусиялык 24 адамга, анын ичинде кеминде беш миллиардерге, 14 жеке менчик жана мамлекеттик компанияга санкция жарыялаган болчу.
Түштүк Калифорния университетинин эл аралык мамилелер боюнча факультетинин жетекчиси Роберт Инглиш санкциялар Орусияга таасирин тийгизип жатат деген ойдо:
- Сыртынан караганда Орусия буга катуу жооп кайтарат. Бирок көшөгөнүн артында тынчсыздануу күчөп жатат. Орус экономикасы Крым жана башка маселелерге байланыштуу санкциялардан кийин эми гана баш көтөрүп бараткан. Мунайдын баасы көтөрүлүп, киреше көбөйүп жаткан. Анан апрель айында кокустан санкциялар салынды. Бул санкциялар олчойгон байлыкты жалмап кетти. Бир катар маанилүү орус компанияларына кедергисин тийгизди. Эми ушул маселе чыкты. Өкмөт акчаны кайдан табууну билбей жатат. Алар пенсия курагын, салыктарды көтөрүү сыяктуу элге жакпаган чараларга барып жатышат.
Деген менен Орусия эл аралык санкциялардын кесепетин алдын алуучу чаралар иштелип чыкканын, орус экономикасы мындай "негизсиз" чараларга туруштук бере алаарын баса белгилеп келет.
Ошентип АКШ президенти Дональд Трамп менен орус лидери Владимир Путиндин Хелсинкидеги кездешүүсүнөн көп өтпөй жаңы санкциялардын карааны көрүнүп жатат. Эки лидер 16-июлдагы ал кездешүүсүн ийгиликтүү деп баалашкан болчу.