Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:44

Юлия Скрипалдын видео кайрылуусу чыкты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиялык мурдагы тыңчы Сергей Скрипалдын кызы Юлия кечээ медиа үчүн билдирүү жасады. Атасы экөө уландырылгандан кийин ооруканага жатып чыккан Юлия өмүрүнө кол салуу жашоосун өзгөрткөнүн, аларга каршы нервди шал кылчу зат колдонулганына таң калаарын айтты. Британиянын Солсбери шаарында болгон бул окуя үчүн Лондон Москваны күнөөлөп келсе, орус бийлиги муну четке кагууда.

36 жаштагы Юлия 4-марттагы кол салуудан кийин комага түшүп, ооруканага жатып чыкты. 23-майда ал биринчи жолу ошол окуя жөнүндө пикирин билдирди. Юлиянын айтымында, реабилитациясы жай жана татаал жүрүп жатат, бирок бир күнү Орусияга кайтып барууга үмүттөнөт. Азыр ал Британиянын өкмөтү менен күч кызматтарынын коргоосуна алынган. Полициянын жардамы аркылуу "Рейтер" агенттигинин кабарчысы менен байланышкан Юлия Скрипалдын кайда экени айтылбайт. Видео кайрылуу Лондондо жаздырылган.

Юлия Скрипаль.
Юлия Скрипаль.

- Мен Британияга 3-мартта атама конокко келгем. Буга чейин да келип жүргөм. 20 күн комада жатып өзүмө келгенден кийин экөөбүз тең ууландырылганыбызды билдим. Ушундай кол салууга туш болгонубузду азыркыга чейин түшүнбөй жатам. Дагы жакшы, аман калдык. Нервди шал кылчу зат пайдаланылганы акылга сыйбай атат.

Скрипалдар Солсбери шаарында эс-учун жоготкон абалда табылган. Атасы өткөн жумада ооруканадан чыгарылып, азыр дарылануусун улантууда. Ууландыруунун мотивдери дагы эле түшүнүксүз.

Британ бийлиги башынан эле бул окуя үчүн Орусияны айыптап, советтик окумуштуулар ойлоп тапкан “Новичок” деген зат колдонулганын билдирген. Жооп иретинде Лондон ондогон орусиялык дипломатты өлкөдөн чыгарган. Анын артынан айрым Батыш мамлекеттери да ушундай эле кадамга барышкан. Москва болсо кол салууга тиешеси жок экенин айтып келатат.

Дмитрий Песков.
Дмитрий Песков.

Бүгүн НТВ телеканалына берген интервьюда Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков: “Юлия Скрипалдын азыркы абалы жөнүндө кабарыбыз жок. Ага басым жасалып атабы? Кайда жүрөт? Дегеле билдирүү жасаганбы, жасаган болсо өз ыктыяры мененби? Мунун баарын билбейбиз,” - деп айтты.

Өз билдирүүсүндө Юлия ошондой эле Орусиянын Лондондогу элчилигине жардам тууралуу сунушу үчүн рахмат айтып, бирок ушу тапта аны кабыл ала албай тургандыгын кошумчалады.

Солсбери окуясы Европа аймагында Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин аскердик деңгээлдеги нерв агентин пайдалануунун алгачкы учуру болуп калды.

Орусиянын Башкы чалгындоо башкармалыгынын (ГРУ) мурдагы полковниги Скрипалды 2004-жылы Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы "Британиянын чалгын агенттиги менен кызматташты" деп айыптап, камакка алган. Тергөөдө Скрипаль 1995-жылдан бери Британиянын чалгын кызматына мамлекеттик жашыруун маалыматтарды берип турганы аныкталган.

2006-жылы Москванын аскердик соту тыңчыны 13 жылга түрмөгө кескен. Төрт жылдан кийин Скрипаль АКШда кармалган орусиялык агенттерге айырбашталган. Солсбери шаарында ал 2011-жылдан бери жашап жүргөн. Кызы Юлия болсо Орусиянын жараны жана Москвада турчу.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG