Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:38

Орусия Крымды талкуулагысы келбейт


Президенттер Путин жана Трамп APEC уюмунун Вьетнамдагы саммитинде. 11-ноябрь, 2017-жыл.
Президенттер Путин жана Трамп APEC уюмунун Вьетнамдагы саммитинде. 11-ноябрь, 2017-жыл.

АКШ жана Орусия президенттери Дональд Трамп менен Владимир Путиндин алгачкы эки тараптуу саммити 16-июлда Хельсинкиде өткөнү жатат.

Москва муну утурлай саммитте Крымдын макамынан башка “бардык” маселелерди талкуулоого даяр экенин ырастады.

Саммиттин күн тартибинде бир эмес, бир нече маселе болорун мурдараак АКШ президенти да билдирген. Ал эми америкалык айрым талдоочулар саммиттин Вашингтон үчүн азырынча так күн тартиби жана максаты жоктугуна, ал эми андан Москва күткөн жыйынтык -санкциялардан жеңилдик алуу экенине көңүл бурушууда.

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песковдун 2-июлда айткандарына караганда, президент Путин Крым Орусиянын ажырагыс бөлүгү болгондуктан сүйлөшүүлөрдүн күн тартибине эч качан киргизилбей турганын буга чейин бир нече ирет билдирген.

Калган маселелердин баары “мунаса, орток түйүн табуу, талкуулар үчүн ачык" деди Кремлдин өкүлү Путин-Трамп саммитин утурлай.

Азырынча акыркы ирет 29-июнда, кабарчылар менен маегинде АКШ президенти өзү Путин менен жолукканда “Украинаны, Сирияны, шайлоолорду, дүйнөлүк окуяларды, тынчтыкты” талкууларын айтып келип, андан “Вашингтон Крымдын аннексиясына каршылыгынан баш тартканы чынбы?" деп сурашканда “карап көрөбүз” деп жооп берген.

АКШ президентинин бул сөздөрүнө тушташ европалык лидерлерге шилтеме берилип чыккан маалыматтарда Дональд Трамп "Чоң жетинин" жакындагы саммитинин жабык жыйынында "Крым калкынын көбү орус тилинде сүйлөгөндүктөн жарым арал Орусияныкы деп каралууга тийиш" дегени кабарланган.

Бирок Ак үйдүн Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси, 27-июнда Москвада Путин менен жолугуп кеткен Жон Болтон 1-июлдагы телеинтервьюларында бул маалыматты төгүндөп, Крымдын аннексиясын таануу Вашингтондун “туруму эмес” деп белгилеген.

2-июлда Ак үйдүн өкүлү Сара Сандерс да АКШ Крымдын аннексиясын тааныбай турганын, жарым арал Украинага кайтарылмайынча Орусияга каршы санкциялар күчүндө кала берерин ырастады.

Бул арада Орусияда ушу тапта америкалык конгрессмендер жана сенаторлор тобу иш сапары менен жүргөнү белгилүү болду. Маалыматтарга караганда, АКШнын Орусиядагы элчиси Жон Хантсмандын чакыруусу менен келген республикачылар Конгрессте президент Дональд Трампка жан тарткандар же ага байланышы барлар.

Кошмо Штаттардын Москвадагы мурдагы элчиси Майкл Макфол “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун “Настоящее Время” телеканалы менен маегинде Вашингтондо азыр Орусияга карата бирдиктүү саясат жок болуп жатканына көңүл бурду:

- Бизде азыр эмне бар? Президентте Орусияга карата өзүнчө саясат. Андан кийин администрацияныкы башка саясат. Үчүнчүсү - Конгресстин саясаты. Республикачылардын көбү Трамптын Орусияга саясатын колдобойт. Демократиялык партия такыр эле колдобойт. “Кансыз согуш” доорундагыдан айырмачылыктардын бири азыр мына ушунда жатат. Ал учурда бизде ошол кездеги СССР менен кантип иштешебиз же иштебешибиз керектиги боюнча мунаса бар эле. Азыр ошол биримдик жок.

Орусияда мурдагы президент Барак Обаманын тушунда элчи болгон Майкл Макфол ошондой Трамп-Путин саммитинин азырынча АКШ үчүн “максатын” көрө албай жатканын да кошумчалады:

- Азырынча эч кандай конкреттүү максат жок. Балким кандайдыр бир жашыруун сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Саммит үчүн эле саммит өткөрүү эле максат эмес да. Анда бул Путиндин кызыкчылыгында эле болуп калат. Ал жакшы жолугушууну, буга чейин жасагандарын: Крымды, Украина чыгышын, Сирияны, биздин президенттик шайлоого кийлигишүүбүздү унутуубузду каалап жатат.

Майкл Макфол
Майкл Макфол

Өзү буга чейин АКШнын да, Орусиянын да расмий адамдары Трамп -Путин саммитинин ыктымал жыйынтыгын этият комментарийлешип, андан алака-катыштагы “бурулуш” күтүлбөй турганын моюнга алышкан. Эки президенттин жолугуп, сүйлөшүүсүнүн да мааниси бардыгын белгилеген.

Ал эми АКШдагы Foreign Affairs журналынын аткаруучу редактору Дэниэл Курц-Флиан “Ассошиэйтед пресс” агенттиги менен маегинде Орусия алдыдагы саммиттен санкциялардан жеңилдик алуусун күтөрүн айтты:

- Президент Дональд Трамп атүгүл Орусия менен мамилеси тууралуу айткан учурда да АКШ Конгресси жана өкмөтү санкциялардын жаңы айлампасын колдоно баштаган. Андыктан, президент Путин бул санкциялардан кандайдыр бир жеңилдик алгысы келет. Демек, эгер ал бул мүмкүнчүлүктү – жолугушууну Трампка саясий жеңиш тартуулагандай, алардын саммити ийгиликтүү болгонун сезгидей кылып колдоно алса, мунун ордуна Путиндин айланасындагы адамдарга каршы санкциялардан жеңилдик берилсе, мына ушул нерсе Москва үчүн реалдуу жеңиш болмок.

Эске салсак, АКШ-Орусия мамилесинин начарлашынын азыркы баскычы, Москва мүнөздөгөндөй “аянычтуу абалга” түшкөнү Крымдын 2014-жылкы аннексиясынан башталат.

АКШнын Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жон Болтон Орусия президенти Владимир Путин менен Кремлде кездешкен учур. 27-июнь, 2018-жыл.
АКШнын Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жон Болтон Орусия президенти Владимир Путин менен Кремлде кездешкен учур. 27-июнь, 2018-жыл.

Буга жана Орусиянын Украина чыгышындагы аракеттерине байланыштуу мурдагы президент Барак Обаманын тушунда киргизилген санкцияларга бийликке Дональд Трамп келгенден кийин Конгресс мыйзамдык макам берген.

Мыйзам талабына жана Москва 2016-жылкы президенттик шайлоого кийлигишти деген айыптоолорго байланыштуу Трамптын администрациясы да орусиялык компанияларга, жеке адамдарга, Кремлге жакын айрым миллиардерлерге каршы санкция киргизүүгө, орус дипломаттарын чыгарууга барган. Өз тарабынан буга жооп чараларды Орусия да көргөн.

​"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG