Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:54

"Табытын ачпай көмдүк". Украинада каза болгон Байжигит


Байжигит Юсупбаев
Байжигит Юсупбаев

71 жаштагы Ыраткан Юсупбаева кыска убакытта келин-уулунан, көзгө басар небересинен айрылды. Сегиз айынан багып чоңойткон небереси Байжигит 22 жашында Украинадагы согушта каза болуптур.

Кыргызстанда чоңоюп, ушул жактан билим алган Байжигит Орусиянын армиясында кызмат өтөп, кийин согушка тартылган. Аргасыздан согушка барууга мажбур болгон жигиттин сөөгү 20 күн дегенде мекенине келип, туугандары табытты ача алышкан эмес. Ыраткан эненин бир тууган сиңдиси дагы ушул эле жылы Украинадагы согушка кеткен небересинен айрылган.

Орусия Украинага бастырып кирген 2,5 жыл ичинде ондогон кыргызстандыктар кан күйгөн согуш талаасында окко учту. Би-Би-Си радиосу согушта каза болгон 40тай кыргызстандыктын тизмесин ачык булактардан тактаган.

Ошол тизмеде биз алдыда сөз кыла турган 22 жаштагы Байжигит Юсупбаев дагы бар.

Жалал-Абаддын Чоң-Таш айылында чоңоюп, жетилген Байжигит кантип согушка барып калганын сегиз айынан бери багып чоңойткон чоң энеси Ыраткан Юсупбаева айтып берди. Байжигит бул үй-бүлөнүн ишенген, көзгө басар небереси эле.

"Сегиз айынан баштап багып чоңойттум эле, 19га чыкканда кетти. Орусияда төрөлгөндүктөн, бул жакта армияга бара албайт экен да. Анан Орусиядагы ата-энесине улам армияга чакыруу келе берди. Уул-келиним союз тараганда оор учур болбодубу, ошол кезде Орусияга кетип, ал жакта калып калган. Байжигит ошол жакта төрөлүп, бирок Кыргызстанда чоңойгон. Бул жакта же армияга бара албасам, качып жүргөндөй болбой армияга барса барып келейин деп кеткен. Армиядан кийин эле согуш чыгып кетип, ошол жакка алып кетип калды да. Аскер билетимди ала албай жатам, алсам эле Кыргызстанга барат элем деп жүргөн эле. Келсе дагы эмне болсо көрөрбүз деп жөнөтпөй коймокмун. Мага кеткенин 3-4 ай жашырып, Челябинскиде танк, аскер унааларды оңдоп жүрөм, мен согушка кирбейм деп айткан. Кийин телевизордон Украинадагы согушту көрүп коркуп жатам, Челябинскиден чыкпа, барба десем, "апа телевизорду карабаңыз, согуш тууралуу көрбөңүз" деген. Кийин сураштырсам, балам согуштун чордонунда эле жүрүптүр да".

Ыраткан Юсупбаеванын айтымында, Байжигит согушта жүргөндө апасы каза болуп, топурак салууга үлгүрүп келип кеткен. Ошондо айылдагы классташтарына "согуш бүтүп эле кутулбаса, андан тирүү кайтуу дээрлик мүмкүн эмес" экенин айткан экен.

"Апасы каза болгондо келген, ошондо бул жактагы классташтарына согуштун чордонунда эле жүргөнүн, токойдун арасында окоптор бар экенин, түрмөдөн алып барган адамдарга окоп, тоннел каза турганын, сыртка чыкса эле шуулдап октор учарын айтып бериптир. Ошондо "көбү эле окко учуп, кырылып жатышат, айла жок убагы келгенде, согуш бүтүп калып эле кутулбасак, тирүү келгенге деле көзүм жетпейт" деп дос, классташтарына айткан экен. Мага болсо баары эле жакшы деп алдап койчу да".

Туугандарынын айтымында, Байжигит дрон чабуулунда курман болгон. Байжигиттин сөөгү каза болгондон кийин 20 күн дегенде туугандарынын колуна тийген. Жерге берер алдында туугандары табытты ачып, Байжигиттин жүзүн дагы көрө алышкан эмес. Табытты ачпоо сунушталган. Ошондон улам дагы чоң энесинде "табыттагы Байжиттин сөөгүбү, дене-мүчөсү толукпу" деген күмөн ойлор жаралбай койгон эмес.

"Менин балам аябай бою узун, чымыр денелүү болчу. Бою эки метр, укмуш чоңойгон экен. Апасына келгенде мени жаш баладай эле көтөрүп, көтөрүп, "сизди ушинтип багам деп" кетти эле. Табытты ачкан жокпуз, командири азери бала экен. Ошол бала эжелерине Байжигиттин кантип окко учканын айтыптыр. Айтканына караганда, булар жетинчи тоннелден качып сегизинчиге кирген экен, 30дай аскер дейт. Алар кезек-кезек менен чыгып карап турушат экен. Байжигиттин кезеги келгенде дрон менен атыптыр. Эки бала чуркап чыгып эле Байжигитти сүйрөптүр. Кыздарга буту жок деп айтышыптыр, бутун чогултуп алдыбы-албадыбы, билбейбиз деп, колубузга тийгенди эле сүйрөп кирдик деп... Балам байкуш ошол жерден эле үзүлүптүр... Ошентип дене мүчөсү деле толук келдиби же жокпу, билбейм. Антип-минтип колубузга сөөк 20 күн дегенде тийди окшойт. Табытты ачтырган жок. Мен келгенде ачкыла эле ачкыла, жок дегенде баламдын бешенесинен сылайын десем, тиги бала "духуңар жетсе ачкыла, болбосо ачпай эле койгула" дептир. Анан жарым саат деле болгон жок, жаназасын окуп эле алып чыгып кетишти. Табыттагы, балким, Байжигит эмеспи деп дагы ойлойм".

Байжигиттин кан күйгөн согушта окко учканын уккандан кийин анын атасы дагы бир аптага жетпей каза болгон. Ошол учурда ал Орусияда дарыланып ооруканада жаткан экен. Ал дарылануудан баш тартып Кыргызстанга кайтып келе бериптир. Уулунан, небересинен, андан мурдараак келининен айрылган Ыраткан эне көзүнүн жашын сүртүп, сөзүн улантып жатты...

"Балам Кыргызстанда жүрүп, кийин боору ооруп калганда дарылануу үчүн кайра Орусияга кеткен. Ооруканада жатканына үч ай болгон. Анализдери таза чыгып, дарыгерлер жыйынтык жакшы деп баарыбыз сүйүнүп жатканбыз. Ошол учурда баласы Украинада жүрүп, атасына акча салып турган эле. Эки саат мурда эле Байжигит менен сүйлөшкөн экен. Анан эле кызы чалып, Байжигит окко учуптур деп кабар бериптир. Ошол жерден эле балам "мен Орусияга батпай калдым, бул жерге тура албайм" деп болбой ооруканадан чыгып Кыргызстанга келе берди. Баласынын сөөгү ал учурда келе элек болчу. Неберемдин сөөгү кабарды уккандан кийин 18-20 күн дегенде келди. Дагы жакшы, колубузга тийип калды, азыр өлгөндөрдүн сөөгүн алып келе албай жатышыптыр го. Балам болсо Кыргызстанга келип эки түнөгөндөн кийин эле өтүп кетти. Өз баласын койгонго дагы жетишкен жок. Баламды жерге бергенден 12 күндөн кийин өзүм багып чоңойткон неберемдин сөөгү келди. Андан алты ай мурда Байжигттин апасы, келиним өтүп кеткен эле. Келиним дагы рак менен ооруп калган. Орусияда жүргөндөр деле жыргабайт экен да. Байжигит үй-бүлөдө үч кыздын ортосундагы жалгыз уул эле. Атам жакшы болуп калса чогуу барабыз, анан үйлөнөм деп чалып турчу эле, анан эле ушундай болуп кетти. Төшөктө жаткан 53 жаштагы баламды эле аяйм да, болбосо жашагым деле келбейт менин деле".

Ыраткан апа жакында эле небереси Байжигит менен баласынын жылдыгын чыгарды.

Ушул эле жылы анын сиңдисинин небереси дагы Украинадагы согушта кайтыш болгон. Бир туугандардын удаа каза болгон неберелери Украинанын кайсыл аймагында согушуп, каза болгону тууралуу маалымат айтылган жок. Кошуна жашаган эже-сиңди неберелерине алакан жайып, куран окугандан башка арга таппай турушат.

"Байжигит Жалал-Абадда, Чоң-Таш деген айылда чоңойду. Чоң атасынын жанынан чыкпай чоңойгон бала болчу. Атасынын машинесинен түшчү эмес, ошентип жүрүп өзү дагы чоң атадай кыйын сүйлөйт эле. Бардыгы Эркин акенин тарбиясы деп калышчу, артыңдан келип учурашчу деп... Динге берилип, ошол жакта жүргөндө намазга жыгылып калган экен. 9-класстан кийин жеңил өнөр жай лицейин бүтүргөн. Армиядан келгенде окуумду улантам, Орусияда өзүм деле тургум келбейт деп калчу. Там-таштын бардыгы Байжигиттики деп отурчу элек.

Сиңдимдин небереси да ушул согушта каза болду. Ал деле менин неберемдей эле да. Экөөбүз кошуна эле турабыз. Биздин балдардын күнөөсү жок, болгону эле Орусияда төрөлүп калганы. Кээ бир ата-энелер түшүнбөй эле жөнөтүп жатат. Азыр жарандыгы жок эле балдар барып өлүп калып жатат. 5 млн рубль Путин берет экен, аны бир туугандары алышты. Багып-көргөн сиздики деп эле отурушат, акчасы деле көрүнбөйт, балам өлбөсө кандай гана акчаны табат эле".

Ыраткан апанын сиңдиси небереси тууралуу айтып берүүнү каалаган жок.

Буга чейин "Азаттык" орус армиясы Украинадагы согушка борбор азиялыктарды жалдаган, азгырган жана мажбурлаган фактылар бар экенин жазып, согушта кыргызстандыктар кайтыш болгон бир нече жагдайды аныктаган.

Алгач Украинада согушта набыт кеткендердин көбү орус түрмөлөрүндө жаза мөөнөтүн өтөп жаткандар экени белгилүү болгон. Кыргызстандын канча жараны кан күйгөн согушка тартылганы жана канчасы каза болуп, туткунга түшкөнү тууралуу так маалымат жок.

Орусия Украинадагы согушка келишимдик негизде соңку бир жылда 26 миңден ашуун кишини жөнөткөнүн, алардын көбү аймактардын тургундары, 10% башка өлкө жарандары экенин буга чейин "Верстка" басылмасы аскерге келишимдик негизде жөнөтүүчү бирдиктүү пунктка жана башка бир нече булакка таянып билдирген.

Би-Би-Си согушта өлгөн ыктыярчылардын арасында башка өлкөлөрдөн баргандар да бар экенин, мындай 272 кишинин аты-жөнүн аныкталганын, алардын көбү Борбор Азиядан экенин жазган. Мындан сырткары Орусиянын жарандыгын алган теги кыргызстандыктар дагы бар.

XS
SM
MD
LG