Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:23

"Уулдун ордун жоктотпосом дейм". Жалданма жумуш менен жан баккандар


Жалданма жумуш менен жан баккандар
please wait

No media source currently available

0:00 0:28:12 0:00

Жалданма жумуш менен жан баккандар

Чүйдүн жака белиндеги айылдарда талаа жумуштарында жалданып иштеген бир нече топтор бар. Алардын көпчүлүгү аялдар. “Данистенин” бул жолку чыгарылышында Сары-Өзөндүн кең талаасында кечке жаны тынбай иштеп, жалданма жумуш менен жан баккандар тууралуу айтып беребиз. 

Таң агаргандан каш карайганга чейин иштешет

Дилрабон Сагындыкова таң атпай туруп, өз үйүндөгү тиричилигин жайгара салып, талаа жумушуна шашыла жөнөп кетет. Күн сайын ушундай, аны эшик алдында кичи автобус күтүүдө.

“Менен жумушум башталды. Саат төрт жарымда туруп, уйларды саап коюп эл чогултам. Ар бир кишиге чалып чыгам. Уктап калгандар болот. Аларды ойготом”.

35 жаштагы Дилрабон Чүйдүн Спартак айылындагы талаада жалданып иштегендерге топ башчы. Мындай топтордун бир нечеси бар. Дилрабондун 40тай кишиден турган бригадасы бул жолу Чүйдүн Күн-Туу айылына кожогат (малина) тергенге баратат. Жолго бир сааттай убакыт кетет.

“WhatsApp группабыз бар. Ошол группага “жумуш бар, эртең ким чыгат” деп жазам. Алардын жообуна жараша киши чогултам. Жарым саат, 40 мүнөттө чогутуп бүтөм. Саат бештен өтүп айылдан чыгып кетебиз”.

Талаага кожогат тергени келген аялдар
Талаага кожогат тергени келген аялдар

Топтогулардын басымдуусу аялдар. Алардын көбү камерага түшүүдөн тартынып турушту. Тааныштар көрсө эмне дейт деп, жалданып, талаада, кара жумушта иштегенин ачык көрсткүлөрү келбейт, намыс көрүшөт.

“Түшө бергиле, бетиңерди тартпайт. Толук болдубу, Наргизалар чыккан жокпу? - деп кайрылды Дилрабон машинеге түшүп жаткан аялдарга сүйлөйт.

Жолдон базарга токтоп, эртең мененки тамакка азык-түлүк сатып алышып, сапарын улашты. Таң агарганда эле кожогат эгилген талаага жете келишти. Алар алды менен өздөрү менен сала келген тамак-ашын дасторконго коюп, шам-шум этишти. Бул аралыкта Дилрабон ишке чыккандардын тизмесин тактап жатты:

“Ар биринин атын жазып, тушуна ким канча тергенин эсептейбиз. Ошого жараша акчасын алышат”.

"Кожогаттын ар бири акча көрүнөт"

Таң атпай келишкени да ошондон, канчалык көп иштесе акысы да ошого жараша төлөнөт.

“Мага кожогаттын ар бири акча көрүнөт. Мисалы бул бир сом, бул эки сом деп чогулат да. Бир банка терсек 20 сом алабыз”, - деди аялдардын бири.

Топ башчы жумушчуларды талаага чогултуп гана келбестен, иштин сапаты үчун дагы жооп берет.

“Чала терип жатышса, таза теришин талап кылам. Анткени кожоюн мени менен гана сүйлөшөт”.

Бул жумушчулардын бардыгы Тажикстандын Жерге-Талынан келген этностук кыргыздар. Алар көп жылдан бери ушундай талаа жумуштары менен жан багышат. Алардын бири - өзүн Майрам деп тааныштырган аял иштин түйшүгү тууралуу буларды айтты.

“Кожогат терүү бир аз жеңилирээк. Эң кыйыны дарбыздыкы. Анда кетмен чабабыз. Аял кишиге бул бир аз кыйын болуп кетет. Айла жок, ага башка жумуш жок болуп калганда чыгабыз. Бирок анын акчасы да аз. Дарбыздан бир күндө 800 сом табабыз. Кожогаттан жакшы иштесек, 2000-3000 сомго чейин таап алсак болот. Эми ал бүтсө сабиздин сезону башталат. Кышында эс алабыз”.

Дилрабон
Дилрабон

"Жалданып иштеп жүргөнүмө 20 жылдан ашты"

Бир кезде Чүйдүн жака-белине көчүп келип отурукташкан жергеталдык кыргыздардын талаадагы жалданма жумуштарда иштеген бир нече тобу бар. Алар сезонго жараша ар кандай жумуштарда бөлүнүп иштешет. Маселен, Карамат Умарованын тобу азыр кулпунай терип жатышат. 60ка таяган Умарова 20 жылдан бери ушундай жумуштарда иштеп жүрүп, түрдүү кырдаалдарга туш болорун кеп кылды.

“Талаада, жалданып иштеп жүргөнүмө 20 жылдан ашты. Пияз, сабиз, калемпир теребиз. Ар кандай учурлар болот. 20 сомго чыгып иштеген күндөр болгон. Бир чака пиязга иштеген учур да кезиккен. Айрым учурда “жакшы иштебей койдуңар” деп кожоюн акчабызды бербей койгон күндөр да болгон.

"Талаада иштеп жүрүп, ден соолугубузду деле ойлогонго чамабыз келбейт", - дешти биз сүйлөшкөн аялдар. Туруктуу жумуш табуу мүмкүн эмес, ошондуктан жалданып иштеп болсо дагы тирчиликке кем-каржы табарын айтып жатышты.

Карамат Умарова
Карамат Умарова

“Бир муктаждыгымды бүтүрүп алсам эле ишке чыкпайм деп айтам. Бирок кайра эле айланып ушуга келем. Мисалы баламды үйлөнтүп алсам эле талаага чыкпайм дегем. Бирок ага үй-жай алып беришим керектигин ойлоп кайра эле чыктым”, - деди Карамат Умарова.

Ар кимисинин өз түйшүгү, өз максаты бар.

Көптөгөн жумушчулар топторунун биринин башчысы Дилрабон болсо сезондук иштер бүткөндөн кийин дагы тобун эс алдырып, кам көрүп, ортодогу ынак мамилени сактап жүргөнгө аракет кылат.

“Күйөөлөрүнө айтпай келгендер бар. Бир күн иштеп бир аз кийим алып алалы дешет. Айрымдар иштеген акысына кожогат алышат. Кээ бири аялдар менен сүйлөшүп, чер жазуу үчүн келишет. Быйыл аялдарды чогултуп алып, тоого чыгарып келдим. Ал жактан ойноп-күлүп, күч топтоп келдик. Ар бир аялдын маанайын карап турам. Ооруп калгандар болсо дарысын алып келип берем”.

Дилрабон Сагындыкова кыздары менен базарда
Дилрабон Сагындыкова кыздары менен базарда

Дилрабондун эки кызы бар. Жолдошу менен эки ажырым жолго түшкөнүнө беш жылга аяк баскан.

Жалгыз бой эне мектеп жашындагы кыздарынын кем-карчын толуктоо үчүн базарга барды.

“Былтыркыдан аябай эле кымбат болду. Былтыр бир баламды 8 миң сомго даярдадым эле. Азыр 20 миң сом кетти. Формасын алдым, бут кийимдерин алдым. Окуу-куралдары эле 3000 сом болду”.

Дилрабон эки кызы ата-энеси менен Чүйдүн Спартак айылынан үч чакырымдай алыс обочодо жайгашкан кашарда турат. Ал кыйла жылдан бери айылдын ичинен үй сатып алсак деген ниетте жүргөнүн кеп салды.

“Мектеп аябай эле алыс. Кичинемде аябай кыйналдым. Атама “эмнеге айылдын ичинде жашабайбыз" деп капа болчумун. Азыр деле атам менен сүйлөшүп, айылдан там сатып алсак деп ойлойм”.

"Атамдын кыйналганын көргүм келбейт"

Дилрабон алты бир тууган. Баары кыздар болгондуктан ал атасына жардам берип, сыртта эркектин түйшүгүн да тартып, бала кезинен ошого көнгөн экен.

Дилрабон Сагындыкова үйүндө кызы менен
Дилрабон Сагындыкова үйүндө кызы менен

“Бул атамдын чакан чарбасы. Бирин-серин малыбыз бар. Атама жардам берип, эркек баланын ордун жоктотпосом дейм. Өзүм түйшүк тартсам да, атамдын кыйналганын көргүм келбейт. Ал жаштыгын бизди чоңойтконго арнады. Эми биз ата-энебизди карашыбыз керек. Иш деп жүрүп кээде өзүмдү деле унутум коем. Сезон болуп жатканда иштеп, акча таап алайын дейм. Өзүмдү караганга убактым жок”.

Дилрабондун ата-энеси Тажикстандын Жерге-Тал аймагынан 1993-жылы жылы көчүрүп келишкен. Атасы Спартак айылындагы мектепте кыргыз тил, адабияты сабагынан мугалим болуп бир топ жыл иштептир. Азыр пенсияга чыккан.

“Азыр Дилрабонду карап турабыз. Биздин негизги жардамчыбыз”, - деди Дилрабондун атасы Жалол Сагындыков.

Талаадагы жалданма жумуштарда иштеген аялдардын түйшүгү, турмушу Дилрабондукунан көп деле айырмаланбайт. Алар деле күнүмдүк керектөөсү үчүн таң атпай туруп, каш карайганча иштешет.

Тер төккөн мээнет күнүмдүк керектөөнү жапканы менен оор эмгектин залакасын алардын жүзүнө чегерип жаткандай.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги быйыл май айында жалпы өлкө боюнча Кыргызстанда 91 600 адам жумушсуз экенин, анын ичинен 64 миң 600ү ишсиз катары расмий каттоодо турганын билдирген. Июль айында Бишкек шаарында расмий эсепте 4952 тургун жумушсуз деп катталган. Алар негизинен аялдар жана жаштар.

Ал эми Улуттук статистика комитетинин сурамжылоосунун негизинде 131 миң 600 адамды түзөт. Алардын 44,3% аялдар. Өлкөдөгү жалпы жумушсуздук деңгээли 5% жакын деп көрсөтүлгөн.

29-февралда Эл аралык республикалык институт (IRI) уюмунун тапшырмасы боюнча SIAR изилдөө-консалтинг компаниясы жүргүзгөн сурамжылоонун жыйынтыгы чыккан. Ага катышкандардын көбү Кыргызстан үчүн бүгүнкү күндө эң олуттуу көйгөйлөрдүн бири жумушсуздук экенин айтышкан.

Президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Аскат Алагөзов сентябрь айында Кыргызстанда тигүү тармагына, курулушка жумушчу күчү жетпей жатканын билдирип, Орусиядагы мигранттарды мекенине кайтууга чакырган.

XS
SM
MD
LG