Быйыл 3-апрелде мекеме аралык комиссиянын чечими менен «Худудгазтаъминот» акционердик коому өткөргөн тендерди «Texnopark» фирмасы утуп алган. Ушул эле чечимдин негизинде 23-апрелде эки тарап мамлекеттик заказды аткарыш үчүн юридикалык документке кол коюшкан.
Бирок «Азаттык» радиосунун өзбек кызматынын журналисттери 584 миллион долларлык бул келишим бир катар мыйзам бузуу менен түзүлгөнүн аныкташкан.
«Texnopark» фирмасы келишим түзүлгөндөн бери бир да газ эсептегич өндүрүп чыккан эмес. Ал эми өзбекстандыктардын үйүнө орнотулган «Osten» үлгүсүндөгү газ эсептегичтер кеңири жана узак мөөнөттүк сыноодон да өткөн жок.
Ушул жылдын 24-сентябрында Анжиян шаарындагы бир батирде «Texnopark» чыгарган «Osten» газ эсептегичи орнотулгандан эки саат өткөндөн кийин жарылып кеткен. Бул өз кезегинде мамлекеттик бюджетке 583 миллион доллардан ашык чыгым алып келүүчү долбоордун коопсуздугунан күмөн санатат.
Жашыруун келишим
Ташкент шаарынын мэри Жахонгир Артыхожаев жана «Акфа/Артель» корпорациясынын ээси менен байланышы бар «Texnopark» фирмасы менен мамлекеттик «Худудгазтаъминот» компаниясы 2020-жылдын 23-апрелинде келишим түзгөн.
Орусча түзүлгөн бул келишимди «Азаттык» радиосунун өзбек кызматына өкмөттө иштеген расмий адамдар жашыруун түрүндө беришкен. Тиркеме менен бирге 15 беттен турган келишимге «Texnopark» фирмасынын директору Сарвар Ахадов жана «Худудгазтаъминот» акционердик коомунун өкүлү Шахноза Исламова кол коюшкан.
Келишимге ылайык, «Технопарк» фирмасы «Худудгазтаъминот» акционердик коомуна алты үлгүдөгү 3.546.148 даана газ эсептегич, 2.455.176 даана газ эсептегич кутучасын жана 1.292.969 даана регуляторлорду жеткирип берүүгө милдеттенме алган.
Ал эми 23-апрелде келишимге кол коюлуп жатканда анын аяктоо мөөнөтү 2021-жылдын 1-июлуна чейин белгиленип, сатып алуунун наркы салыктар менен бирге беш триллиондон ашык сум деп эсептелген.
Келишимдин маңызы
3,5 миллиондон ашуун үйгө «Остен» газ эсептегичин мажбурлап орнотуу салык төлөөчүлөрдүн эсебинен ишке ашырылууда.
Өзбекстандын «Мамлекеттик сатып алуу жөнүндө» мыйзамы мындай долбоорлордун толугу менен коого ачык-айкын болушун талап кылат. Ушундан улам «Азаттык» радиосу эки серепчиге «Texnopark» фирмасы менен «Худудгазтаъминот» акционердик коомунун ортосунда түзүлгөн жашыруун келишимге юридикалык баа берүү тууралуу өтүнүч менен кайрылган.
Серепчилердин бири «Мамлекеттик сатып алуу жөнүндө» мыйзамдарды карап чыкты. Ал келишимде бир катар пункттар мыйзамга каршы экенин тапкан.
Ал эми экинчи эксперт - мамлекеттик компаниялардын келишим түзүү жараяндарына түздөн-түз тиешеси бар юрист «Texnopark» фирмасы менен «Худудгазтаъминот» акционердик коомунун ортосунда түзүлгөн жашыруун келишимдин тексти менен таанышкандан кийин бир катар маанилүү жагдайларга токтолгон:
«Бул 1,5 миллиард долларлык келишим - акыркы жылдары Өзбекстанда адатка айланып калган жашыруун келишимдердин бири гана. Энергетика тармагындагы мамлекеттик компаниялар менен жеке ишканалардын ортосунда түзүлгөн келишимдердин тексттерин карасаңыз, алардын ар биринде документтин купуялыгы жөнүндө атайын бөлүм бар экендигин байкайсыз. «Eriell» жана «ENTER Engineering» сыяктуу компаниялар менен миллиарддаган долларлык келишимдердин бар экени жөнүндө коомчулукка маалымат берилдиби? Албетте, берилген жок».
Корпоративдик документтерге адистешкен бул серепчи Шавкат Мирзиёев бийликке келгенден кийин Өзбекстан «бизнес корпорациясы сыяктуу эле башкарууга өттү» деп баса белгиледи:
«Ушундай эле тажрыйбалар Каримовдун убагында да болгон. Бирок ал убактагы келишимдер Өзбекстандын мамлекеттик компаниялары менен Орусиядагы, Кытайдашгы жана Түштүк Кореядагы ири мамлекеттик компаниялардын ортосунда түзүлгөн келишимдерге байланыштуу болгон. Бүгүнкү күндө Өзбекстан бизнес корпорациясы сыяктуу башкарылууда. Мамлекеттин байлыгына, салык төлөөчүлөрдүн акчасына жана мамлекеттин кепилдиги менен алынган миллиарддаган карыздын эсебинен түзүлгөн келишимдер «бизнес сырга» айланып баратат. Бул Өзбекстандын тарыхында буга чейин болуп көрбөгөн коррупциянын дагы бир деңгээли деп ойлойм».
Келишим мыйзамга ылайык экспертизадан өттү беле?
Өзбекстандагы бир катар мыйзамдарга, ошондой эле президент Шавкат Мирзиёев кол койгон токтомдорго ылайык, мамлекеттик сатып алууга байланыштуу жараяндын ачыктыгын жана калыстыгын камсыз кылыш үчүн келишимдер бир нече инстанцияларда экспертизадан өтүшү керек.
«Азаттык» радиосу өз иликтөөсүндө «Мамлекеттик сатып алуу жөнүндө мыйзамда» жана башка документтерде каралгандай, «Texnopark» фирмасы менен «Худудгазтаъминот» акционердик коомунун ортосунда түзүлгөн келишим экспертизадан өткөн-өтпөгөнүн аныктоого аракет кылган.
Анда «Худудгазтаъминот» акционердик коомунун басма сөз катчысы Мехрибон Маметова «Азаттык» радиосу менен болгон маегинде ал келишимди көрө элек экенин жана бул документти даярдоо жараяны кандай жүрүп жатканынан кабары жок экенин айткан. Ошондой эле «документ керектүү экспертизадан өткөнүнө эч күмөн санабайм» деп кошумчалаган.
Ал эми журналисттерге «Texnopark» фирмасынын директору Сарвар Ахадов бул келишимге байланыштуу маалымат бере албай турганын билдирген.
Өзбекстанда мамлекеттик сатып алууга байланыштуу долбоорлордун жана келишимдердин экспертизасын Экономикалык өнүгүү жана жакырчылыкты азайтуу министрлигинин карамагындагы Долбоорлорду жана импорттук келишимдерди комплекстүү экспертизалоо борбору жүргүзөт. Атын атагысы келбеген борбордун кызматкери газ эсептегичтер боюнча келишим мекемеге келип түшпөгөнүн айткан.
«Биз мамлекеттик сатып алууга байланыштуу келишимдердин текстин толугу менен экспертизадан өткөрбөйбүз, анын баасын гана эске алабыз. Товардын компания сунуш кылган баасын базардагы баага салыштырып, өз оюбузду билдиребиз. Биз «Texnopark» фирмасы менен «Худудгазтаъминот» акционердик коомунун ортосунда түзүлгөн келишимди алган жокпуз. Бул документ биздин борбордо баалар боюнча экспертизадан өткөн жок», - деди экспертиза борборунун кызматкери.
Акыркы үч жылдан бери иштеп келе жаткан бул борбордун дагы бир адиси экспертизадан өткөрүлө турган келишимдердин арасында «Texnopark» менен «Худудгазтаъминоттун» ортосунда түзүлгөн келишим жок экендигин айткан. Ошондой эле Өзбекстандын Монополияга каршы комитетинин өкүлдөрү журналисттерге «Технопарк» менен «Худудгазтаъминоттун» ортосунда түзүлгөн келишим жөнүндө маалымат жок экенин билдиришкен.
«Биздин комитет ушул сатып алуу боюнча тендерге киргизилген жок, ошондой эле тендерден кийин даярдалган документтер жөнүндө эч нерсе билбейбиз», - деди Монополияга каршы комитеттин өкүлү.
Ал арада 24-сентябрда, Анжияндагы батирлердин биринде «Остен» газ эсептегичи орнотулгандан эки саат өткөндөн кийин жарылып кеткен. Бул окуядан кийин президент Шавкат Мирзиёев бул газ эсептегичтерди өзбекстандыктардын үйлөрүнө орнотууну тездетүү боюнча атайын жарлыкка кол койгон.
Мамлекет башчынын жарлыгы менен, наркы дээрлик 600 миллион АКШ долларын түзгөн бул долбоордун негизги каржылоосу Реконструкциялоо жана өнүктүрүү фондуна жүктөлгөн. Ал фонд «Худудгазтаъминот» акционердик коомуна 150 миллион доллар өлчөмүндө жеңилдетилген насыя бөлүп бериши керек.
«Texnopark» менен «Худудгазтаъминоттун» ортосундагы келишимге кол коюлгандан дээрлик алты ай өткөндөн кийин, ага түздөн-түз тиешеси бар башка органдар да бул документти изилдей баштаган.
Ал эми өлкөнүн Энергетика министрлиги бул келишим сентябрдын аягында гана президенттин жарлыгында көрсөтүлгөн фонддорго жана мекемелерге жөнөтүлгөн деп жыйынтык чыгарган.
«Азаттык» радиосунун журналисттеринин колуна тийген документтердин арасында Өзбекстандын Реконструкциялоо жана өнүктүрүү фондунун аткаруучу директору У.Мухторовдун «Худудгазтаъминот» акционердик коомунун жетекчилигине жазган каты да бар.
Президенттин жарлыгы менен бул фондго «Худудгазтаъминот» акционердик коомуна газ эсептегичтер боюнча долбоорду ишке ашыруу үчүн 150 миллион доллар бөлүп берүү тапшырылган.
Фонддун жетекчилигинин 6-октябрдагы катында «Texnopark» менен түзүлгөн келишимге бир катар каршы пикирлерин билдирген. Биринчиден, «Texnopark» сатып жаткан товарлардын заманбаптыгын, анын ушул түрдөгү башка товарлардан артыкчылыгын, ошондой эле программалык камсыздоонун лицензиясын тастыктаган документтер жок экени айтылган. Экинчи каршы пикир болсо олуттуу мыйзам бузуу жөнүндө жүйөлөрдү камтыган.
«Худудгазтаъминот» акционердик коомуна берилген ыйгарым укуктардын негизинде келишимге АСКУГ дирекциясынын башчысы кол койгон.
«Акционердик коомдор жана акционерлердин укуктарын коргоо жөнүндө» мыйзамга ылайык, наркы компаниянын таза активинин наркынын 50 пайызынан ашкан ири келишимдерди түзүү жөнүндө чечим акционерлердин жалпы чогулушунда кабыл алынышы керек. Эсептөөлөр боюнча, 2020-жылдын 1-июлуна карата «Худудгазтаминот» акционердик коомунун таза активдеринин наркы 3,16 триллион сум болгону менен, түзүлгөн келишимдин наркы 5 триллион сумдан ашып кеткен. Бул тууралуу фонддун расмий катында айтылат.
Ошондой эле бул жараяндардын «ийне-жибин» жакшы билген өзбек аткаминерлердин бири, катта айтылган мыйзам бузуу фактыларынын бирөө эле «Texnopark» менен «Худудгазтаъминоттун» ортосунда түзүлгөн келишимди жокко чыгарууга жетиштүү себеп болуп калышы мүмкүн деп билдирет.
Мындан тышкары Реконструкциялоо жана өнүктүрүү фондунун катында бул келишимдеги төлөө шарттары тендердик комиссия тарабынан бекитилген документтерге дал келбей турганы айтылат. Ошондой эле катта «Texnopark» фирмасына 180 күндөн кийин товарларынын баасын өзгөртүү укугун берүү 2018-жылы кабыл алынган «Мамлекеттик сатып алуу жөнүндө» мыйзамга каршы келери баса белгиленет.
«Азаттык» радиосунун өзбек кызматынын колуна тийген дагы бир документ - бул «Узинжиниринг» мамлекеттик долбоорлоо институтунун директорунун биринчи орун басары Ш.Шаймардоновдун «Худудгазтаъминот» акционердик коомунун төрагасы Б.Эшмуродовго жазган каты.
6-октябрдагы расмий катта газ эсептегичтер долбоорун ишке ашыруу боюнча өтүнүчтөр жана маалыматтар президенттин 24-сентябрда кабыл алган жарлыгына дал келбей тургандыгы көрсөтүлгөн.
Бул каттагы негизги каршы пикир «Texnopark» менен түзүлгөн келишимдин аткарылышы үчүн талап кылынган каржылоо булагынын так эместигине байланыштуу. Анткени 583,8 миллион долларлык долбоордун жалпы наркынын 177,5 миллион долларынын булагы белгилүү. Анын 150 миллион доллары Реконструкциялоо жана өнүктүрүү фонду, калган 27,5 миллион доллары «Узпромстройбанк» тарабынан бөлүнөт.
Мурун негизинде Шаймардонов «Худудгазтаъминот» акционердик коомунун жетекчилигинен долбоор үчүн калган 406,3 миллион доллар кайдан алынарын тактай турган документтерди берүүнү өтүнгөн.
Ал эми Өзбекстандагы укук коргоо органдарына тийиштүү булактын айтымында, Ташкент шаарынын мэри Жахонгир Артыхожаевге байланышкан «Texnopark» менен түзүлгөн жашыруун келишим Өзбекстандын мыйзамдарына карама-каршы келет жана ошондой эле бул ири коррупциялык схема Коррупцияга каршы күрөшүү агенттигине чейин жеткен.
Буга байланыштуу агенттик «Худудгазтаъминот» акционердик коомунун жетекчилигинен башка документтер менен катар «Texnopark» менен түзүлгөн келишимдин толук текстин берүүнү суранган. «Азаттык» радиосунун өзбек кызматынын карамагында азырынча бул өтүнүчтү тастыктаган маалымат жок.