Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:34

Өзбекстандык секундант: Кыргыз боксундагы тарыхка күбө болдум


Мунарбек Сейитбек уулу жана курама команданын башкы машыктыруучусу Данияр Төлөгөн уулу менен өзбекстандык машыктыруучу Акмал Хасанов (Өзбекстандын улуттук Олимпиада комитети тарткан сүрөт).
Мунарбек Сейитбек уулу жана курама команданын башкы машыктыруучусу Данияр Төлөгөн уулу менен өзбекстандык машыктыруучу Акмал Хасанов (Өзбекстандын улуттук Олимпиада комитети тарткан сүрөт).

Париждеги Олимпиада оюндарында жарым финалга чыккан Мунарбек Сейитбек уулун курама команданын башкы машыктыруучусу Данияр Төлөгөн уулу менен чогуу өзбекстандык машыктыруучу Акмал Хасанов секундант катары коштоп чыгууда. "Азаттык" Акмал Хасановду азыноолак кепке тартты.  

- Сиз кыргызстандык мушкер Мунарбек Сейитбек уулуна секундант болгонуңуз кырнетте кызуу талкууланып жатат. Кандайча катышып калдыңыз?

- Мунарбекти көптөн бери тааныйм. Ташкентте, чет жактарда бирге машыгууда болгонбуз. Биздин Кыргызстандын бокс федерациясы, спортчулар менен алакабыз жакшы. Башкы машыктыруучуну көптөн бери билем, тажрыйбасы мол. Биздин спортчулар буга чейин бирге машыгууларга барып келишкен. Ошондуктан жардам сурап кайрылганда эч ойлонбой макул болдум. Жардам берип жатканыма аябай сүйүндүм. Кудайга шүгүр, Мунарбек Кыргызстандын тарыхына кирди.

- Секунданттын ролу кандай?

- Бокста секунданттын ролу маанилүү. Ал катышпаса, спортчуга оор болот. Бул адам спортчунун кемчиликтерине, абалына көз салып турат. Ар бир тыныгууда тактика тууралуу айтып берет. Соңку беттеште утушубузга көз жетти. Ошондуктан Данияр ага (ред.: Кыргызстандын улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Данияр Төлөгөн уулу) экөөбүз Мунарбекке "өзүңө катуу сокку алып калба" деп айтып жаттык. "Биз утуп жатабыз, жаракат алба" дедим. Америкалык күчтүү мушкер, дүйнө чемпиону менен беттешти. Мунарбек утканда, сүйүнгөнүмдөн көзүмө жаш алдым. Кудай мени тарыхый учурда жанында болууга себепчи кылды. Буюрса, Кыргызстандын тарыхындагы алгачкы медал болот. Биз коңшулардын ийгилигине чогуу кубанып, сүйүнүп жатабыз.

- Мунарбектин жеке машыктыруучусу барбай калганы тууралуу талкууларды угуп жатсаңыз керек. Буга сиздин пикириңиз кандай?

- Негизгиси, башкы машыктыруучу жанында. Бокста бир балага бир же эки машыктыруучу келиши керек. Чындыгында, бир балага он машыктыруучу келиши мүмкүн эмес. Азыр башкы машыктыруучуга мен дагы колумдан келишинче көмөк көрсөтүп жатам. Албетте, жеке машыктыруучусу келип, жанында турганы деле жакшы болмок. Бирок Дүйнөлүк Олимпиада комитети Кыргызстанга аз квота бергендиктен ушундай болуп жатат. Башка арга жок.

- Быйылкы Олимпиада оюндарында спорттун ушул түрү кызуу талкууланып жатат. Сиз Борбор Азия өлкөлөрүнүн бокс мектебин кандай баалайт элеңиз?

- Бокс боюнча Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстандын мушкерлери келишти. Алардын көрсөткүчтөрү жакшы. Мисалы, кечээ тажик мушкери коло медал алды. Казак спортчусу финалга чыга турган болду, Өзбекстанда эки мушкер финалга, үч мушкер жарым финалга жолдомо алышты. Жалпы биздин өлкөдөн жети мушкер келген болчубуз. Борбор Азия өлкөлөрүнөн келген мушкерлер бул жакта өз мектептерин таанытып, жакшы көрсөткүчтөргө ээ болуп жатышат. Баарыбыз азыр чогуу жүрөбүз. Кантсе да тилибиз, салтыбыз бир эмеспи. Баары биздин досторубуз. Бул жакта да чогуу машыгып жатабыз. Ким медал алса, сүйүнүп, куттуктайбыз. Бул жакта жүзүбүз жарык жүрөбүз. Башкысы, биздин элдер арасындагы ынтымагыбызды да көрсөттүк.

- Жарым финалдык беттешке дагы сиз секундант болосузбу? Мунарбектин даярдыгы кандай?

- Азыр жарым финалга даярдык көрүп жатабыз. Мунарбектин беттешине кайра секундант болуп чыгам. Ал жарым финалда Болгариянын атынан чыгып жаткан кубалык мушкер менен беттешет. Колубуздан келгендин баарын кылабыз. Азыр баарыбыз Мунарбектин атаандашынын беттештерин көрүп жатабыз. Данияр ага менен анализ кылып чыктык. Даярдык жакшы. Кыргыз эли дуба кылып, колдоп турса баары болот деп ойлойм. Башкысы, бул тарых. Мунарбек тарыхта калды. Финалга да чыксын, медал тагынып, элине кетсин деп жатам. Ошол тарыхта мен да болуп калганым - чоң сыймык.

Мунарбектин ийгилиги кыргыз спорт күйөрмандарын бир чети кубантып турса, анын жеке машыктыруучусу Беганас Султанбаевдин шакиртин коштоп Олимпиадага барбай калганы социалдык тармактарда кызуу талкуу жаратты. Маданият министрлигинин Дене тарбия жана спорт департаментинин жетекчиси Айбек Абдымомунов Фейсбуктагы баракчасына машыктыруучуларга аккредитация мушкерлер лицензия алганга чейин берилип бүткөнүн, буга байланыштуу башкы машыктыруучу гана Париж оюндарына аккредитация алганын билдирди.

Мунарбек Сейитбек уулу 9-августка караган түнү жарым финалда болгариялык Хавьер Ибаньес Диас менен беттешет. Бокс боюнча 57 килограмм салмакта финалдык беттештер 11-августка караган түнү болот.

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG