Бишкектеги №29 мектепте күн сайын баскетбол боюнча машыгуу өтөт. Биз барганда, спорт залда кыздар менен балдар эки командага бөлүнүп ойноп жатышкан экен. Бул Кыргызстандын баскетбол боюнча кыздардын курамасы. Өлкөдө башка команда жок болгондуктан, кыздар эркектердин командасы менен чогуу машыгып, ойногонго туура келет.
Мындагы кыздарды улуусу 17де, калгандары 12-14 жаштарда.
Кыздардын эң улуусу Евелина Мазикина. Учурда Дене тарбия жана спорт академиясында окуп жатат. Ал 8 жылдан бери баскетбол менен машыгат.
"Кыргызстанда кыз-келиндердин баскетболу анчалык өнүккөн эмес. Баскетбол менен машыккан кыздар аз. Кыздар баскетболу өнүксө дейм. Баскетболду аябай жакшы көргөндүктөн, аны өнүктүргүм келгендиктен да Дене-тарбия жана спорт академиясына тапшырдым. Мындан ары да баскетбол ойноп, калыстык кылып, эл аралык мелдештерге катышкым келет. Анан кыздарды бул спорттун түрүнө тартсам дейм", - дейт Евелина.
Евелина көпчүлүк кыздар мектепти аяктаган соң баскетболду таштап кетерин айтат:
"Биздин команда азыр жаш кыздар менен толукталды. Мурда ойноп жүргөн кыздар мектепти аяктаган соң көпчүлүгү чет өлкөгө окууга тапшырып кетишти. Айрымдары убактысын дээрлик бүт бойдон окуусуна жумшагандыктан да баскетболду таштап коюшту".
Курамадагы кыздардын бири Влада Вилаш атасы баскетболчу болгону үчүн бул спортко келген.
"Баскетбол - акылдуулардын жана шамдагайлардын оюну. Мында ар бир кадамыңды ойлоп басасың. Менин боюм кичинекей болгону үчүн, баскетбол ойнойм деп айтсам, көпчүлүк таң калат берет. Анан айрымдар сени түртүп салат, жаракат алып каласың дешет. Бардык эле спорттун түрүндө жаракат алышың мүмкүн да. Бирок кандай ойногонумду көргөн соң баары мени колдой башташат", - дейт Влада.
"Мүмкүнчүлүгүм болгончо баскетбол ойноп, эл аралык мелдештерде Кыргызстандын намысын коргогум келет. Мындан ары университетимдин атынан мелдештерге катышып, бул команда менен да ойной берем", - деди Влада.
Баскетболчу Согдиана Дүйшеева учурда №29 мектепте 11-класста окуйт.
"Атам өзү баскетболчу болгондуктан, мени баскетболго берген. Ата-энем дайыма колдоп турат. Кыргыз коомунда спорт кыздардын иши эмес дегендер көп. Бирок дүйнөдө баскетбол менен алектенген кыздар өтө көп. Андыктан ата-энелерге кыздарыңарды колдогула дейт элем. Спорт - бул ден соолук. Кыздар спорт аркылуу өз максаттарына жетүүгө үйрөнөт. Кыргызстанда баскетбол менен кесипкөй деңгээлде ойногон кыздар аз. Өлкөдө күрөшкө кызыккан кыздар көп. Менимче, балбан кыздардын эл аралык меллештерге, Олимпиада оюндарына катышып, байгелүү орундарды алганы үчүн, аларды көрүп шыктанган кыздар көбөйүп жатат. А баскетболдо азырынча андай кыздар жокко эсе. Ошол себептен деле бул спортко кызыккан кыздар аз болуп жатат".
Согдиана быйыл Улуттук курама команда менен дүйнө чемпионатына жана Азия чемпионатына катышкан.
Кыргызстанда кыз-келиндер арасында өлкө чемпионаты жыл сайын өтүп турат. Ага жалпы 6 команда катышат. Негизинен университеттердин клубдары кирет.
Шакиржан Куранбаев - кураманын машыктыруучусу. Учурда ал командасын алдыдагы жолдоштук беттешке даярдап жатат.
"Бизде кыздар негизи өзүнчө машыгышат. Бирок жакшы атаандаштык болсун деп балдардын командасы менен беттештерди уюштурабыз. Анткени Кыргызстанда бул кыздарга тең команда дээрлик жок. Өзүнөн алсыз команда менен ойногондон тажрыйба алыш кыйын. А балдар бир топ күчтүү. Кыздар алар менен ойногондон тажрыйба алып, чыңалышат. Жакында январь айыеда бизде эки жолдоштук беттеш болот. Ошого даярданып атабыз. Алматы шаарынын "Томирис" баскетбол клубу менен беттешебиз".
Шакиржан Куранбаев өзү да улуттук курамада ойноп келген. Баскетболдун 3х3 түрүнөн Азия оюндарына катышкан. Акыркы 10 жылда машыктыруучулук менен алектенет.
"Акыркы жылдары кыз-келиндер баскетболу кыйла жанданып калды. Бир учурда такыр эле артка кеткен болчу. Кыздар баскетболу эле эмес, эркектердин командалары да азайып кеткен. Азыр машыктыруучулар, машыгуу жайлары көбөйүп, баскетбол да өнүгө баштады. Бирок бизде дагы деле жаш балдарды өзүбүзгө тарта албай турабыз. Мисалы, өнүккөн өлкөлөрдө балдарды 6-7 жаштан тартып эле баскетболго ала баштайт. Анткени аларда кичинекей балдарга ылайык шаймандар да бар. Шакекчени ылдый түшүрүшүп, балдар чоңойгон сайын көтөрүшөт. Ошондо ар бир бала баскетболго тартылат да. Бизде андай шарт жок", - дейт машыктыруучу.
Шакиржан Куранбаев качандыр бир кезде олимпиадага катыша турган команданы даярдай алаарына ишенет:
"Кыргызстандын жаштар курамасынын дүйнө чемпионатына же Олимпиада оюндарына чыгуу мүмкүнчүлүгү бар. Анткени жаштар жакшы чыгып атат".
Быйыл баскетболдун Кыргызстанда ойноло баштаганына 95 жыл толду. Ошол убакыттан бери өлкөдө дүйнөгө атагы чыккан бир нече спорт жылдыздары тарбияланган. Алар СССРдин, Европанын жана Олимпиаданын байге ээлери болуп, дүйнөдөгү мыкты оюнчулардын арасында өз ордун татыктуу ээлеп келишкен.
Алардын арасында 1992-жылы Барселонада өткөн Олимпиаданын чемпиону болгон фрунзелик Елена Баранова да бар. Ал алгач СССРдин, КМШнын курамында ойноп, Орусиянын жарандыгын алгандан кийин эки жолу Европанын чемпиону болуп, эки жолу дүйнө чемпиондугунун күмүш байгесин тагынган мыкты баскетболчу айымдардын бири.
Кыргызстан эгемендикти алгандан кийин каржылык муктаждыктын айынан баскетбол менен машыккандардын катары азайып, оюнчулар эл аралык мелдештерге көп чыга албай келишет. Бирок командалар аз болсо да, өлкө ичинде ар кандай жаш куракта Кыргызстандын чемпионаты, Нооруз майрамына арналган мелдештер өткөрүлүп турат.
Кыргызстанда акыркы жылдары баскетболдун 3х3 түрү өнүгүүдө. Баскетболдун бул түрүнөн Кыргызстанда мелдештер өтүп, кыргызстандык кыздар командалары дүйнө, Азия чемпионаттарына, эл аралык мелдештерге катышып келет.
Шерине