Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Ноябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:41

"Таяктоо - тарбия эмес". Жакыны кордогон балдар


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, 2021-жылы балдарга карата 325тен ашуун зордук-зомбулук катталды. Үйүнөн ур-токмокко алынган 174 балага соттор ата-энесинен, жакындарынан коргоо үчүн атайын ордер берген.

Эксперттер жашы жете электерди ур-токмокко алуу, зомбулук көрсөтүү кыргыз коомунда тарбиялоонун бир түрү катары калыптанып калгандыктан, абал оор экенин эскертишет.

5-декабрда Сокулук райондук милициясына жергиликтүү тургун кайрылып, 16 жаштагы кызын белгисиз адам уруп, зордуктаганын билдирген. Тергөөнүн баштапкы маалыматында "ал кызды Бишкек шаарына жумушка жеткирип коюуга убада кылып, жолдон күч колдонуп зордуктаганы" айтылат. Жазык кодексинин 154-беренеси ("Зордуктоо") менен сотко чейинки өндүрүш ачылып, 31 жаштагы эркек колго түшкөн жана убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Ошол күнү Сокулук районунун 50дөй тургуну ички иштер бөлүмүнүн алдында чогулуп, аталган фактыны калыс тергөөнү, күнөөлүүнү жазалоону талап кылышкан.

7-декабрда буга байланыштуу айылдыктар аксакалдар сотун уюштурду.

Исмаил айылында ондогон адам чогулуп, кылмышка шектүү буга чейин да ушундай иштерди жасаганын жүйө келтиришти жана аны жазалоону талап кылышты. Айрымдары ал үй-бүлөсү менен көчүп кетиши керектигин, кээ бирлери укук коргоо органдарынын мыйзамдуу жаза беришин күтүү керектигин айтышты.


Жыйынга жабыркаган кыздын туугандары, район акими Курманбек Айтибаев баштаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, имам жана депутаттар катышууда. Тургундар шектүүнүн сотун айылда өткөрүүнү суранганда, аким иштин баары мыйзам чегинде жүргүзүлөрүн, күнөөлүү жазаланарын билдирди.

Зомбулук тууралуу балдардын түшүнүгү жок

Кыргызстанда мектеп жашындагы балдардын саны 1,4 миллионго чукул. Алардын ичинен зомбулук көргөндөрү тууралуу быйыл 325 факты катталды. Алардын басымдуусу - кыздар. Анткен менен эксперттер иш жүзүндө үйүнөн, мектептен же көчөдөн зомбулук көргөн, сексуалдык ыдыкка учурагандардын көрсөткүчү алда канча жогору экенин белгилешет. Балдар зомбулук деген түшүнүктү дегеле билеби? Бул суроого жооп алуу үчүн баш калаадагы №69 гимназиянын окуучуларын кепке тарттык.

"Зомбулук деген бирөөнү жамандоо, сабап кетүү. Үйдө болсо бирөө башкасына чоң чыкса, же атам энемди, абам жеңемди сабап салса зомбулук болот да. Эгер мындай учурлар болуп калса, мен аларга "урушпагыла, сокпо" деп айтам. Эгер мени укпаса, анда 101ге чалам",- дейт Нурсултан.

Ал эми Аяна: "Зомбулук эгерде бирөө башкасын сабап кетсе, акчасын тартып алса болот да. Бирок биздин мектепте андай жок болуш керек. Анан үй-бүлөдө атасы апасын сабаса болот. Балдарды тентектик кылса сабайт да. Бирок мени атам менен апам сабабайт. Эгер туура эмес кылсам жөн эле айтып коюшат. Мен көчөдөн өзүм жалгыз жүргөндөн корком. Тааныш эместерге барбайм. Көчөдөн зомбулукту көрөм, кээде апалар тил албаган баласын сабап жаткан болот. Андайда кайда кайрылышты билбейм", - деди.

"Балдар бейтааныш адамдардан эмес, жакындарынан запкы тартат"

Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, 2020-жылы балдарга карата жасалган 290 зомбулук фактысы катталган. Быйыл бул сан октябрь айынын акыркы күндөрүндө 325 учур деп эсептелди. Тартип сакчылары жергиликтүү социалдык кызматтар менен чогуу зомбулук тобокелчилиги көп үй-бүлөдө жашаган балдарды жыл сайын каттоого алып турат.

Мындай тобокел топтун көпчүлүгүн ата-энеси миграциядагы балдар түзөт. Үй-бүлө мүчөлөрүнөн кордук көрүү ыктымалы менен азыр өлкө боюнча 39 686 бала каттоодо турат. ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын жашы жете электер менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Нуржан Адылова зомбулук фактылары тууралуу буларга токтолду.

"Алдын алуу иш-чараларына карабай, быйыл балдарга карата зордук-зомбулук фактылары боюнча 325тен ашык учур катталды. Анын ичинен талдап келсек, 117 учуру боюнча азыр текшерүү болуп жатат, 56 факты соттун кароосуна жиберилди. Катталган 325тен ашык учурдан жынысы боюнча талдап келсек, кыздарга карата зомбулук басымдуу. 225 учурда кыз бала жабыркаган. Жашын талдасак, сегиз жаштан 14 жашка чейинкилер көбүрөөк жабыркоодо. Эң эле өкүнүчтүүсү, жабыркагандардын көбү сырттагы бейтааныш адамдардан эмес, үйдүн ичиндеги жакындарынан, ата-энесинен, агасы же таякелеринен, таята, таенелеринен, кошуна же туугандарынан запкы тартып жатат. Көбүнчө ата-энеси тышкы миграцияда жүргөн балдар зомбулукка учуроодо. Албетте, мындай балдар аныкталганда биз түшүндүрүү иштерин жүргүзөбүз".

Ташбоор мамилени бала ачык айта албайт

Бишкектеги гимназия-мектептерде зомбулуктун алдын алуу боюнча атайын класстык сааттар уюштурулуп турат. Азыркы тапта Бириккен Улуттар Уюмунун зомбулукка каршы 16 күндүк өнөктүгүнүн алкагында мектеп окуучулары менен участкалык милиция кызматкерлери, Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү, активисттер менен жолугушуулар өтүүдө.

№69 мектептин социалдык-педагогу Назгүл Жумагулова.
№69 мектептин социалдык-педагогу Назгүл Жумагулова.

№69 мектептин социалдык-педагогу Назгүл Жумагулованын айтымында, ай сайын ар бир класска тарбиялык сааттарда жеке коопсуздук, үйдөгү зомбулукка байланыштуу түшүндүрүү иштери жүрөт. Зомбулукка учурап жаткан баладагы айрым өзгөчөлүктөрдү адис мындайча санап берди.

"Кандайдыр бир запкы көрүп жаткан бала сабактан кала баштайт, балдар менен сүйлөшпөй, мектепке кечигип, ар кандай шылтоо, калптарды айтат. Кокус мектепте ушундай учур байкалып калса, класс жетекчилер мектептин соцпедагогу менен психологуна дароо кабар беришет. Биз баланы алып келип, анын абалын аныктоо үчүн атайын тесттерден өткөрүп, сүйлөшүп көрөбүз. Эгер андан да жыйынтык чыкпаса үйүнө чейин барып, үй-бүлөдөгү абалын карайбыз. Ата-энеси же баланы караган адамдар менен сүйлөшүп көрөбүз. Зомбулук көрдү деген күмөн саноо болсо баланын турмуш-шартын карап чыгып, каттоого алабыз. Кадимкидей эле расмий акт түзөбүз. Зомбулук бала үчүн өтө чоң психологиялык так болот да. Биринчи кезекте бала түнт болуп, достору менен сүйлөшпөй, сабакка көңүлү чаппай калат. Мектепке келгиси келбей, сабакка көңүл бурбайт. Айрым балдар жашык болуп кетет, айрыкча запкы көргөн кыздар ыйлай беришет. Ал эми эркек балдар агрессивдүү болуп, башкаларга кол салып башташы мүмкүн".

"Зордуктоо же өлүм болсо эле коом бир дүрбөп алып, тез эле балдарды унутат"

БУУнун Балдарды коргоо фондунун (ЮНИСЕФ) 2021-жылдагы маалыматы боюнча, өлкөдө ымыркайлардан тарта 18 жашка чыга элек 2 миллион 100 миңден ашык бала бар.

Алардын ичинен 900 миңден көп бала жакырчылыкта жашайт. Алардын көпчүлүгү зомбулукка учуроо тобокел тобуна кирет.

Балдар арасындагы жакырчылыктын деңгээли 40% жогору болгондуктан алардын укугунун корголушу да төмөн.

Эксперттер балдарга карата сексуалдык зордуктоо же өлтүрүп кетүү сыяктуу фактылар катталганда эле коом бир ирет дүрбөп алып, медиа каражаттары жаңылык жазгандан кийин эле бул көйгөйдү чечүүнүн фундаменталдык жолдору каралбай жатканына нааразы.

Маселен, Бишкектеги "Балдарды коргоо" борборунун адиси Айнура Эмирканова иштеген уюм шаар четиндеги он жаңы конуштагы миңден ашык ата-энеге балдарга зомбулук көрсөтпөө жаатында атайын билим берип келет.

Айнура Эмирканова.
Айнура Эмирканова.

Аталган уюм баш калаадагы ондой мектептин окуучуларына "Зомбулукту кандай көрөсүң?" деген темада сурамжылоо жасап көргөн.

"Мисалы, үй-бүлөдө уруп койгон, сабап салган учурларды балдар зомбулук катары эсептешпейт экен. Балдар муну тарбиянын бир ыкмасы катары кабылдашат. Мындай түшүнүк аларга ата-энесинен мураска калган. Ата-энелердин көбү "баланы уруп-согуп эле тарбиялоо керек" деген түшүнүк менен чоңоюшкан да. Албетте анан ушундай үйдө чоңойгон бала ата-энесинен эмес, сырттагы бейтааныш бирөөдөн таш боор мамиле көрсө деле аны кадыресе кабылдайт да.

Анан эч кимден жардам сурабайт да. Биз биринчи кезекте дал ушул түшүнүктү жок кылышыбыз керек. Балдарга зомбулуктун түрүн, ал жеке эле сексуалдык зордуктоо эмес экенин, баланын денесине эч ким кол тийгизе албасын үйрөтүүгө тийишпиз. Кыргызстанда коом деле балдарга карата ташбоор мамилеге кайдыгер. Колу-бутун сындырып, зордуктап же өлтүрүп койгондо эле талкуулап, басма сөз, жалпыга маалымдоо каражаттары чурулдап жазып калбаса, бул көйгөйдү чечүүнүн түпкүлүктүү жообун издегендер жок. Майда-барат зомбулукка алып келчү факторлор айтылбай калган үчүн запкы тарткан бөбөктөр көп болуп жатпайбы. Балдарга карата зомбулукту токтотуу үчүн дал ошол майда нерселерден башташ керек".

ЮНИСЕФтин маалыматы боюнча, дүйнөдө эки жаштан төрт жашка чейинки 300 миллион бала ата-энеси же баккан адам тарабынан психологиялык агрессияга учурайт же токмоктолот.

Ар бир жети мүнөт сайын дүйнөдө бирден өспүрүм зомбулуктан каза табууда. 2015-жылдагы эсеп боюнча, дүйнөдө 82 миң өспүрүм зомбулуктан көз жумган. Кыргызстанда 2017-жылы жүргүзүлгөн изилдөөдө балдардын 57% үйүнөн келтек жей турганы аныкталган.

Кыргызстанда запкы тарткан балдарга жардам берүү үчүн 111 жардам номуру иштейт. Ошентсе да зордукталган, өлтүрүлгөн жаш балдардын саны күн сайын азайбай келет. Расмий статистикада алардын так саны белгиленген эмес.

Ноябрь айында мектепке кетип, дайынсыз жоголуп, кийин сөөгү табылган Жалал-Абаддагы тогуз жашар Сумая, июнь айында Беловодск айылындагы балдар үйүндө киши колдуу болгон 12 жаштагы өспүрүм, ата-энеси миграцияга кетип, жеңесинин же таякесинин колунан ажал тапкан наристелер тууралуу коомчулук билгени менен ташбоордукту токтотуунун таасирдүү жолдору изделип келет.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG