19-декабрда Европа парламенти "Кыргызстандагы адам укуктарынын абалы, айрыкча Темирлан Султанбековдун иши боюнча" деген резолюция кабыл алды. Документте Кыргызстан демократия жолунан тайганы айтылат. Европалык депутаттар өзгөчө “Социал-демократтар” партиясынын абактагы лидери Темирлан Султанбековдун “күмөндүү жүйө менен” кармалганына токтолуп, кыргыз өкмөтүнүн медианын эркиндигине, сөз эркиндигине кысым жасаганына, саясий оппозициянын куугунтукталганына, журналисттердин, блогерлердин жана жарандык активисттердин камалышына камтамасын билдиришти.
"Европарламент Султанбековду жана партиянын калган мүчөлөрүн дароо бошотууга, Еврошаркет менен Кыргызстан ортосундагы Кызматташтык жана өнөктөштүк тууралуу келишимдин алкагында демократиялык стандарттарды, жарандын эркиндигин урматтоого чакырат", - деп айтылат маалыматта.
Европарламенттин бул резолюциясын 492 депутат колдоп, 28и каршы добуш берди, 41и катышкан жок.
Жогорку Кеңештин депутаты Элдар Абакиров Европарламенттин тынчсыздануусуна көңүл буруп, чечим кабыл алыш керектигин айтууда:
“Дүйнөдөгү жагдайды анализдеп көрсөк, сөз эркиндиги жок өлкөлөр көбүнчө кыйналып турушат. Жакыр өлкөлөр. Анткени сөз эркиндигинин экономикага таасири бар. Адам укугу корголгон жерде, сөз эркиндиги бар жерде жарандардын өнүгүп, өсүү мүмкүнчүлүгү көп болот. Инвестиция тартышат. Ошону арты менен экономика өсөт. Биз бул нерсени камсыздай албасак, өлкөнү өнүктүрө турган адамдар, тескерисинче, кача баштайт. Ошону түшүнүп, Америка же Европа резолюция чыгарып жатса, биз терең ойлонуп, чечим чыгарышыбыз керек".
Быйыл июнда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Бельгиядагы сапарынын жүрүшүндө “Европа Биримдиги менен Кыргызстандын ортосундагы кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташтык жөнүндө” келишимге кол коюлган.
Ошондой эле кыргыз бийлиги Европа Биримдигине транспорттук ири долбоорлорду ишке ашырууну жана "ВСП+" макамын узартууну сунуш кылган.
“Адилет” укуктук клиникасынын жетечиси Чолпон Жакупова жогоруда аталган келишимдерге азыркы кырдаал терс таасирин тийгизиши мүмкүн экенин белгилейт:
"Ушундай бизде баары жакшы, силердики туура эмес деген так кесе билдирүүлөр мени кооптондуруп турат. Алар резолюцияларында адам укугу боюнча кырдаал оорлошуп кеттиби деп тынчсызданып жатат. Бул чоң ишарат, буга көз жуумп коюуга болбойт. Кесепети катары, виза боюнча маселе жаралышы ыктымал же сакциялар болуп калышы мүмкун."
Кыргыз бийлиги расмий Бишкек кол коюлган эл аралык макулдашуулардын талаптарын толук аткарып келе жатканын белгилеп келет. Президенттин алдындагы Башкаруу академиясынын ректору Алмазбек Акматалиев Еропарламенттин соңку аракетин өлкөнүн ички ишине кийлигишүү катары сыпаттап жатат:
"Менин оюмча, бул туура эмес. Биз дагы цивилдүү өлкөбүз. Кыргызстан сабатсыздардын же бандиттердин, диктатура орноп калган өлкө эмес. Европарламент, АКШ, Кытай же кошуна мамлекет болобу, бири-бирибизди күнөөлөгөндөн этият болсок".
Кыргыз бийлиги мыйзамсыздык, коррупциялык көрүнүштөрдү ашкерелеген журналисттик иликтөөлөрдү колдой турганын билдирип, өлкөдө сөз эркиндиги менен катар эле жоопкерчилик да болушун белгилеп жүрөт.
Страсбургду түйшөлткөн маселелер
Бишкектеги №1 тергөө абагына камалган Социал-демократтар партиясынын лидери Темирлан Султанбеков ачкачылык кармап отурганына 37 күн болду.
Султанбековдун маселеси Страсбургда буга чейин да көтөрүлгөн. 25-ноябрдагы жыйында Испаниядан шайланган депутат Начо Санчес Амор тынчсыздануусун билдирген.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги ушул эле күнү резолюциянын кабыл алынышына байланыштуу билдирүү тараткан. Мекеме Султанбеков шайлоочулардын добушун сатып алуу, үгүтчүлөрдү жашыруу жана башка мыйзамга каршы келген фактылардын негизинде кармалганын, сот аны жана эки партиялашын кармоону мыйзамдуу деп тапканын белгиледи.
Маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнө каршы сот иштерине кайрылып, ТИМ 18-декабрда сот төрт журналистке карата өкүмүн өзгөртүүсүз калтырганын, алар массалык башаламандыкка чакырганы үчүн айыптуу деп табылганын, бул иштеги калган жети журналист акталганын билдирди.
“Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги аталган резолюцияны Европарламенттин Кыргызстандын сот жана тартип коргоо органдарына "кысым көрсөтүү аракети" катары баалайт. Европалык депутаттардын күчкө салып диалог жүргүзүү позициясы Кыргызстандын суверендүүлүгүнө шек келтирип, Кыргызстан менен Европарламенттин ортосундагы кызматташтыкка жана өнөктөштүккө көлөкө түшүрөт. Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги кайрадан “өз ара урматтоо жана ички иштерге кийлигишпөө принцибине негизделген диалогго даяр экенин” белгилейт", - деп жазылган мекеме тараткан маалыматта.
Европарламент депутаттары ошондой эле расмий Бишкекти “жалган маалымат таратуу” жана “чет элдик өкүлдөр” тууралуу мыйзамдарды жокко чыгарууга, "Украинадагы баскынчы согушка байланыштуу Орусияга киргизилген санкцияларды кыйгап өтүүгө жардам бербөөгө" үндөдү.
Соңку үч-төрт жылдын ичинде медиа коомчулугун чочулаткан, ЖМКнын ишин чектеген же оорлоткон бир нече мыйзам да кабыл алынды. Айрым серепчилер аталган мыйзамдарды сөз эркиндигине басым катары сыпаттап келишет.
Шерине