Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:01

Сирия армиясынын Алепподогу жеңиши


Сириянын өкмөттүк күчтөрү Алеппо шаарынын байыркы бөлүгүн козголоңчулардан кайтарып алышты. Бул тууралуу Британияда жайгашкан укук коргоочу уюм жана Сириянын мамлекеттик маалымат каражаттары кабарлашты. Шаардын чыгыш бөлүгүндө кала берген козголоңчулар ок атышууну беш күнгө токтотууга, карапайым тургундарды, оор абалдагы 500дөй бейтапты коопсуз жерлерге көчүрүүгө мүмкүнчүлүк берүүгө үндөшүүдө.

Сирия обсерваториясы уюму 7-декабрда билдиргендей, козголоңчулар Байыркы шаардын акыркы бөлүгүнөн чегиништи. Эми президент Башар Асаддын армиясы жана алардын өнөктөштөрү үч жума мурун баштаган операциянын жыйынтыгында Алеппонун чыгыш тарабынын 75 пайыздайын көзөмөлдөшүүдө. Бийликке каршы күрөшүп келе жаткан көтөрүлүшчүлөр шаардын ал аймагын төрт жыл илгери ээлеп алышкан эле.

Алеппонун кайтарылышы Дамаск бийлиги үчүн 2011-жылы башталган жарандык согуштагы эң ири ийгилик болуп калмакчы.

Шаардын чыгыш ыптасында кала берген козголоңчулар ок атышууну беш күнгө токтотууга, карапайым тургундарды, оор абалдагы 500дөй бейтапты коопсуз жерлерге көчүрүүгө мүмкүнчүлүк берүүгө үндөп келе жатышат.

Алеппо Жетекчилигинин Кеңеши деген топтун атынан жасалган билдирүүдө ошондой эле оппозициялык кошуундардын колундагы бөлүктө гуманитардык абал жөнгө салынгандан кийин жаңжалга кириптер болгон бардык тараптар калаанын келечегин талкуулоого тийиш деген сунуш айтылган.

Асаддын өкмөтү жана аны колдоп келе жаткан Москва Сириянын экинчи ири шаарында ок атышууну токтотуу демилгесин четке кагышты. Бир нече күн мурун болсо Орусия менен Кытай Алепподо жети күндүк жарашуу киргизүүгө үндөгөн резолюцияга вето коюшкан.

Алеппонун тарыхый бөлүгүнүн 2006-жылдагы көрүнүшү.
Алеппонун тарыхый бөлүгүнүн 2006-жылдагы көрүнүшү.

Ноябрдын ортосунда абадан сокку урулуп, шаар артиллериядан аткылана баштагандан бери 80 миңдей жайкын тургун башка жерлерде баш калка издеп, качкынга айланды.

Айрымдары Алеппонун өкмөттүк күчтөрдүн карамагындагы бөлүгүнө жана күрттөр көзөмөлдөгөн жакка агылышкан. Бирок козголоңчулардын колундагы аймактарга, түштүк тарапка ооп кеткендер бул санга камтылган эмес.

Сирия обсерваториясы 6-декабрда өкмөттүк армиянын бомбалоосунан шаарда кеминде 15 киши, арасында жашы жетелек балдар набыт кеткенин маалымдады.

Ал ортодо өлкөнүн мамлекеттик кабар агенттиги – САНА шаршембиге караган түнү израилдик бир нече ракета баш калаа Дамасктын жака белиндеги аскердик базага тийгенин, андан чыккан өрттөн бирок адам өлгөнүн билдирди.

7-декабрда болсо Орусиянын Коргоо министрлиги орус армиясынын кеңешчиси полковник Руслан Галицкий окко учканын кабарлады. Маалыматка караганда, ал бир нече күн мурун козголоңчулардын аткылоосу маалында жарадар болуп көз жумду. Полковник качан жана кайсы жерде каза болгону тууралуу билдирүүдө такталган жок.

Бардыгы болуп Сирияда бир жылдан бери орусиялык 20 чакты аскер набыт кетти. Галицкий алардын арасында эң бийик даражалуу офицер болчу.

Ал эми 5-декабрда орусиялык эки дарыгер аял Алепподогу орусиялык госпитал аткыланганда жантаслим болгон.

- Биз орусиялык ооруканага жана анын кызматкерлерине каршы агрессияны кескин айыптайбыз. Бул кылмышты ишке ашыргандар гана эмес, анын артында тургандар да жазаланат деп үмүттөнөбүз, - деди орус тышкы мекемесинин маалымат катчысы Мария Захарова.

5-декабарда Сирияда орусиялык эки дарыгер-аял каза тапты.
5-декабарда Сирияда орусиялык эки дарыгер-аял каза тапты.

Орусия авиациясы Сириядагы аба соккуларга былтыркы сентябрдан бери катышып келе жатат жана Москва көп жылдардан берки өнөктөшү Асаддын армиясына башка аскердик жардам берип келатат.

Кремлдин шаршемби күнкү маалыматына ылайык, Орусия менен АКШ камоолдогу козголоңчуларга Алепподон чыгып кетүү мүмкүнчүлүгүн берүү макулдашуусун дагы талкуулашы мүмкүн.

Алдыңкы күнү орус тышкы иштер министри Сергей Лавров Вашингтон ушул аптадагы жолугушуудан баш тартканын сындап, шаардан чыгып кетүүгө каршылык көргөзгөн согушкерлер террорчуларга теңелип, “жок кылынаарын” эскерткен.

АКШ Мамлекттик департаментинин маалымат катчысы Марк Тонер дооматтарды четке кагып, Кошмо Штаттар сүйлөшүүлөр ушул аптада болот деп эч качан бышыктабаганын билдирди.

Ал эми мамлекеттик катчы Жон Керри Асад режимине каршы күрөшкөн көтөрүлүшчүлөр Алеппону колдон чыгарып жибериши мүмкүн деп моюнга алды жана муну менен бирге согушка чекит коюу үчүн сүйлөшүү жүргүзүү керектигин белгиледи.

Сириядагы жарандык согуш 250 миңдей кишинин өмүрүн алып кетти, миллиондогону үйлөрүн ташап кетүүгө мажбур болду.

XS
SM
MD
LG