Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:41

НАТО Түркияга "патриотторун" жиберет


"Патриот" ракетадан коргонуу системасын Германия, Нидерландия жана АКШ гана орното алышат
"Патриот" ракетадан коргонуу системасын Германия, Нидерландия жана АКШ гана орното алышат

Түркияга ракетадан коргонуу системасын жайгаштыруу өтүнүчүн НАТО колдоду. Сириядан чабуул болушу мүмкүн деген түрк өкмөтү НАТОго кайрылган эле.

“Түркиянын суранычы канааттандырылат” деп чечилди кечээ Брюсселде өткөн НАТОнун тышкы иштер министрлеринин жыйынында. Альянстын баш катчысы Андерс Фог Расмуссен бул чечим чабуулга камынып жаткандарга “ачык сигнал болот” деди.

"НАТО бүгүн Түркиянын аба мейкиндигин коргоону анын аймагында “Патриот” ракетадан коргонуу системасын орнотуу менен күчтөндүрүүнү чечти, - деди баш катчы. - Түркия бул боюнча бизге жардам сурап кайрылган, биз ага өзүбүздүн тилектештигибизди билдирип жатабыз. Түрк элине: “Биз силерди жана силердин өлкөнү коргойбуз”, - деп кайрылабыз. Бул мамлекетке чабуул жасаганга камынып жаткандарга болсо: “Мындай карасанатай ойдон баш тартканыңар оң”, - дегибиз келет".

Расмуссендин айтымында, эми ал система үчүн салымын кошо турган мамлекеттер чечимге толук макул болушкандан кийин “Патриот” ракеталары Түркиянын аймагына орноштурулат. Буга “бир нече апта” кетет деди баш катчы.

Чечим жарыяланаары менен Германия, Нидерландия жана АКШ “Патриот” системасы үчүн ракеталарын Түркияда орнотууга ниеттенип жатышканын билдиришкен.

Сириянын узактан берки союздашы Орусия болсо бул план аймакта зомбулуктун андан бетер күчөшүнө себеп болуп калышы ажеп эмес деп эскертти.

Бирок шейшембидеги билдирүүсүндө Расмуссен ракетадан коргонуш үчүн орнотула турган ал система “чабуул операциялары үчүн эмес, коргонуш үчүн гана колдонулат” деди.

Расмуссен Сирияны химиялык куралды колдонуудан оолак болууга да чакырды.

"НАТОнун министрлери бир добуштан Сириядагы режим химиялык куралын колдонушу мүмкүн деген өңдүү кабарларга өтө тынчсызданып жатканын айтышты. Бул такыр кабыл алынгыс жана эл аралык мыйзамдарды бузган аракет болмок", - деди Расмуссен.

Айрым маалыматтарга караганда, АКШнын Борбордук чалгын кызматы (ЦРУ) Сирияда көптөгөн жылдар бою чогултулган 1000 тоннадай өтө уулуу химиялык куралдары бар экенин, алар өлкөнүн 50 шаарында жашырылганын жана аны режим колдонушу мүмкүн экенин билдирген.

Ал арада, шейшембиде Сириянын өзүндө борбор калаа Дамаскинин айланасында атышуулар болгону кабарланды.

Мамлекеттик телеканал болсо козголоңчулар бир мектепти аткылашканын, мугалимдер менен окуучулар болуп 28 адам өлгөнүн кабарлады.

Дамаксинин айланасындагы конуштар Сирияда президент Башар ал-Асадга каршы нааразылык толкуну былтыр мартта башталгандан бери эле оппозицияны колдоп келишкен. Ошондон берки атышууларда өлкөдө кеминде 40 миңдей адам өлдү.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG