Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:40

"Өнүккөн Кыргызстан болобуз". Өкмөттүн убадасы, 2024-жылдын бюджети


Акылбек Жапаров Жогорку Кеңеште өкмөттүн 2023-жылдагы ишмердигинин отчетун жана 2024-жылдын бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун сунуштоодо. 14-ноябрь, 2024-жыл.
Акылбек Жапаров Жогорку Кеңеште өкмөттүн 2023-жылдагы ишмердигинин отчетун жана 2024-жылдын бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун сунуштоодо. 14-ноябрь, 2024-жыл.

Жогорку Кеңеш өкмөттүн 2023-жылы аткарган иштеринин отчетун угуп, 2024-жылдагы мамлекеттик бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизген мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоду.

Министрлер кабинети соңку үч жылдан бери өлкө экономикасы 9% туруктуу өсүш менен келатканын, быйылкы бюджет 6,1 млрд сомдук профицитке чыкканын белгилөөдө.

Министрлер кабинети 2023-жылдын бюджетинин аткарылышы боюнча отчетун жана 2024-жылдын бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзамын парламентке алып кирерде Жогорку Кеңештин спикери Нурланбек Шакиев баштаган депутаттар тобун бюджеттин эсебинен министрликтер менен мекемелер үчүн сатып алынган атайын техникалардын көргөзмөсүнө алып барды.

Парламентте расмий айтылгандай, 2023-жылдын ички дүң продукциясынын реалдуу өсүшү 9% чыккан.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 2020-жылдагы пандемия, андан кийинки аймактык конлифкттердин башталышы, дүйнөдөгү геосаясий оош-кыйыштар, климаттык каатчылыктар, селдер жана Баткен окуяларына карабай, ички дүң продукциянын көрсөткүчү 2022-жылдан бери катары менен 9% өсүш болуп жатканын айтты. Жапаров баяндамасында буларга токтолду:

“2023-жылдын консолидацияланган бюджети 577,2 млрд сомду түзүп, эки жылда 2,5 эсеге өстү. Салык кызматы 183 млрд же 2022-жылга салыштырмалуу 28,3 млрд сомду ашыкча чогултту. Бажы кызматы 111,5 млрд сом же 2022-жылга салыштырмалуу 37,2 млрд сомду ашыгы менен тапты. 2024-жылдын он айынын көрсөткүчү боюнча 9,6% өсүш болду. Кумтөрдү кошпогондо, 10,8% өсүш катталды. Дүйнөлүк банктын 2024-жылга ички дүң продукциянын реалдуу өсүшүнүн темпи боюнча берген баасына ылайык, Кыргызстан Европа менен Борбордук Азияда тез өнүгүп жаткан экономикалардын арасына, алдыңкы өлкөлөрдүн катарына кирди”.

Быйылкы он айда айыл чарбанын дүң продукциясы 106,1%, кайра иштетүү тармагы 122% өскөн. Министрлер кабинетинин башчысы президенттин Кыргызстанды дүйнөнүн жогорку өнүккөн 30 өлкөсүнүн катарына киргизүү мүдөөсү бар экенин белгиледи. Жыл жыйынтыгы боюнча ички дүң продукциянын өсүшүн 9,2% менен чыгабыз деп болжолдоп жатышканын кошумчалады. Анын айтымында, быйыл өлкө экономикасы 1,5 трлн деген чекке жетет жана ички дүң продукцияны жан башына бөлүнүшү 2500 доллардан ашат.

Жапаров соңку үч жылда өлкө боюнча 56 объектти курууга мезгил кутучасы салынганын, алардын 90% ашууну курулуп жатканын айтты. Расмий маалыматка таянсак, жыл аягына чейин 150дөн ашуун ишкана ачылып, аларда 19 миң жаңы жумуш оруну түзүлөт.

Акылбек Жапаров Кыргызстанда Кызыл-Омпол, Куттуу-Сай-2, Үңкүр-Таш, Жетим-Тоо, Тоголок жана Талды-Булак-Сол жээк сыяктуу кендерди мамлекет өзү иштетүүгө каражат дээрлик табылганын билдирди.

"Асман" шаарынын курулушун долбоорлоого да 480 млн доллар каражаттын булагы табылган. Өкмөт тарабынан башка да шаарларды өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүлүп жатканы белгиленди. Маселен, Жалал-Абад шаарына 2,2 млрд сом, Караколго 2 млрд сом, Кара-Балта, Токмок шаарларына 1 млрд сомдон, Балыкчы менен Талас шаарларына 300 млн сомдон берилген.

Жапаровдун баяндамасына ылайык, 2024-жылда консолидацияланган бюджеттин ресурстары 686,9 млрд сом болору күтүлөт. Бул пландалган суммадан 84,8 млрд сомгө көп. Ушул кезге чейин Салык кызматы 222 млрд сом (39 млрд сомго көп), Бажы кызматы 121 млрд сом (9,5 млрд сомго көп) чогулткан. Быйыл жыл соңуна чейин 342,9 млрд сом салык чогултулуп, 2023-жылга караганда 48,5 млрд сомго өсөрү белгиленүүдө.

2024-жылы 92,1 млрд сом салыктык эмес кирешелер чогултулган. Министрлер кабинети бюджеттин чыгашалары 450,6 млрд сомду түзүп, профицит 6,1 млрд сом болгонун айтууда.

Өкмөт 2024-жылдын бюджетин аткарууда 66 млрд сомдук кошумча ресурсту тапканын айтып, бюджетти өзгөртүп берүү үчүн парламентке алып келген.

Табылган кошумча каражаттардан күч блогуна 6,5 млрд, “Камбар-Ата-1” ГЭСинин курулушунун биринчи этабына 900 млн сом, “Манас” аба майданынын уставдык капиталын көбөйтүүгө 1 млрд сом, “Айыл Банкка” 4 млрд, “Элдик Банкка” 1,7 млрд сом берилген. Дагы 1,6 млрд сом Бишкек ЖЭБди оңдоп-түзөөгө жумшалган. Электр энергиясын импорттоо үчүн “Улуттук электр тармактар” компаниясына 4,5 млрд сом бюджеттик насыя берилген болсо, “Кыргызнефтегаз” акционердик коомуна 3,2 млрд сом бөлүнгөн. Дарыгерлердин айлыктарын көбөйтүүгө 1,8 млрд сом, мугалимдерге ноутбук сатып алууга 678 млн сом, селдин кесепеттерин жоюуга кошумча 605 млн сом берилип жатат. Мындан тышкары, “Турукташтыруу фонду” аркылуу 29 млрд сомго кошумча иш-чаралар каржыланууда. Анын ичинен Мамлекеттик ипотека компаниясына 13,5 млрд сом бөлүнгөн.

Депутат Гуля Кожокулова Эсеп палатасынын жакында Финансы министрлигинен аныктаган ири суммадагы финансылык кемчиликтер боюнча сурады:

“Эсеп палатасы канчалаган кемчиликтерди аныктап чыкты. Анда алты факты белгиленген. Бюджет кодексине шайкеш келбеген 1,3 млрд сом, бюджет мыйзамдарын бузган 472 млн сом, мамлекеттик инвестициялардагы отчеттордун толук эместиги боюнча 40 млрд сом, мөөнөтү өтүп кеткен төлөмдөр боюнча 441 миң доллар айтылган. Кемчиликтер кыйла эле олуттуу. Булар боюнча эмнелер аткарылды? Дегеле, эмне үчүн ушундай эреже бузууларга жол берилген?”

Депутаттын суроосуна каржы министри Алмаз Бакетаев Эсеп палатасы аныктаган кемчиликтердин ичинен 10 млрд сомду ордуна коюу иштери жүрүп жатканын айтты. Ошону менен катар, 40 млрд сом бюджетти иштетүүдөгү ыкмалардын айырмачылыгынан келип чыккан сумма экенин белгиледи. Акылбек Жапаров өкмөт менен Эсеп палатасынын ортосунда мамлекеттик инвестициянын каражаттарын кайда кармоо керектиги боюнча карама-каршылык мурдатан келатканын, аны бири-бирине шайкеш келтирүү аракети бар экенин кошумчалады.

Мурда ички дүң продукциянын өсүү темпи Кумтөр кенинин өндүрүшүнүн эсебинен көбүрөөк болчу. Кен мамлекетке алынган эки-үч жылдан бери алтын казуунун көлөмү кескин азайып кеткендиктен, Кумтөрдүн үлүшү, тескерисинче, ички дүң продукциянын өсүү темпин артка тартып келет.

Депутаттар белгилегендей, Кумтөрдөгү алтын өндүрүү барган сайын төмөндөп жаткандыктан, андан түшкөн киреше да алдыдагы жылдарга азайуу жолунда барат. Өкмөт 2026-жылдан тарта Кумтөрдөгү калдык сактоочу жайды иштетип, жер астынан казууну баштай турганын, анын эсебинен өндүрүш 20-25 тоннага чейин көбөйөрүн убада кылып турат.

Шерине

XS
SM
MD
LG