Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:54

Кышкы Олимп оюндары жыйынтыкталды


Сочидеги кышкы Олимп оюндарынын жабылышы. 23-февраль, 2014.
Сочидеги кышкы Олимп оюндарынын жабылышы. 23-февраль, 2014.
Орусия биринчи болду

Ошентип Сочидеги кышкы олимпиадалык оюндар да соңуна чыкты. 16 күндүк таймашуулардын жыйынтыгында жеңип алган медалдардын саны жана сапаты боюнча оюн ээси - орусиялык спортчулар командалык эсепте биринчи орунду алышты. Алар Орусиянын тарыхында кышкы Олимп оюндарда болуп көрбөгөндөй ийгиликтерди жаратты. Сочиде орусиялык спортчулар 33 медаль утса, анын 13ү алтын, 11и күмүш жана 9у коло.

Кышкы оюндардын бардыгында каармандыгын көрсөтүшкөн норвегиялык спортчулар экинчи орунду камсыз кылышты. Норвегия өлкөсү Сочиден 11 алтын, 5 күмүш, 10 коло байге менен кайтып баратат. Канада 3-орунду ээлеп, алар 10 алтын, 10 күмүш жана 5 коло медаль утуп алышты. Америкалык спортчулар дагы 9 алтын, 7 күмүш жана 12 коло байгеси менен төртүнчү орунда турат. Кышкы спорту өнүккөн Голландия жана Германия өлкөлөрү 5-6-орундарды камсыз кылышты.

Азия өлкөлөрүнөн Кытай 12- орунда туруп, алар 3 алтын, 4 күмүш жана 2 коло медалга ээ болду. Ал эми түштүк кореялык спортчулар 3 алтын, 3 күмүш жана 2 коло байгеси менен 13-катарда. Мурда Нагано шаарында кышкы Олимп оюндарын өткөргөн Жапония 1 алтын, 4 күмүш жана 3 коло байгеси менен 17-орунга илинди. Дүйнө коомчулугунун көңүл борборунда болуп жаткан Украинанын айрым спортчулары Сочи Олимп оюндарына катышуудан баш тартып, бойкот жарыялаган эле. Ошондой болсо дагы Сочиде Украинага биатлон мелдешинде айымдар алтын медаль тартуулады. Алар бул ирет 1 алтын, 1 коло байгелүү болушту.

Ошентип кышкы оюндарга катышкан 88 өлкөдөн 26 мамлекет гана байгелүү орундарды ээледи. Борбор Азия өлкөлөрүнөн Казакстандын бир коло медалы бар. Аларга көркөм муз тебүү мелдешинде коло байгени Денис Тен утуп берген эле. Калган мамлекеттердин спортчулары Олимп оюндарына катышканына каниет кылып, куру кол кетишти.

Евгений Тимофеевдин келечеги алдыда

23-февралда Сочидеги оюндардын соңку байгелерин орусиялык, норвегиялык жана канадалык спортчулар жеңип алышты. Бул күнү Красная поляна капчыгайындагы «Лаура» тоо лыжа борборунда 50 км. аралыкка жигиттердин массалык жарыштарында марага орусиялыктар озуп келип, үч байгелүү орундарды ээледи. Александр Легков чемпиону аталса, Максим Вылегжанин - күмүш, Илья Черноусов - коло медаль тагынды. 4 кишилик бобслей боюнча мелдеште дагы баш байгени Орусия командасы утуп алды. Латвия жана АКШнын спортчулары экинчи жана үчүнчү болушту.

Олимп оюндарынын акыркы күнүндөгү башкы мелдештердин бири - хоккей боюнча Канада менен Швециянын баш байге үчүн таймашуусу болду. Жыйынтыгында канадалык жигиттер шведдерди 3:0 эсебинде утуп, чемпиондук наамын сактап калышты. Ошондой эле Сочиде канадалык айымдар да катары менен 2002-жылкы Солт-Лейти-Сити Олимп оюндарынан бери төртүнчү ирет чемпион аталып, баш байгени багынтышты.

Сочи Олимп оюндарына Кыргызстандан тоо лыжасы боюнча спорт чебери Дмитрий Трелевский катышмак. Тилекке каршы ал 12-февралда Сочиде машыгуу учурунда жыгылып, жаракат алып калгандыктан Улуттук Олимпиа комитетинин аракети менен анын ордуна Евгений Тимофеев катышты. Учурда Трелевскийдин ден соолугун калыбына келитирүү боюнча камсыздандыруу кагаздары толтурулду. Аны атайын комиссия карап жатат. Буга ылайык ал Москвадагы ооруканалардын биринде бекер дарыланууга мүмкүнчүлүк алат, - деди Кыргызстандын командасынын жетекчиси Саламат Эргешов.

19 жана 22-февралда тоо лыжасынын гигант-слалом жана слалом түрлөрү боюнча мелдешке кыргызстандык Евгений Тимофеев катышты. Мелдеш Сочи шаарынан 60 км. алыстагы "Роза Хутор" тоо лыжа базасында өттү. Мында дүйнө жүзүнөн тандалган 117 спортчу мөөрөй талашып, Тимофеев марага 41-болуп келди. Ал кар эрип, тоскоолдуктардан буйтап өтүү кыйын болгонун, акырында чыккан спортчулардын көбү жыгылып, марага жетпей калганын, Сочи оюндары тажрыйба топтоонун чоң мектеби болгонун «Азаттыкка» айтып берди.

Чынында эле мындай дөө-шаалар менен таймашуу кыргызстандык Евгений Тимофеев үчүн кыйынга турду. Себеби, ал 117 спортчунун акыркыларынан болуп, мелдешке 110-болуп катышты. Старт берилээрде анын 110 деген номери жазылган майкасын бирөөлөр уурдап алып, ага дагы алагды болуп калды.

"Тимофеев биринчи жарышка бооруна 110 деп кол менен жазып чыгып, кийинки таймашта кайра жаңы номери жазылган майканы алууга туура келди", - дейт Тимофеевдин устаты Игорь Борисов.

Евгений Тимофеев 19-февралда гигант слалом мелдешине катышып, 109 атаандашынан 61-орунга жеткен. 19 жаштагы бул спортчу үчүн алгачкы Олимп оюну тажрыйба топтоонун, чеберчилигин жогорулатуунун мектеби болуп калды.

Сочидеги кар көйгөйү

Сочи шаарынын өзү субтропикалык Кара деңиздин боюнда болгондуктан кышкы оюндар кантип өтөт деген суроолор жаралган. Чынында эле Сочи шаарында кар жок. Олимп оюндары учурунда Сочиде жана олимпиадалык парк жайгашкан Адлер аймагында жаз күнүндөй 12-18 градус жылуу болду. Муз сарайларында атайын муз тоңдурган машиналар иштеп жатканы бештен белгилүү. Ал эми Сочи шаарынан 60 км. алыстагы "Красная Поляна", "Роза Хутор", "Лаура" тоо лыжа базаларында тоо баштарында гана кар болбосо, ылдый жакта кар эрип, жер кара бойдон ала-шалбырт болуп турду.

Адистер жасалма кар лыжа тебүүчүлөр үчүн кыйынчылык жаратып жатканына нааразы болуп жатышты. Айрым мелдештер учурунда 100 кишинин 30га жакыны марага жетпей калганын Улуттук олимпиада комитетинин башкы катчысы Канат Аманкулов билдирди. Оюндар аяктаганга чейин кар музга айланып, далай кыйынчылыктарды жаратып, айрым спрортчулар жаракат алышты.

Орусияга кадыр-барк алып келген Олимп оюндары

Чынында эле Орусия үчүн Сочидеги кышкы Олимп оюндарынын саясий мааниси зор болду. Бул долбоор айрыкча президент Владимир Путиндин жан дүйнөсүнө жакын болуп, баштан-аяк оюндарга даярдыкты өзү көзөмөлдөп, ачылыш жана жабылыш аземдерине катышып, айрым спорт түрлөрүнө барды. Белинен жаракат алып калган Комиссарованын ал-абалын өзү барып сурады. Ал Сочиге бир нече ирет келип, даярдыкты, оюндун жүрүшүн көзөмөлдөп турду.

Анын Сочиде кышкы оюндарды жогорку деңгээлде өткөрүп, андан кийин төрт жылдан соң дүйнөлүк футбол чемпионатын өткөрүү аркылуу Орусиянын аброюн көтөрөм деген тилеги аткарылды. Себеби футбол боюнча дүйнө чемпионаты Орусиянын бир нече шаарында өтөт. Бир тобун ушул Сочи шаары кабыл алат. Андан кийин Сочиде «Формула-1» автожарыштарын да өткөрүүнү мерчемдеп турушат.

Куугунтукталган мигранттар

Чынында эле Сочиде талаштуу маселелер дагы көп болду. Адам укуктары боюнча эл аралык HRW уюму олимпиада шаарын курууга тартылган мигранттардын абалы тууралуу сын макалаларын жарыялаган. Анда жумушчулардын эмгек акылары төмөндөтүлгөн, шарттары начар жана оор жумуштарда тыныгуусуз иштөөгө мажбур деген айыптар айтылган. Мындай окуя тууралуу Сочиден Краснодарь шаарына кетүүгө аргасыз болушкан кыргызстандык мигранттар дагы мага айтып беришти.

Сочи олимпиа имараттарын курууга катышкан борбор азиялык мигранттар да ушундай тагдырга туш болушкан. Орусиянын жакында кабыл алган кумсаларды пропагандалоого каршы мыйзамы дагы талаш-талкууларга жем таштады. Украинадагы кандуу окуяларга байланыштуу Сочи Олимп оюндарына бойкот жарыялап, оюндарга катышпай койгон украиналык спортчулар болду.

Коопсуздук жана тынымсыз текшерүүлөр

Сочиде террор коркунучунан улам коопсуздукка өзгөчө көңүл бурулуп, абдан дыкат, тынымсыз текшерүүлөргө туш болдук. Красная Полянадагы тоо лыжа базасына барганга чейин 2 саат аралыгында аккредитациясы бар спорт баяндамачысы болсом дагы 5-6 жолу текшерүүдөн өттүм. Ал түгүл кабарчылар, спортчулар түшкөн автобустун эшиктерин сыртынан текшерүү кагаздары менен чаптап, жүк салына турган жайды дагы текшерип, аны дагы өздөрү жаап, кагаз чаптап жатышты.

Ал эми Башкы басма сөз борборуна келүү үчүн эле 2-3 жерден текшерүүдөн өтүп жаттым. Сочи Олимп оюндарын кышкы эмес эле жазгы болуп калды дешип тамашалагандар, күнгө күйүп, Кара деңизге түшкөндөр болду. Айрыкча күнү-түнү тынбай бекер иштеп берип, оюндарды өткөрүүгө зор салым кошкон 25 миң волонтердун мээнети күч болду. Алардын катарында кыргызстандык Малик Өмүрзаков да болду. Бир нече кыргызстандык жигит-кыздар Сочи Олимп оюндарын тейлөө кызматтарында иштеп жүрдү. Алардын айрымдарына кезиктим. Менин жатакана маселемди Орусиядагы Кыргызстандын элчилиги чечип, жардам беришти.

Сочи Олимп оюндары жакшы таасирлерди жаратып, жаңы досторду таптым. Сочи шаары кезектеги кышкы Олимп оюндарынын эстафетасын Түштүк Кореянын Пхёнчхан шаарына тапшырды. Кош бол, Сочи!

Олимп оюндарынын жабылышынан сүрөт баян

  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG