Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:45

Сочи күндөлүгү: Германия алдыга чыкты


Швециялык спортчу Хенрик Харлаут (Henrik Harlaut) таймаш учурунда. Сочи, 13-февраль, 2014.
Швециялык спортчу Хенрик Харлаут (Henrik Harlaut) таймаш учурунда. Сочи, 13-февраль, 2014.
Кыргызстандык Трелевскийди Тимофеев алмаштырды

Сочи олимпиадасына кыргызстандык Дмитрий Трелевскийдин ордуна Евгений Тимофеевди катыштыруу маселеси чечилди. Улуттук Олимпиада комитетинин жетекчилиги Трелевскийди жаракат алып калганына байланыштуу башка спортчу Евгений Тимофеев менен алмаштырууну өтүнүп, 12-февралда Эл аралык Олимпиада комитетине кат жолдогон. Анын жообу бүгүн түштөн кийин билинип, Тимофеев олимпиадага катышмак болду. Бул тууралуу “Азаттыкка” Сочиден Улуттук олимпиада комитетинин башкы катчысы Канат Аманкулов кабарлады.

Трелевский 12-февраль күнү машыгуу учурунда алган жараатынан улам мелдештерге катыша албай калды. Учурда анын абалы дурус. Кечээ ооруканадан сынган бутуна шакшак коюлуп, учурда шишиги тарай элек. Ал дарыланып, Красная Полянадагы олимпиадалык айылда турат. Анын ордуна Бишкектен 19 жаштагы спорт чебери Евгений Тимофеев Сочиге келатат. Ал дагы олимпиадага катышуу үчүн бардык талаптарды тапшырган. Евгений 14-февралдын таңында Сочи шаарына келип калат.

Трелевский лыжа спортунун үч түрүнөн ат салышмак. Жадыбал боюнча 16-февралда супер-гигант, 19-февралда гигант-слалом жана 22-февралда слалом боюнча мелдештерге чыгышы керек эле. Ал эми анын ордуна келген Евгений Тимофеев 19-февралда гигант-слалом жана 22-февралда слалом боюнча мелдештерге катышмак болду.

Германия алдыга чыкты

Сочидеги кышкы олимпиадада кечээ норвегиялык спортчулар алдыңкы орунда турса, кечиндеги мелдештердин жыйынтыгында германиялыктар лидер болушту. 13-февралда алар 6 алтын, бирден күмүш жана коло байгелүү болду. Экинчи орунда 10 медаль менен Канада келатат. Норвегиялык спортчулар 12 медаль менен үчүнчү тепкичке жылып калды. 4-Голландия, 5-орунда АКШ келүүдө. Оюн ээси орусиялыктар 9 медалы менен 7-орунда турат.

Бүгүн Сочиде кыз-келиндер арасында лыжа менен 10 чакырым аралыкка жарышуу мелдештери Бишкек убактысы боюнча 4тө башталат. Ал эми чана, коньки жарыштары, скелетон мелдештери Бишкек убактысы боюнча кечки сегизден түнкү саат 12ге чейин болмокчу.

Бүйүр кызыткан мелдештер

Сочиде күйөрмандар арбын келген биатлон мелдеши болууда. Бүгүн Красная Поляна капчыгайындагы «Лаура» тоо лыжа базасында эр-азаматтар биатлон боюнча күч сынашат. Алар 20 км. аралыкка лыжа менен жарышып, мылтыктан таамай атууга аракет кылышат.

Хоккей да күйөрмандардын бүйүрүн кызытууда. Бүгүн Хоккей боюнча кыз-келиндер командаларынан орусиялыктар менен швециялыктардын таймаштары курч мүнөздө өтөөрү айтылууда. Жапондук кыздар командасы германиялыктар менен ойнойт. Ошондой эле бүгүн хоккейден эркектердин мелдештери да Бишкек убакытсы боюнча кечки саат 6 жарымда жана түнкү саат 11де башталат. Бүгүн финдер менен австриялыктар, хоккейдин мекени аталган канадалыктар менен норвегиялыктар ойнойт. Бүгүнкү негизги таймаш - Орусия командасы менен Словениянын хоккейчилеринин ортосунда болмокчу.

7-февралда башталган олимпиада оюндары 23-февралда жыйынтыкталат.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG