Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:49

Сочи күндөлүгү: Алдыда Канада


Орусия -- Америкалык лыжачы Тед Лигети. Сочи, 11-февраль, 2014.
Орусия -- Америкалык лыжачы Тед Лигети. Сочи, 11-февраль, 2014.

Сочи олимпиадасынын башталганына 5 күн болду. Таймаштар күн санап курчууда.

11-февралда жеңүүчүлөргө 8 комплект байгелер ыйгарылат. Бул күндүн эң маанилүү, ары таасирдүү таймаштары кыз-келиндер арасындагы биатлон мелдеши болмокчу. Алар «Лаура» тоо лыжа базасында 10 чакырым аралыкка лыжа менен жарышып, мылтыктан таамай атып, мөөрөй талашканы шымаланып даярданып турушат. Бул мелдеш Бишкек убактысы боюнча кечки саат 9да башталат.

Ушул «Лаурада» кыз-келиндер тоо лыжасынын спринт түрү боюнча да жарышат. Мында Ванкувер олимпидасынын чемпиону, норвегиялык Марит Бьерген чемпиондук наамын сактап калышы мүмкүн. Эркектердин тоо лыжасы боюнча мелдешинде Ванкувер олимпиадасынын чемпиону, орусиялык Никита Крютковдон мекендештери үмүтүн үзбөй турат.

Сочидеги «Айсберг» муз сарайында болсо бүгүн көркөм муз тебүү боюнча жеке таймаштар дагы Бишкек убактысы боюнча кечки саат 9дан өтүп башталат. Мында мелдеш жуп болуп атаандашуунун кыска программасы боюнча өткөрүлөт. Мурда күнү орусиялыктардын маңдайын жарылта кубанткан Сочи олимпиадасында командалык эсепте чемпион болушкан Татьяна Волосожар менен Максим Траньков Орусиянын намысын коргойт.

500 метрге кыз-келиндердин коньки боюнча жарыштарында түштүк кореялык Ли Сан Хванын жылдызы жанышы мүмкүн дешет серепчилер. Себеби ал өткөн жылы эле Дүйнө кубогун 7 ирет утуп, дүйнөлүк рекорддорго 4 ирет жаңы чек коюп, көпчүлүктүн көңүлүн бурган эле. Кыз-келиндер алгач ирет трамплин мелдештерине катышканга камылга көрүүдө.

Кыз-келиндер, жигиттер арасындагы чана жарыштары дагы курч мүнөздө өтөөрү болжолдонууда. Мында Ванкувер олимпиадасынын чемпиону, германиялык Татьяна Хюфнер чемпиондук наамын сактай алабы деген күмөн жаралууда. Ошентип Сочиде бардык жерде жазылып коюлгандай «Аптаптуу кыштын» олимпиадалык кереметине күбө болуп жатабыз.

11-февралда эркектер сноуборддун хафпайл түрүнөн күч сынашууда. Фристайл боюнча кыз-келиндер да мөөрөй талашууда.

Сочиде кыз-келиндер арасында хоккей таймашуулары курчуп баратат. Бүгүн Бишкек убактысы боюнча кечки саат 9да Орусия менен Жапония командалары беттешет. Мурда күнү орусиялык кыздар Германиянын командасын 4:1 эсебинде утуп алышкан. Кыздар хоккейди эркектерден кем калбай ойнойт экен. Керлинг мелдештери да кызуу уланууда.

Учурда жеңген медалдардын саны боюнча Канада алдыда. Алар учурда 3 алтын, 3 күмүш жана 1 коло байгелүү болушту. Голландия да 3 алтын, 2 күмүш, 2 коло байгеси менен канадалыктарды бучкактап келатат. Үчүнчү - Норвегия, төртүнчү -АКШ, бешинчи орунда Германия келатат. Оюн ээси орусиялыктар азырынча 6-орун менен чектелип турат.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG