Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:42

Сочиде кышкы Олимпиада оюндары башталды


Дмитрий Трелевский Кыргызстандын желегин көтөрүп чыкты. 7-февраль, 2014-жыл.
Дмитрий Трелевский Кыргызстандын желегин көтөрүп чыкты. 7-февраль, 2014-жыл.

Сочидеги “Фишт” стадионунда XXII кышкы Олимпиада оюндарынын ачылыш аземи болду. Ага Кыргызстандын атынан лыжачы Дмитрий Трелевский барды.

Сочи Олимпиадасынын отун олимпиада оюндарынын 3 жолку чемпиондору Ирина Роднина менен Владислав Третьяк күйгүзүп, олимпиада ачык экенин Орусия президенти Владимир Путин жарыялады.

Олимпиада ачылышында Орусиянын тарыхына арналган 18 үзүндү көргөзүлдү. Алардын арасында байыркы Орусия, христианчылыктын алгачкы мезгилдери, Петр I башкарган доор, Лев Толстойдун “Согуш жана Тынчтык” романынан эпизоддор, 20-кылымдын 20 жана 50 - жылдары театралдаштырылган. Орус делегациясы олимпиадалык аренага “Тату” тобунун “Бизди кууп жете алышпайт” деген ыры менен чыгышты. Олимпиадалык гимнди атактуу опера ырчысы Анна Нетребко аткарды.



Кыргызстандын атынан Сочиге жалгыз спортчу Дмитрий Трелевский барды. Трелевский 1983-жылы 14-октябрда туулган. Тоо лыжасы менен 1994-жылдан тарта машыгып келет.

Учурда Сочиде Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев дагы жүрөт. Ал орус президенти Владимир Путиндин чакыруусу менен барган. Бүгүн эки өлкөнүн президенттери буга чейин кабыл алынган кыргыз-орус келишимдерин ишке ашыруу, кызматташуунун келечегин талкуулоо үчүн жолугары маалым болду. Бул тууралуу Сочиге расмий делегация менен барган экономика министри Темир Сариев "Азаттыкка" билдирди.
XS
SM
MD
LG