Азыркы кезде премьер-министр Темир Сариев башында турган кыргыз делегациясы Кытайда жүрөт. Алар 15-декабрда Шанхай кызматташтык уюмуна кирген өлкөлөрдүн өкмөт башчыларынын Чжэнчжоу шаарында болгон саммитине катышты.
17-декабрда Темир Сариев баштаган кыргыз делегациясы Бээжинге келип, Кытай жетекчилиги менен эки тараптуу кызматташууларды өнүктүрүү боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Ал сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюларын өкмөттүн маалымат кызматы кабарлаган. Алардын арасында Кытай-Кыргызстан темир жолун куруу боюнча келишим да болору күтүлүүдө.
Анткени президент Алмазбек Атамбаев 13-декабрда Кувейт мамлекетине сапары учурунда ушул жумада кыргыз-кытай темир жолун кура баштоо боюнча келишимге кол коюларын билдирген.
Кытайдын өкмөт башчысы Ли Кэцян да Шанхай кызматташтык уюмунун саммитинде Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун курууну тездетүү зарылдыгын белгиледи.
Транспорт жана коммуникация министринин маалымат катчысы Кылычбек Досумбетовдун билдирүүсүнө караганда, Темир Сариев башында турган өкмөттүк делегациянын курамында транспорт жана коммуникация министри Аргынбек Малабаев да бар. Алар кытай жетекчилиги менен жолугушууда кыргыз-кытай темир жолу боюнча сүйлөшөт. Ал келишимге кол коюлушу тууралуу сапардын жыйынтыгынан кийин гана айтууга болорун белгиледи.
“Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын долбоорлоо жана куруу боюнча департаментинин башчысы Канат Абдыкеримовдун 14-декабрда билдирүүсүнө караганда, алар темир жол боюнча Кытайда сүйлөшүү жүргүзүүдө. Анын жыйынтыгы 17-декабрдан кийин маалым болот.
Абдыкеримов буга чейин "Азаттыкка" Кытай-Кыргызстан темир жолунун негиздемеси бүтүү алдында турганын билдирген. Темир жолдун багыты эки түрдүү каралган. Анын биринчиси боюнча, жол Торугарт-Ата-Башы ГЭСи-Макмал-Жалал-Абад багыты боюнча курулат. Экинчи багытта темир жол Торугарттан чыгып, Арпа аркылуу Жалал-Абадга барат.
Техника-экономикалык негиздемеде темир жолду куруу үчүн канча каражат талап кылынары да аныкталмакчы.
Жогорку Кеңештин транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш комитетинин төрагасы Иса Өмүркулов Кытай-Кыргызстан темир жолунун курулушу республика үчүн өтө маанилүү дейт:
- Бул долбоор биздин мамлекет үчүн өтө зор мааниге ээ. Себеби транзиттик жолго айланабыз. Транзиттик жолго айлануунун өзү эле мамлекетке көп киреше алып келет. Ошол жолдун боюндагы аймактардын өнүгүүсү үчүн шарт түзүлөт. Экономикага жүз миллиондогон долларлар түшөт. Биздин түндүк-түштүктү темир жол менен бириктирүүдө мааниси зор.
Иса Өмүркулов бул жолду кура баштоо боюнча келишимге Бээжинде кол коюлушу күтүлүп жатканын кубаттады. Ошондой эле бул жолдун тагдыры татаал болгонун белгилеп, Орусия, Казакстандын кызыкчылыгына анын каршы келгенин кошумчалады.
Саясат таануучу Марс Сариев Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу Кыргызстандын кызыкчылыгында экени түшүнүктүү болгондуктан бийликтегилер аракетин жүргүзүүдө дейт:
- Коңшу Казакстан Кытай менен темир жол салуу үчүн Кытайдан 2 млрд. доллар алып жатат. Ошону менен эки багытта жол салып жатышат. Мындай шартта биз такыр эле туңгуюкта, чоң жолдун четинде калып жатабыз. Менин оюмча, бийлик Кыргызстандын кызыкчылыгын түшүнүп, Кытай менен Европаны байланыштырган жолдун ортосунда болууга аракет жасалууда. Бул жол курулса биз чоң инфраструктуранын ортосунда туруп калабыз.
Белгилүү болгондой Кыргызстан президенти Алмазбек Атамбаев Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу Кыргызстандын кызыкчылыгында эмес деп 2013-жылы билдирип, ага альтернатива катары Тажикстан-Кыргызстан-Казакстан темир жолун курууну сунуштаган. Бирок быйылкы жылдын февраль айында ал кездеги транспорт жана коммуникация министри Калыкбек Султановдун Бээжинге сапары учурунда Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу боюнча жаңы макулдашууларга жетишилгени кабарланган. Демек кыргыз жетекчилигинин пикиринде ошол кезде өзгөрүү болгон.
Кытай-Кыргызстан темир жолун курууга Кытай каражат бөлөт. Ал эми Кыргызстан жери менен катышмакчы.