Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:02

Казак-орус чек арасында 500дөн ашуун тажик мигранты өтө албай турат


Чек арада турган тажикстандык мигранттар. (Сүрөт видеодон алынды)
Чек арада турган тажикстандык мигранттар. (Сүрөт видеодон алынды)

Тажикстандын 500дөн ашуун жараны бир нече күндөн бери казак-орус чек арасындагы "Сагарчин" көзөмөл-өткөрүү пунктунан Орусияга кире албай турат. Маалыматка караганда, Орусиянын чек арачылары алардын кармалышынын так себебин түшүндүргөн эмес.

"Озоди" радиосу менен сүйлөшкөн тажик жарандары аялдар балдары менен бир нече күндөн бери автоунааларда түнөп, күн көрүп жатканын айтып берди. Чек арада тургандардын басымдуу бөлүгү Орусиядан 90 күндөн кийин Казакстанга чыгып, кайра кирүүгө аракет кылышкан. Арасында Орусияга Тажикстандан Казакстан аркылуу барууну көздөгөндөр да болгон.

"Айрымдар бул жерде бир жумадан бери турат. Бул жакта 200 машина бар болчу, алар чек арадан өтпөй калды. Өзбектер өтүп кетти, кыргыздар өтүп кетти, анткени алардын элчилигинен келгендер жардамга келишти. Бизге эч ким келген жок", - деди атын атагысы келбеген мигранттардын бири "Озоди" радиосунун кабарчысына.

Тажикстандыктар чек арада эмнеден улам тыкыр текшерүү болуп жатканы жана абал качан турукташа тургандыгы тууралуу расмий маалымат болбогонун кошумчалашты.

"Озоди" Тажикстандын Казакстандагы элчилигине байланышып, бул боюнча пикир ала алган жок.

2024-жылы Москвада “Крокус Сити Холлдо” кеминде 145 кишинин өмүрүн алган куралдуу чабуулдан кийин Орусияда мигранттарга каршы маанай күчөгөн. Кылмышка шектүүлөрдүн көбү тажик тектүү жарандар экени аныкталып, кармалган. (AiA)

Шерине

XS
SM
MD
LG