Кыргызстанга Бириккен Улуттар Уюмунун Балдардын укуктары боюнча комитетинин мүчөлөрү Браги Гудбрандссон (комитеттин төрагасынын орун басары, Исландия) жана Тувайба Аль Барвани (комитеттин мүчөсү, Оман) расмий сапар менен келишти. Алар мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен жолугушуп, билим берүү, социалдык колдоо жана балдардын укуктарын коргоо жаатында кызматтарды көрсөткөн уюмдар менен таанышат. Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, балдар укугун коргоочулар өзгөчө билимге муктаж, аялуу жана турмуштук оор кырдаалда турган балдар менен дагы жолугушат.
Сапардын алкагында аталган комитеттин корутундуларын ишке ашыруу боюнча 2025-2028-жылдарга иш-чаралар планы белгиленип, балдардын укуктарын коргоо жана кызыкчылыктарын камсыз кылуу жаатындагы артыкчылыктуу чаралар талкууланат. Иш-чарага мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын, жарандык коомдун, эксперттик коомчулуктун жана жаштар демилгелеринин өкүлдөрү катышат.
Кыргызстан 2023-жылы балдар укуктары боюнча конвенциянын жоболорун ишке ашыруу боюнча отчетун берген.
Баланын укуктары жөнүндө Конвенция – бул адам укуктары боюнча эл аралык келишим. Ал балдар деген ким экенин, алардын бардык укуктарын жана өкмөттүн милдеттерин түшүндүрөт. Кыргызстан бул келишимди 1994-жылы ратификациялаган.
Кыргызстанда балдардын укуктары Балдар жөнүндѳ кодексте, Баланын укуктары жөнүндө БУУнун Конвенциясында, Үй-бүлө кодексинде жана Конституцияда жазылган.
Буга чейин Кыргызстандын акыйкатчысы Жамиля Жаманбаева мамлекеттик органдарды жана эл аралык өнөктөштөрдү аялдарга жана балдарга карата жасалып жаткан зомбулуктун алдын алууда биргелешип иш алып барууга чакырган. (КЕ)
Шерине