Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:27

Абхаз, армян номурлуу унааларды мыйзамдаштырууда жеңилдиктер берилди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргызстандагы абхаз, армян номурлуу машинелердин ээлеринин өкүлдөрү менен жолукту. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы 9-апрелде маалымдады.

Ага ылайык, жолугушуу 9-апрелде өтүп, ага тийиштүү мекемелердин жетекчилери жана кызматкерлери да катышты. Жолугушуу учурунда Абхазиядан, Армениядан ташылып келген машинелердин ээлери аталган сумма көп экенин айтып, арзандатып берүү өтүнүчүн билдиришти. Ошондой эле, унааларга катталган аймагына жараша номур берүүнү жана каттоо процессиндеги айрым көйгөйлөргө токтолушту.

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев учурда мындай автоунааларга байланыштуу буга чейин бекитилген токтомго өзгөртүүлөр киргизилерин билдирди. Анын сөзүнө караганда, армян, абхаз номурлуу унааларды мыйзамдаштырууда алынуучу 100 миң сомдун ордуна кыймылдаткычынын көлөмү 2 литрге чейинки автоунааларга 50 миң сомго чейин төмөндөтүлгөн. Ал эми айып токтотмо жайга күнүнө 100 сом эмес, 50 сом деп каралган. Тийиштүү лабораториялык текшерүүнүн баасы 2800 сомдон 1000 сомго түшүрүлүп, Чек ара кызматынан берилүүчү аныктама жокко чыгарылган.

Камчыбек Ташиев жеңилдиктер каралганын белгилеп, тийиштүү мекемелердин жетекчилерине бул маселелерди тез арада чечүүнү тапшырды.

Армениядан жана Абхазиядан ташылып келген унааларды легалдаштыруу максатында ээлери 14-апрелден тартып, УКМКнын жергиликтүү бөлүмдөрүнө кайрылса болот.

Коопсуздук кызматы ошол эле учурда аталган унааларды мыйзамдаштыруу аларды сатууга уруксат бербесин эскертип, ошондой эле легалдаштыруу аягына чыкканча унааны айдоого тыюу салынарын эскертти. Маалыматка ылайык, бул унааларды мыйзамдаштыруу процесси учурунда гана пайдаланууга уруксат.


Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик Абхазия жана Армения номурлуу унааларды легалдаштыруу жараяны 1-апрелден 1-октябрга чейин болорун билдирген.

Чет өлкөлөрдүн мамлекеттик каттоочу номердик белгилери менен документтери бар автоунаалар мыйзамдаштырылат. Ал эми документи жок болсо айдоочу ID паспортун, эгерде бар болсо машинени каттоо жөнүндөгү күбөлүктү, менчик укугун тастыктаган документти (бар болсо), автоунаа издөөдө, күрөөдө эмес экенин тастыктаган маалыматты бериши зарыл.

Машине издөөдө жүргөн болсо, ал Кыргызстанга 2024-жылдын 31-декабрынан кийин ташылып келсе, чет мамлекеттин мамлекеттик каттоочу номердик белгилери жок болсо катталбайт.

Биринчи кезекте документи бар автоунаалар мыйзамдаштырылат. Экинчи этапта документи жок, бирок техникалык абалы талаптарга жооп берген машинелер каттоого алынат.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргызстанда Армениядан, Абхазиядан мыйзамсыз ташылып келген 15 миңдей машине бар экенин 2024-жылы 11-декабрда парламентте билдирген. Анын сөзүнө караганда, көбү өлкөгө автоунаанын тетиги деп алынып келген, 15 миңдей машиненин 90% документи жок.

Кыргызстанда 2015-жылы оң рулдуу автоунааны ташып келүүгө тыюу салынган. Бирок соңку жылдары Армения, Абхазия, Грузия өлкөлөрүнөн оң рулдуу машинелер кирип жатат. Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) Бажы кодексинин 264, 275-беренелерине ылайык, Абхазиядан алынып келинген автоунааны башка бирөөгө берүүгө жана ишеним кат менен сатууга мыйзам жол бербейт. Машинени ЕАЭБ аймагына киргизип жатканда убактылуу бажы декларациясы толтурулат. Бул документти бир жылдык мөөнөткө чейин алса болот. Автоунаалар Кыргызстанда катталбайт. (ZKo)

Шерине

XS
SM
MD
LG