АКШнын Мамлекеттик департаменти Москва менен Вашингтондун делегациялары 10-апрелде Стамбулда жолугарын ырастады. Бул тууралуу Мамдепартаменттин басма сөз катчысы Тэмми Брюс 8-апрелде билдирди. Анын айтымында, Стамбулда бейшемби күнү эки тарап экинчи ирет кеңешме өткөрүшөт.
Ал делегациялар "Орусиянын Украинага каршы согушу жана эки тараптуу мамилелерди калыбына келтирүү боюнча маселелерди талкуулабай турганын жана мындай тариздеги сүйлөшүүлөр эки тарап тынчтык келишимине жеткенден кийин караларын" айтты.
Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мария Захарова орус делегациясын Орусиянын АКШдагы элчиси Александр Дарчиев, ал эми америкалык делегацияны АКШнын мамлекеттик катчысынын Европа жана Евразия иштери боюнча жардамчысынын орун басары Соната Коултер жетектей турганын мурдараак кабарлаган.
Вашингтон менен Москванын өкүлдөрү акыркы жолу 27-февралда Стамбулда жолугушкан. Эки тарап тең жабык өткөн сүйлөшүүнүн биринчи айлампасын "пайдалуу" деп мүнөздөшкөн.
АКШ жолугушууда эки өлкөнүн дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн иши боюнча алгачкы кадамдар аныкталганын билдирсе, Орусия өлкөлөр ортосундагы түз аба каттамдарын калыбына келтирүүнү сунуштаганын билдирген.
Быйыл мартта Александр Дарчиев Орусиянын АКШдагы элчиси болуп дайындалган. Былтыр күздөн бери бул кызмат бош турган.
Дарчиевдин дайындалышы Москва менен Вашингтон Орусия Украинага согуш ачкандан бери бузулган мамилелерди оңдоого аракет кылып жаткан учурга туш келди. Андан тышкары Кошмо Штаттардын президенти Трамп дагы согушка чекит коюу аракетин көрүүдө. (AiA)
Шерине