Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:02

Адвокат ырайым берилген Азамат Ишенбеков абактан бүгүн чыгышы мүмкүн экенин айтты


Азамат Ишенбеков.
Азамат Ишенбеков.

"Массалык башаламандыкка чакыруу" беренеси менен 11 журналисттин катарында кармалып, кийин беш жылга соттолгон активист Азамат Ишенбеков абактан бүгүн 9-апрелде эркиндикке чыгышы мүмкүн. Адвокат Жаныш Бараков Ишенбековду чыгаруу үчүн тийиштүү аракеттер көрүлүп жатканын "Азаттыкка" билдирди.

Президент Садыр Жапаров учурда абакта жазасын өтөп жаткан 41 кишиге ырайым берген мыйзамга 9-апрелде кол койду.

Сот өкүмү менен күнөөлүү деп табылып, түрмөлөрдө жаза мөөнөтүн өтөп жатып ырайымга туш болгондордун катарында "Массалык башаламандыкка чакыруу" беренеси менен соттолгон активисттер Азамат Ишенбеков, Зарина Төрөкулова бар.

Ошондой эле тизмеде Орусиянын федералдык соттору түрдүү кылмыштарга айыптап, бирок эки өлкөнүн ортосундагы келишимге ылайык Кыргызстанга экстрадицияланып, мекениндеги абак жайларда жаза мөөнөтүп өтөп жаткан он чакты жаран да бар.

Апасы ырайым алганын соцтармактын активдүү колдонуучусу, Зарина Төрөкулованын кызы да "Азаттыкка" ырастады.

“Ырайым берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзамга кол коюлганы тууралуу маалымат президенттин сайтына 9-апрелде жарыяланды. Мыйзам долбоору 13-мартта Жогорку Кеңеште кабыл алынган.

Төрөкулованы Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет 2023-жылы 11-сентябрда “жапырт башаламандыкка” шек санап камаган. Активист “социалдык тармактарда “чагымчыл” билдирүүлөрдү жасаган” деп айыпталып, Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктарга чакыруу” беренеси менен иш козголгон.

Активист өзүнө коюлган айыптарды “саясий буюртма” деп атаган. Былтыр 16-январда Бишкектин Биринчи май райондук соту Төрөкулованы беш жылга эркинен ажыратып, үч жылдык пробациялык мөөнөт менен абактан бошоткон. Ал эми 5-апрелде Бишкек шаардык соту ага берилген пробация мөөнөтүн жокко чыгарып, 3-июлда Жогорку сот шаардык соттун чечимин күчүндө калтырган жана ал кайра камалган.

Temirov Live жана “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкери Азамат Ишенбеков “Массалык башаламандыктар” беренеси менен айыпталып, Бишкектин Ленин райондук сотунун өкүмү менен беш жыл абакка кесилген. Кийинки соттук инстанциялар бул өкүмдү күчүндө калтырган.

Ишенбеков менен чогуу кесилген Temirov LIVE жана “Айт, айт десе” долбоорлорунун жетекчиси, журналист Махабат Тажибек кызына ырайым берилгени тууралуу маалымат жок.

Temirov LIVE жана “Айт, айт десе” долбоорлоруна тиешеси бардыгы айтылган 11 журналистти Ички иштер министрлиги 2024-жылы январь айында кармаган. Аларга Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (“Массалык башаламандыктар”) менен айып тагылган. (КЕ)

Шерине

XS
SM
MD
LG