Бул ирет чабуулдун бутасы Пешавар шаарындагы “Picture House Cinema” кинотеарты болду. Полициянын мартабалуу офицери Файзал Мухтар жардыруу болгондон кийин: “Бул чабуулда Кытайда жасалган граната колдонулду. Жардыруу болгон кезде кинотеатрда 90-100 чамалуу адам бар эле. Үч адам өлдү жана 20-25тей адам жарадар болду. Жарадар болгон бардык адамдар ооруканага жеткирилди” - деп билдирди.
Ооруканага жаткырылган жарадарлардын ичинен да эки адам өлгөнү маалымдалды. Көпчүлүк адамдар, полициянын билдиришинче, жардыруудан кийинки тополоңдо тебелендиде калып жарадар болгон.
Азырынча кинотеатрга жасалган чабуул үчүн жоопкерчиликти эч бир топ өзүнө ала элек.
Пешавар шаары Пакистандын түндүк батышындагы Хайбер-Пахтунхва провинциясынын борбору. 22 миллион калктуу бул провинция уруулардын ээлигиндеги автономиялуу аймактар менен чектешет. Бул аймактарда Пакистанда орто кылымдык ислам мамлекетин орнотууну максат кылган талиптер абдан активдүү.
Ассошэйтед пресс агенттигинин кабарлашынча, быйыл январда эле талиптердин чабуулунан жана саясый коогалаңдарда аскер, полициячы, өкмөттүк кызматкерлер жана карапайым жарандар болуп 100дөй адам өлдү.
2002-жылы "Пакистан талибан" кыймылы түзүлгөндөн тарта алар жана башка согушчул топтор аралашкан чабуулдарда 40 миңдей адам жана 5 миң аскер курман болгон. Алардын ичинде бир генерал-лейтенант, сегиз генерал-майор жана он бригада генералы бар.
Былтыр жайда үчүнчү ирет премьер-министрлик орунга отурган Наваз Шариф кан төгүүлөрдү токтотуу үчүн ноябрда талиптерди тынчтык сүйлөшүүгө чакырган жана жакында төрт адамдан турган атайын топ түзгөн. Бул сунушка жооп кылып, 2-февралда Пакистан талиптери өлкөдөгү беш таанымал инсанды, анын ичинде экс-крикетчи Имран Ханды бийлик менен болчу тынчтык сүйлөшүүгө өз өкүлү болуусун каалаганын жарыя кылды. Алардын ичинде диниятчы Маулана Абдул Азиз да бар. Азиз жана анын бир тууган иниси Абдул Рашид Гани 2007-жылы Исламабаддагы Кызыл мечитти ээлеп алган диниятчылар менен медреседе окуган талиптердин козголоңунун
башында турган. Алар өз тарапкерлерин Пакистанда шариат бийлигин орнотууга жана өкмөттү төңкөрүүгө үндөгөн. “Вашингтон Пост” гезити жазгандай, Кызыл мечитте окуган кара буркачан кыздар сойкулар деп шектелген аялдарды уурдоого, ал эми эркектер музыкалык дүкөндөрдү талкалоого жөнөтүлүп турган. Кызыл мечитти тазалоо операциясы кезде 70тен ашык адам өлгөн. Маулана Абдул Азиз аялдарча бурка кийип алып, качып баратканда колго түшүрүлгөн. Ал “Дүния” телеканалына кечээ берген интервьюда Пакистанда шариатка негизделген ислам мамлекетин курууну көздөгөнүн баса белгиледи.
Имран Хан тынчтык сүйлөшүүгө талиптердин өкүлү катары катышпайт. Анын “Техрик - е - Инсаф” партиясы жасаган билдирүүдө тынчтык сүйлөшүүгө талиптер өз өкүлүн жибериши керек экени белгиленди. Бирок Имран Хандын айтышынча, сүйлөшүүгө кантип көмөктөшүү жагын партия чукул арада талкуулайт.
“Техрик - е - Инсаф” партиясы былтыр майдагы шайлоодон бери Хайбер-Пахтунхва провинциясынынын коалициялык өкмөтүн жетектейт.
Серепчилердин айтымында, Пакистан өкмөтү мурда да талип согушчандары менен сүйлөшүүгө аракет кылып, анысынан эч нерсе чыккан эмес жана өкмөттүн сунушу талиптердин аброюн гана көтөргөн.