Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:11

Жергиликтүү кеңеш: Ак-Сууда бир шайлоо тилкесинде добуш берүү башталды


Кыргызстандагы добушканалардын бири. 17-ноябрь, 2024-жыл.
Кыргызстандагы добушканалардын бири. 17-ноябрь, 2024-жыл.

18-ноябрда Ысык-Көлдүн Ак-Суу районунун Тепке айылындагы №3092 шайлоо тилкесинде добуш берүү башталды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) билдирди.

Бул шайлоо участкасында 17-ноябрда бюллетен чыгарган аппарат иштебей, шайлоочулар добуш бере алган эмес жана добуш берүү 18-ноябрга жылдырылган.

17-ноябрда Кыргызстанда 33 шаарда, анын ичинде Бишкек, Ош шаарларында жана 231 айылдык кеңештерде шайлоо өттү. Жалпы 33 шаардык кеңештеги миңдей мандат үчүн 5 миңдей талапкер, 231 айылдык кеңештеги 5 миңден ашуун мандат үчүн 10 миңдей адам ат салышты.

Алдын ала эсеп боюнча Бишкекте биринчи болуп келген “Жаңы күч” партиясы 36 095 (29,37) добуш алды. Андан кийин “Эмгек” партиясына 26 938 адам, же болбосо шайлоочулардын 21% добуш берди.

Борбор калаадагы үчтүктү 18 556 (15,10%) добушу менен “Адилет” партиясы жыйынтыктайт. Төртүнчү болуп келген “Ынтымак” партиясына 17 236 шаар тургуну добуш берген. Акыркылардын болуп босого чектен өткөн “Эл үмүтү” 13 588 (10,06%) добуш алган.

Бишкек шаардык кеңешиндеги депутаттык мандаттар дал ушул партиялардын арасында бөлүнөт. Ал эми “Улуу Журт” партиясы 1 645 добуш алып, шаардык кеңешке өтпөй калды. (BTo/KS)

Шерине

XS
SM
MD
LG