Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:08

Сумыда Орусиянын чабуулунан 11 адам каза таап, 89 киши жараат алды


Орусиянын Сумыга жасаган соккусунун кесепети. 17-ноябрь, 2024-жыл.
Орусиянын Сумыга жасаган соккусунун кесепети. 17-ноябрь, 2024-жыл.

Украинанын Сумы облусунда 17-ноябрда Орусиянын аба соккусунан 11 адам мүрт кетип, дагы 89 киши жараат алды. Бул тууралуу облустук аскердик администрациясы билдирди.

Маалыматка караганда, калк жыш жайгашкан аймакка тийген ракетадан каза болгондордун арасында 9 жана 14 жаштагы өспүрүмдөр бар. Облустук аскер администрациясынын башчысы Владимир Артюх турак жайлар жабыркаганын кошумчалады.

“Куткаруучулар, ыктыярчылар, милиция кызматкерлери иштеп жатышат. Жабыркаган үйлөрдөн 400дөн ашуун адам эвакуация болууда”, - деди ал.

Орусиянын аскерлери 2022-жылы Украинага каршы согуш ачкандан бери курал-жарактын көптөгөн түрлөрүнөн – согуштук дрон, ракета, башкарылуучу авиабомба, жапырт аткылоочу реактивдүү система менен чабуул коюп келе жатат.

Украинанын жайкын тургундары каза болуп, социалдык жана жарандык инфраструктурасы кыйрап жатканы тууралуу айыптоолорун орус бийлиги четке кагып келет. Киев жана эл аралык укук коргоо уюмдары Орусиянын соккуларын атайын жасалып жаткан согуш кылмышы деп баалайт. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG