Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:38

Мигранттын баласынын өлүмү чуу салды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Калининградда мигрант келиндин баласынын өлүмүнө себепкер болду деп айыпталып жаткан доктур Елена Белая үй камагына чыгарылды.

Ноябрдын башында Калининграддагы №4 төрөтканада өзбекстандык мигрант келиндин жаңы төрөлгөн ымыркайы чарчап калган.

Учурда мигранттын баласынан "баасы кымбат дарыны аяшкан" деп айыпталган төрөткананын дарыгерлери сурак беришүүдө.

Калининград облусунун Тергөө башкармалыгы "ай-күнүнө жетпей төрөлгөн ымыркайга баасы 18-20 миң рублдин тегерегиндеги “Куросурф” препаратын сайбаш керек экенин төрөткананын башкы дарыгери Елена Белая айткан" деп айыптоодо.

Тергөө комитетинин облустук башкармалыгынын өкүлү Наталья Гацко тергөөдө төрөткананын башчысы ымыркайды аман сактап калууга аракеттенбестен, анын жашап кетишине каршылык көрсөткөнү аныкталып жатканын айтып берди:

- Биринчиден, ал төрөтканадагы кызматкерлерге баланын жашап кетпеши үчүн бардык чара көрүүнү буйруган. Экинчиден, ал төрөт тарыхын оңдоп чыгууну талап кылган. Документте “бала өлүк төрөлгөн” деп катташкан. Башында ымыркайга "Куросурф" дарысы берилген-берилбегени тууралуу суроо коюлган эмес. Бала 700 грамм салмакта төрөлүп, дем алдыруу аппаратына кошулган. Акырында ага "Куросурф" деле сайышкан. Бирок баланын өмүрүн сактап калышкан эмес.

Тергөөнүн маалыматы боюнча өзбекстандык келин төрөтканага 5-ноябрдын түнүндө оор абалда түшкөн. Эртеси ай-күнүнө жетпей төрөлгөн эркек бала өз алдынча дем ала албай, аппаратка туташтырылган. Кийин айрым адистер "ымыркайга "Куросурф" дарысы өз маалында берилсе, бала жашап кетмек" деген бүтүм чыгарышкан.

Ал эми дарыгер Елена Белая тергөөдө кызматкерлерине баланы дарылабаш керек экенин “препараттын кымбаттыгынан” улам буйруганын айткан. Буга кошумча ал "отчетту бузбаш үчүн "бала өлүк төрөлгөн" деп жазууну" тапшырганы да айтылууда.

№4 төрөткананын бир кызматкери башкы дарыгердин буйругуна карабай "Куросурф" дарысын балага бергенин «Азаттыктын» өзбек кызматына билдирген. Бирок анда баланын өмүрүн сактап калууга кеч болуп калган.

Калининграддагы төрөтканада ымыркайдын өлүмү коомчулуктун айыптоосун жараткан соң Саламаттык сактоо министрлигинин аймактык бөлүмү ооруканада "Куросурф" препараты жетиштүү болгонун айтып чыккан.

“№4 төрөтканада "Куросурф" жетиштүү болгон. "Дарыгерлер жаңы төрөлгөн балдардын дем алуу ооруларында жардам берип, өлүмүн кыскарткан дарыны үнөмдөшкөн" деген маалымат чындыкка дал келбейт”, деп билдирген аймактык өкмөттүн басма сөз башчысы Дмитрий Лысков журналисттерге.

Тергөөчүлөр чарчап калган ымыркайдын энесинин аты-жөнүн жашыруун калтырууда. Мигрант келин Орусияга бир жыл мурун Өзбестандан иштегени келген, кош бойлуу маалында ооруканага каттоого турган эмес, медициналык камсыздандыруу полиси да жок болчу.

Тергөө комитетинин облустук башкармалыгынын өкүлү Наталья Гацко бул шарттарга карабай дерыгерлер баланын өмүрүн сактап калууга акырына чейин аракеттенүүгө милдеттүү болчу деп эсептейт.

- Жабырлануучу аял Орусиянын аймагында мыйзамдуу жүргөн, - деди Наталья Гацко. - Дарыгерлер аялда камсыздандыруу полисинин бар-жогуна карабай жардам көрсөтүшү керек болчу. Биз билебиз, медицина кызматкерлери сот төрөткананын башчысын камакка алганын сындап жатат. Прокуратура да каршы чыккан. Биз бир гана тергөөнүн материалдарына таянып, ушундай чечимге келгенбиз, сот бизди колдоду.

14-ноябрда №4 төрөтканада 17 жылдан бери иштеп келген 41 жаштагы Елена Белая камакка алынган. Ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 286-беренеси ("Кызмат даражасын оор кесепеттерге алып келгидей колдонуу") менен кылмыш иши козголгон.

Алгач Калининград облусунун Дарыгерлер кеңеши, андан соң Орусиянын Улуттук медициналык палатасы жана аны жетектеген педиатр, хирург Леонид Рошаль Белаяга болушуп, аны камакка алынышын сынга алышууда. Дарыгерлер ымыркайдын өлүмүн Беляеванын чечими менен байланыштырышпайт. Алар тергөө менен соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыктарын күтүүгө чакырып жатышат.

16-ноябрда Калининграддагы Борбордук сот Белаяны 14-январга чейин камакка алган. 22-ноябрда соттун чечими кайрадан каралып, Беляева үй камагына чыгарылды.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG