Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:49

Ливия: Улуттук өткөөл кеңеш Триполиге көчүүдө


Бул аял Триполинин аянтындгы жума намаз учурунда жеңиштин белгисин көрсөтүүдө. 2-сентябрь.
Бул аял Триполинин аянтындгы жума намаз учурунда жеңиштин белгисин көрсөтүүдө. 2-сентябрь.

Парижде чогулган 60 өлкөнүн лидерлери Ливиянын Улуттук өткөөл кеңешине тоңдурулган эсептерден каражат бөлөт.

Бул арада Улуттук өткөөл кеңеш Ливия борборуна келерки аптада көчөрү жөнүндө анын төрагасы Мустафа Абдел Жалил билдирди:

Мустафа Абдел Жалил
- Кудайдын жардамы менен биз келерки аптада Триполиге көчөбүз. Дүйнөнүн ар кайсы өлкөсүнөн журналисттерди кабыл алып, биздин даңктуу жеңишке ири салым кошкон Бенгазинин жашоочулары, козголоңчулары жана Бенгазинин боштондук аянтына ыраазчылык билдирип коштошобуз.

Ушул бейшемби күнү дүйнө лидерлеринин Париждеги жыйынында Улуттук өткөөл кеңешке Ливиянын четте тоңдурулган активдеринин 15 миллиард доллардан көбүн берүү маселеси макулдашылган.

1-сентябрда Франциянын ордо калаасына Улуттар Уюму, Европа шериктештиги жана Африка Биримдиги, Араб Лигасынын 60тай лидерлери чогулуп, Ливиянын Каддафиден кийинки келечегин талкуулай баштаган.

Париждеги жыйынга келген лидерлер, 1-сентябрь.
Париждеги эл аралык жыйында Ливиянын убактылуу өкмөтүнүн жетекчилери мындан ары өлкөнү демократиялык баалуулуктарга негиздеп куруу ниетин билдирди.

Улуттук өткөөл кеңештин төрагасы Мустафа Абдел Жалил жакынкы жарым жылда жаңы конституция кабыл алып, шайлоо өткөрүүгө убада берди. Жыйында сүйлөгөн Британ премьер-министри Дэвид Кэмерон Ливиянын убактылуу бийлиги эл аралык коомчулуктун колдоосуна ээ болгондугун айтты:

- Бүгүн алдыбызда милдеттер турат. Европанын чек арасында кыйраган өлкөнүн турушун карап тура албайбыз. Ал милдеттерди аткарбасак, Араб жазы ачкан жолдор репрессиянын каардуу кышына айланат. Ливиялыктар биздин колдообузга татыктуу.

Париждеги эл аралык жыйындын уюштуруучусу президент Николя Саркози «улуттук кайра жарашуу менен кечиримдин» зарылдыгын баса белгиледи. Ливияда НАТОнун учактары Каддафи толук багынмайынча сокку ура берерин дагы француз президенти ачыктады.

Париж кеңешмесине катышкан 63 өлкөнүн өкүлдөрү ливиялыктарга чет өлкөлөрдө тоңдурулган эсептердеги активдерди кайтарып берүүгө милдеттеме алышты. Улуттар Уюму март айында өз резолюциясы менен АКШ, Британия жана Франциядагы банктарда тоңдурулган эсептерден 6 миллиард чыгарат.

АКШ мамкатчысы Хиллари Клинтон “баскынчы бийлик менен күрөшүү акыр аягына чыга электигин” белиглеп, дүйнөлүк коомчулукту “Ливиянын жаңы жетекчилигин колдоо көрсөтүп, ошол эле маалда бул өлкөдө өткөөл мезгилде мыйзамдуулукту жогору коюп, карапайым калкты коргоо кадамдарына жакындан көз салуу” зарылдыгын айтты:

Хиллари Клинтон париждеги жыйында, 1-сентябрь.
- Улуттар Уюму жетекчилик кылган эл аралык коомчулук ливиялык лидерлер менен карапайым калкка демократияга өтүүнүн тынч жолуна түшүүсүнө жардар берүүсү керек. Зордук-зомбулукту саясий курал катары колдонууну токтотуп, толеранттуулук жана плюрализмди жайылуу керек.

Улуттар Уюмунун баш катчысы Пан ги Мун Ливиянын өткөөл өкмөтү чукул чара көрүүнү талап кылган тармактардын тизмесин түзүп бергендигин, эл аралык коомчулук шайлоого даярдык көрүүдө көмөк көрсөтө тургандыгын билдирди:

- Убакыт күтпөйт. Алдыдагы күндөрдү Улуттар Уюму өз мандатына ылайык чукул чараларды көрөт. Улуттар Уюму Ливияга гуманитардык миссиясын мүмкүн болушунча тезинен жиберет.

НАТО болсо Муаммар Каддафи карапайым ливиялыктарга каршы кармашка даярданып жаткандыгын эскертти. Түндүк альянстын баш катчысы Расмуссен НАТО өз операцияларын акыр аягына чейин уланттарын ачыктады.

Бийликтен кулаган полковник Каддафи сириялык “ал-Рай” сыналгысы тараткан аудио билдирүүсүндө өз санаалаштарын багынбоого чакырды:

Полквник Каддафи.
- Силер уккандын баары жалган. Мылтык, ок менен атышкыла. Ливиялыктардын ар намысын ок сактап калсын. Эгер алар биз менен узак согушка аттанса ага дагы уруксат берели. Биз жерден-жерге, шаардан-шаарга, тоодон-тоого көчүп салгылашып, ливиялыктардын багынбастыгын көрсөтөбүз. Алар биздин куралчан армия менен элди башкара албайт.

Триполиде болсо Ливиянын Улуттук өктөөл кеңешинин кызыл-жашыл-кара тилкелүү желеги желбиреп, жеңишти майрамдагандар дагы бар.
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG