"Азаттык": Георгий мырза, адегенде эле Кыргызстанга Ооганстанды изилдөөчү талдоо борборун негиздөө демилгеси тууралуу суроо бергим келип турат. Мындай демилге эмнеден улам келип чыкты жана Кыргызстандын бул идеясы Борбор Азия өлкөлөрүнөн, жалпы эле Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунан колдоо таба алабы?
Георгий Церетели: Биринчиден, Кыргызстанга диалог курууга аянтча түзүп бергени үчүн ыраазычылык билдирем. Өлкөдө өзгөрүүлөр болуп жаткан чакта ар кандай каталар жана кемчиликтер да орун алышы мүмкүн. Андан эч ким сактана албайт дечи. Бирок ошол кемчиликтерди моюнга алып, эл аралык коомчулук менен кызматташууга ачык болсоң, анда ийгиликке жетишериң анык.
Биз жыйындарда азыркы мезгилдин комплекстүү жана татаал маселелери тууралуу пикир алмашабыз. Негизги темалар - бул биринчиден коопсуздук, чек ара маселелери жана терроризмге каршы күрөш. Эгер биз ушул багыттагы жакшы демилгелерди угуп, билип калсак, сөзсүз түрдө аларды колдоого алабыз.
Биз Кыргызстандын расмий адамдары менен, тышкы иштер министри менен жолуктук. Ошондо ал Кыргызстанда Ооганстанды изилдөө боюнча талдоо борборун ачуу жөнүндө сунуш киргизген. Аны бүгүн жыйын учурунда да кайталады. Эгерде радикализацияга жана терроризмге туруштук берүү, чөлкөмдө тынчтык орнотуу жөнүндө сөз кылсак, бул абдан туура чечим.
Биздин Ассамблея коопсуздук жаатындагы кырдаал боюнча так жана чындыкты чагылдырган маалыматтарга ээ жана кеңири жайылган кызматташтык түйүндөрү бар. Ошондуктан биз талданган маалымат менен камсыз кылып турган өз алдынча тажрыйбалуу эксперттерге муктажбыз. Ооганстанда да өлкөдө тынчтык орнотууга дилгир саясатчылар, саясий күчтөр бар.
Дале: ЕККУ Кыргызстанга керек
Тышкы иштер министрлиги ЕККУга уюмдун Бишкектеги борборунун макамын өзгөртүү жараянын баштоону маалымдаганы боюнча “Азаттык” менен укук коргоочу, Норвегия Хельсинки комитетинин улук кеңешчиси Ивар Дале (Ivar Dale) ой бөлүштү.
Жүргүзүлгөн талдоонун жыйынтыгында биз да, Европа өлкөлөрү да радикалдашуунун алдын алууда, саясий топтор менен иштешүүдө кандай позицияны карманышыбыз керек экендиги тууралуу маалымат алып турмакпыз.
Ошондуктан мындай демилгени биз колдойбуз. Албетте, бул жаңы долбоор болгондуктан кандайдыр уюштуруу же каржы жаатында тактоолор керек болот, бирок жалпысынан биз мындай идеяны колдойбуз.
"Азаттык": Ушул жылды Ташкентте өткөн КМШ өлкөлөрүнүн саммитинде Өзбекстан Ооганстандагы чатакты жөнгө салууда ортомчу боло аларын да билдирген. Ушундай коопсуздук маселелерине келгенде, Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы диалогго сиз кандай баа бересиз? Алар өз ара тил табыша алабы?
Георгий Церетели: Биз акыркы жылдары Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы мамилелер оңолуп баратканын көрүп жатабыз. Бүгүн бизге айрым кызматташтарыбыз келип, Борбор Азия мамлекеттеринин парламенттеринин ортосундагы диалогду илгерилетүү, өркүндөтүү боюнча сунуштарын айтты.
Менимче, азыр өлкөлөрдүн баары эле терроризм жана коопсуздук маселелерине келгенде өзүнүн корголбогонун жана алсыздыгын сезип турат. Анын үстүнө Борбор Азия өлкөлөрү жагымсыз кооптуу иш-аракеттер, кандуу окуялар болуп жаткан чөлкөмдүн дал жанында жайгашкан. Ошондуктан бизге окшогон эл аралык уюмдар сунуш кылган жардамды жана ресурстарды туура пайдаланса, мындан өздөрүнө гана пайда табат.
"Азаттык": Өткөн жылдары Кыргызстан менен ЕККУнун мамилеси кескин сууп кеткенин байкадык эле. Анда Кыргызстан ЕККУнун Оштогу өкүлчүлүгүнүн макамын төмөндөтүп, борбор деген статустан «регионалдык программа» деген статуска өзгөрткөн. Эми эки тараптын ортосундагы мамилелер кайра жылый баштады десек болобу? Оштогу өкүлчүлүктүн макамы кайра мурдагы даражага өзгөртүлөт деп күтсө болобу?
Георгий Церетели: Биз тышкы иштер министри менен бир нече ирет сүйлөштүк. Башында ЕККУнун макамын төмөндөтүү тууралуу чечим чыкканда биз кыжаалат болгонбуз. Бирок акыркы айларда ЕККУ менен Кыргызстандын ортосундагы мамиле жана кызматташтык кыйла оңолду. Эгер келечекте бул чечимди кайра карап чыгуу муктаждыгы жаралса, биз сүйлөшүүлөргө даярбыз.