Дале: ЕККУнун Бишкектеги борборунун макамын төмөндөтүү, албетте, өкүнүчтүү маселе. Менимче, биз мындайды буга чейин Казакстандан көргөнбүз жана ал жерде Европадагы кызматташтык жана коопсуздук уюмунун ишининин эффективдүүлүгү төмөндөгөн.
ЕККУнун Кыргызстанда жакшы борбору бар жана анын адам укуктары боюнча жүрүп жаткан талкууларга объективдүү катышуусу Кыргызстандын өзү үчүн эле абдан маанилүү.
“Азаттык”: ЕККУ өкүлчүлүгүнүн кайсыл бир өлкөдөгү макамын өзгөртүүнүн жол-жобосу кандай? Бул ошол өкмөттүн өзүнүн чечимине эле көз каранды нерсеби же бир нече тараптын, ЕККУ органдарынын макулдугун, жактыруусун талап кылабы?
Дале: Мен мунун укуктук процедураларын так билбейт экем. Бирок Казакстанда бул жараян кыйла эле узакка созулганын билем. Анда бул маселе казак өкмөтүнүн бекем каалоосу болгон. Өзү эл аралык укук коргоо уюмдарынын өлкө ичиндеги таасирин азайтуу ЕККУ аймагындагы бир катар мамлекеттерге мүнөздүү тенденция. Демек, Кыргызстанда алардын бир бөлүгү болуп жаткандай. Кээ бир өлкөлөр бул уюмдардын алар татыктуу болгон урмат-сыйга арзышын жана универсалдуу адам укуктары боюнча өкмөттөрдүкүнөн айырмаланган көз карашта болушун каалашпайт. Мисалы, ЕККУнун Өзбекстандагы ролуна көп чаптырсак, 2005-жылкы Анжиян окуяларынан кийин ал бул өлкөдө такыр эле иштей албай калган. Болгону расмий өкүлчүлүгү гана бар. ЕККУнун Бишкектеги борбору Кыргызстанда буга чейин жакшы иштерди аткарды, бийликтер менен кызматташты. Менимче, акыркы жылдары алар мурдагы жылдарга салыштырмалуу катуураак сөздөрдү кыйла эле аз айтып калган. Бул деле балким кыргыз бийликтери менен ЕККУнун өкүлдөрү ортосундагы кандайдыр бир диалогдун натыйжасы болсо керек.
ЕККУнун борбору бул маселени уюмдун өлкөдөгү ишине чоң тоскоолдук жаратпагыдай кылып иштеп чыга алат деген үмүтүм бар. Менимче, ЕККУ Кыргызстанда абдан маанилүү иш жасап жатат.
“Азаттык”: Эгер ЕККУнун Бишкектеги борборунун макамы Тышкы иштер министрлиги сунуштагандай программалык кеңсенин деңгээлине түшүрүлсө бул практикалык жактан кандай өзгөрүүгө алып келет?
Дале: Мен түшүнгөндөн ЕККУнун борбору азыркы макамы өзгөргөн шартта семинар же конференция өткөрөбү же башка иш кылабы Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинен уруксат алууга туура келип калат. Учурда болсо өз ишмердүүлүгүн кыргыз бийликтерине жөн гана маалымат берип коюу жолу менен жүргүзө берет. Демек, макамдын өзгөрүшү маанилүү эле маселе. Балким, бийликтер алар каалабаган конференцияларды, семинарларды токтотуп салууга мүмкүнчүлүк алат.
“Азаттык”: Кыргыз бийлиги 2010-жылкы июнь окуялары боюнча соттолгон Кадыржан Батыровдун ЕККУнун Варшавадагы жыйынында сүйлөгөнүнө ачууланбадыбы. Кыргыз өкмөтү уюмдун Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн макамын өзгөртүү менен Батыровдун ЕККУнун келерки жылдагы жыйынына катышуусуна же чакырылуусуна тыюу салып койо албайт да, туурабы?
Дале: Ооба, мен деле ошентип ойлойм. ЕККУнун Варшавадагы конференциясына эч ким, анын ичинде Батыров да чакырылган эмес. Болгону ЕККУ уюштурган конференцияга каалоочулардын баары: өкмөт адамдары, оппозициячыл топтогулар, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү, журналисттер бара алышат. Эгер быйылкы жыйынга катталган болсо, келерки жылы деле ошол жол менен каттала алат, жыйында сүйлөөсүнө тоскоолдук жаратуучу эч нерсе жок. Бул ар кандай көз караштар айтылышына мүмкүндүк берген, ачык платформадагы жыйын.
ЕККУнун Варшавадагы конференциясына эч ким, анын ичинде Батыров да чакырылган эмес. Болгону ЕККУ уюштурган конференцияга каалоочулардын баары бара алат.
“Азаттык”: Макамдын өзгөрүшү ЕККУнун Кыргызстандагы программаларынын ишке ашуусуна таасирин тийгизбейби?
Дале: Андай болбойт деп үмүттөнөм. Жогоруда айтканымдай, бул кантип ишке ашырыларынын чоо-жайын билбейм, бирок кыргыз бийликтери жана ЕККУнун борбору бул маселени уюмдун өлкөдөгү ишине чоң тоскоолдук жаратпагыдай кылып иштеп чыга алат деген үмүтүм бар. Менимче, ЕККУ Кыргызстанда абдан маанилүү иш жасап жатат.