Биринчилерден, болуп сөз сүйлөгөн Кыргызстандын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев күн санап өрчүп жаткан терроризм коркунучуна туруштук берүү үчүн превентивдүү (алдын ала турган) дипломатияга көңүл буруу зарыл экенин белгиледи.
Ал айрыкча Ооганстандын таасирине көңүл бурулушу керектигин айтып, бул өлкөнү изилдеген аналитикалык борборду Бишкекте ачуу демилгесин көтөрдү:
- Бул контекстте биздин өлкөнүн Бишкекте Ооганстанды изилдөө борборун ачуу демилгеси өзүнүн актуалдуулугун жоготкон жок. Бул жергиликтүү жана эл аралык көз карандысыз эксперттердин башын бириктирген академиялык борборго айланмак. Алар биздин чөлкөмдөгү мамлекеттер аралык ишенимди бекемдөөгө чоң салым кошмок, - деди Кыргызстандын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев.
Кыргыз тараптын мындай демилгесин делегаттардын көбү кубаттады. Алардын бири, орусиялык депутат Алексей Кондратев терроризмге каршы күрөшүүдөгү анализ ЖККУнун алкагында дайым эле жүрүп келгенин айтуула.
Ал эми ЕККУнун алкагында түзүлүүчү борбор өзгөчө макамга ээ болмок деген оюн «Азаттыкка» берген маегинде төмөнкүчө түшүндүрдү:
- Кыргызстан, Борбор Азия жана башка КМШда эле узак жылдар бою терроризмге каршы күрөшүүдө эбегейсиз тажрыйба топтой алганын баса белгилеп айта кетүү керек. Дал ошол топтолгон тажрыйбаны жана аракеттерди бириктирип, координациялоо бүгүнкү күндүн эң орчундуу маселеси. Биз бүгүн террористтик коркунуч жөнүндө сөз кылганда, террорчуларга колдоо көрсөткөн конкреттүү ысымдарды жана тараптарды ачык айтышыбыз керек.
Кыргызстан менен ЕККУнун мамилелери мурдагы жылы кескин сууп кеткен. Ага 2016-жылы уюмдун Варшавадагы жыйынында кыргыз бийлигин сындаган Кадыржан Батыровдун билдирүүсү себеп болгон.
2017-жылдын 1-майынан тарта ЕККУнун Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн макамы өзгөртүлүп, программалык кеңсе катары ишмердик жүргүзө баштаган.
Айрым эксперттердин баамында, Кыргызстандын ЕККУнун Парламенттик Ассамблеясынын жыйынын өткөрүп жатканы чыңалууну жойгонго салым кошот.
Парламенттик Ассамблеянын президенти Георгий Церетели да ушундай пикирде экенин «Азаттыкка» берген маегинде билдирди.
- Биз тышкы иштер министри менен бир нече ирет сүйлөштүк. Башында ЕККУнун макамын төмөндөтүү тууралуу чечим чыкканда, кыжаалат болгонбуз. Бирок акыркы айларда ЕККУ менен Кыргызстандын ортосундагы мамиле жана кызматташтык кыйла жакшырды. Эгер келечекте бул чечимди кайра карап чыгуу муктаждыгы жаралса, биз сүйлөшүүлөргө даярбыз, - деген ЕККУнун Парламенттик Ассамблеясынын президенти Георгий Церетели Кыргызстандын жогорку деңгээлдеги жетекчилеринин бул жыйынга катышканын жакшы жышаан катары сыпаттады.
Кыргызстанда алгачкы ирет өтүп жаткан ири эл аралык жыйынга элүүдөй өлкөдөн 150дөн ашуун делегат келген. Алардын көпчүлүгү баяндамаларында дүйнөдөгү терроризм коркунучу Жакынкы Чыгыштан акырындап Ооганстанга ооп баратканын айтып, аны алдын алууда Борбор Азия мамлекеттери чоң ролду ойной турганын белгилешти.
"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.